Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 13-майы № 163
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик
жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү
айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөөнүн механизмдерин өркүндөтүү, класстык чендерди ыйгаруу маселелерин укуктук жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 «Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
– 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан улук класстык ченди ыйгарууда формасы жана сыпаттамасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилген тиешелүү күбөлүк берилет.»;
– 15-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында – ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 272-пункт менен толукталсын:
«272. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурда улук класстык ченден ажыратуу жөнүндө буйрук чыгарат:
– улук класстык ченден ажыратуу түрүндө жазаны колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
– улук класстык ченди ыйгаруу үчүн материалдарда анык эмес маалыматтар болгондо.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын улук класстык ченден ажыратуу жөнүндө буйругу чыгарылган учурда ага карата буйрук чыгарылган адамга тапшырылган улук класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк алып коюлууга тийиш.
Алып коюлган улук класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивине өткөрүп берилет.».
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы № 226 «Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иштеп жаткан башчыларын жана алардын орун басарларын, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин ушул Жарлыктын 1-пункту менен бекитилген Жободо каралган бирдей же төмөн турган кызмат орундарына 3 жумуш күндүн ичинде дайындоодо конкурстук жол-жоболорду өткөрүү талап кылынбайт;
– райондук маанидеги шаарлардын иштеп жаткан мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын ушул Жарлыктын 1-пункту менен бекитилген Жободо каралган бирдей же төмөн турган кызмат орундарына 3 жумуш күндүн ичинде дайындоодо конкурстук жол-жоболорду өткөрүү талап кылынбайт;
– шаарлардын мэрлеринин иштеп жаткан орун басарларын ушул Жарлыктын 1-пункту менен бекитилген Жободо каралган бирдей же төмөн турган кызмат орундарына 3 жумуш күндүн ичинде дайындоодо конкурстук жол-жоболорду өткөрүү талап кылынбайт.».
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 15-майындагы № 35 (3795) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |