Редакцияот 18.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

  I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  XIX СЕССИЯСЫ

  

2026-жылдын 18-марты  № 5

 

“Чаек” муниципалдык ишканасындагы сугат суу бөлүмүнүн, жайыт бөлүмүнүн,  тазалыктын тарифтерин бекитип берүү жөнүндө

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-жана 34-беренесине ылайык “Чаек” муниципалдык ишканасындагы сугат суу бөлүмүнүн, жайыт бөлүмүнүн,  тазалыктын тарифтерин бекитип берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

1. “Чаек” муниципалдык ишканасындагы сугат суу бөлүмүнүн, жайыт бөлүмүнүн,   тазалыктын тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:

 - сугат сууга 400 (төрт жүз) сом, 350 (үч жүз элүү) сом суу акысы, 50 (элүү) сом корукчуга;

- жайыт акылары бодо малга 200 (эки жүз) сом, жандыкка 40 (кырк) сом;

-  таштанды чыгаруу үчүн ар бир түтүнгө айына 150 (жүз элүү) сом.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага

А. Муталиев