Редакцияот 18.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

  I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  XIX СЕССИЯСЫ

  

2026-жылдын 18-марты  № 4

 

Чаек айыл аймагындагы чабандар акысы жана көчүп конуусу боюнча

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чаек айыл аймагындагы чабандардын акысын бекитип берүү жана көчүп-конуу графигин бекитип  берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

1.Чаек айыл аймагы чабандардын мал баккандыгы үчүн  акысы  төмөндөгүдөй бекитилсин:

 -бодого 700 сом, жандыкка 100 сом.

 

2. -Жаздоого көчүү 1-апрелден 10-апрелге чейин, жайлоого көчүү 25-майдан 10-июнга чейин, Мин-Бугуга көчө тургандарга 20-июнга чейин, күздөөгө көчүү оруп жыюу бүткөнгө чейин 20-сентябрдан 1-октябрга чейин, 1-ноябрдан баштап кыштоого көчүүгө уруксаат берилсин;

 - жайыт бөлүмү тарабынан жалаң бодолор менен  чыккан, жандык малды кошо алып чыкпаган чабандарга жайыт билети берилбесин.

 

3. Жогоруда көрсөтүлгөн тарифтерди жана графикти бузган жарандарга;

- айдоого түшкөн малдын ээсине;

- келишим түзбөй, санак жүргүзбөй, жайыт билет албай кеткен малчыларга;

- жайыт акы төлөбөй, чабандарга малын кошпой ээн айдап жиберген мал ээсине;

- жайлоо, кыштоого санак жүргүзбөстөн, санак келишимин түзбөй айдап жиберген жайыт пайдалануучуга;

- жайлоодо журт которбогон чабандарга, жайытты деградацияга алып баргандарга;

бузуулар кодексинин негизинде мыйзам чегинде айыптар салынсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага

А. Муталиев