Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-марты № 08
Кара-Балта шаарынын 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2027–2028-жылдарга карата Кара-Балта шаарынын бюджетинин болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Республикалык бюджеттин 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга карата болжолу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан сунушталган 2026-жылга карата шаардын бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча жалпы суммасы 582 321,4 миң сом өлчөмүндө, 1 тиркемеге ылайык бекитилсин, анын ичинде:
-бюджет – 547 321,4 миң сом;
-атайын эсеп – 35 000,0 миң сом.
2. Кара-Балта шаарынын бюджети боюнча 2027–2028-жылдарга негизги параметрлердин болжолу бекитилсин:
-2027-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол – 653 386,4 миң сом, 2028-жылга – 731 088,4 миң сом, №2 жана №3 тиркемелерге ылайык;
-2027–2028-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин болжолдук параметрлери ар бир тиешелүү мезгилде кабыл алынганда такталууга тийиш.
3. Кара-Балта шаарынын мэриясы үчүн жөнгө салынуучу кирешелерден жана жергиликтүү салыктардан шаардык бюджетке чегерүүлөрдүн төмөнкү нормативдери бекитилсин:
– салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы – 100 %;
– жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти) – 50 %;
– патенттин негизиндеги салык – 100 %
– өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишмердүүлүк үчүн салык – 100 %;
– жер казынасын пайдалануу укугун бергендиги үчүн жыйым – кен чыккан жер боюнча 7 %;
– жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн чегерүүлөр – кен чыккан жер боюнча 20 %.
Шаардын чегинде иш жүргүзгөн чарба субъекттеринен түшкөн бекитилген салыктар 100% өлчөмүндө эсептелет (таштанды чыгаруу үчүн жыйым, үйдүн айланасындагы, короо-жай жана бакча-огород жер тилкесине болгон мүлк салыгы, айыл чарба багытына кирбеген жер салыгы, турак жана турак эмес имараттар же жайлар үчүн мүлк салыгы, кыймылдуу мүлк салыгы), ошондой эле шаардын муниципалдык менчигин башкаруудан түшкөн кирешелер.
4. Шаардык бюджетинин чыгаша бөлүгүн бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча 2026-жылга карата №4 жана №5 тиркемелерге ылайык бекитүү.
5. 2026-жылга карата шаардык бюджеттин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө түшкөн кирешелердин чегинде жүргүзүлсүн, мында биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, Соцфондго чегерүүлөр, стипендиялар, дары-дармектер, тамак-аш, жеңилдиктер) жана коммуналдык кызматтарга артыкчылык берилет.
6. Бюджеттик мекемелерде бош кызмат орундардын пайда болушуна, ошондой эле штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
7. 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыгынын 4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөө менен алектенген кызматкерлердин эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун 4-пунктуна ылайык Кара-Балта шаардык кеңешинин жана Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппаратына, ТКК жана КТК кызматкерлерине кызматтык окладга ай сайын 70% өлчөмүндө кошумча үстөк акы белгиленсин.
8. 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыгынын 4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөө менен алектенген кызматкерлердин эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун 4-пунктуна ылайык төмөнкүлөр белгиленсин:
Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы ММБнын жетекчисине жана кызматкерлерине кызматтык окладга ай сайын 70% өлчөмүндө кошумча үстөк акы, Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы МСБнын жетекчисине жана аппаратына эмгек акысына ай сайын 20,0 миң сом өлчөмүндө кошумча үстөк акы, МСБнын алдындагы «Манас» спорт комплексинин жетекчисине жана кызматкерлерине кызматтык окладга ай сайын 50% өлчөмүндө кошумча үстөк акы жана МСБнын алдындагы В.И. Ленин атындагы шаардык маданият үйүнүн жетекчисине жана кызматкерлерине кызматтык окладга ай сайын 50% өлчөмүндө кошумча үстөк акы.
9. Каражаттарды сарптоо жана чыгаша беренелерин максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.
10. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жана өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу Кара-Балта шаарынын мэри бюджеттик каражаттардын жалпы ассигнованияларынын чегинде чыгымдардын экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосунда бөлүмдүн ичинде каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө (бөлүмдүн ичинде беренелер жана элементтер боюнча сметалык дайындоолорду жылдырууга) укуктуу.
11. 2025-жылы жетишсиз каржыланган чыгымдар 2026-жылга карата каралган тиешелүү бюджеттердин ассигнованияларынын чегинде компенсацияланары белгиленсин.
12. Кара-Балта шаардык Кеңешинин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана тылдагы эмгекчилерге 450,0 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүү бекитилсин.
13. Күндүк тамактануу нормалары төмөндөгүчө белгиленсин:
-Мектепке чейинки балдар мекемелеринде ата-энелердин эсебинен каражылоо – 120 сом;
-Макаренко А.С. атындагы №10 мектеп-гимназиясында шаардык бюджеттен – 163 сом.
14. Мэрдин резервдик фонду 2 000,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана шаар мэрине Кара-Балта шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 10-сентябрындагы №4 токтому менен бекитилген Жөндөмдүн нормаларына ылайык жыл ичинде резервдик фонддон каражаттарды бөлүүгө уруксат берилсин.
15. 2026-жылдын 1-январындагы бюджет боюнча каражаттардын калган суммасы – 83 262,6 миң сом, №6 тиркемеге ылайык багытталсын.
16. 2026-жылдын 1-январындагы бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарындагы калган сумма – 9 987,4 миң сом, №7 тиркемеге ылайык колдонулсун.
17. «Универсал» муниципалдык ишканасынын штаттык саны 157 кызматтык орун катары бекитилсин, №8 тиркемеге ылайык.
18. Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы ММБнын штаттык саны 26 кызматтык орун катары бекитилсин, №9 тиркемеге ылайык.
19. Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы МСБнын штаттык саны 105,5 кызматтык орун катары бекитилсин, анын ичинде: МСБнын жетекчиси жана аппараты – 5 кызматтык орун; «Манас» спорт комплекси – 68,0 кызматтык орун, В.И. Ленин атындагы шаардык маданият үйү – 32,5 кызматтык орун №10 тиркемелерге ылайык.
20. «Универсал» МИсы аркылуу шаарды көрктөндүрүү жана шаардык инфраструктураны учурдагы оңдоого бөлүнгөн жумуштардын тизмеси жана каражаттардын суммасы №11 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Муниципалдык менчикти башкармалыгы (ММБ) аркылуу шаарды көрктөндүрүү, шаардык инфраструктураны учурдагы жана капиталдык оңдоого бөлүнгөн жумуштардын тизмеси жана каражаттардын суммасы №12 тиркемеге ылайык бекитилсин.
22. «Манас» СКнын жана В.И. Ленин атындагы шаардык маданият үйү (МСБнүн курамына кирген) атайын каражаттардан алынган кызмат көрсөтүүлөрдүн кирешесинин 30% кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө, ал эми 70% ушул мекемелерди кармоого пайдаланылсын.
23. «Универсал» МИсы 2026-жылдын 1-июлунан тартып хозрасчет формасына өткөрүлүшүнө байланыштуу, «Универсал» МИне 40 616,0 миң сом өлчөмүндө субсидия бөлүнсүн.
24. МСБ, ММБ жана «Универсал» МИсы шаарды көрктөндүрүү жана шаардык инфраструктура объекттерин капиталдык оңдоо, ошондой эле муниципалдык объекттер үчүн мүлк жана тамак-аш продукциясын сатып алуу иштерин Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын нормаларына так ылайык уюштурушсун.
25. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн күндүзгү борбордун («Золотой Петушок» МЧБ) кызматкерлеринин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 «Педагогикалык жана билим берүү системасынын кээ бир категориядагы кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна ылайык белгиленсин №10 тиркемеге ылайык.
26.Кварталдык комитеттердин төрагаларына ай сайын 6 000 сом өлчөмүндө эмгек акы белгиленсин, бул жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди жүзөгө ашыруу үчүн мэриянын аппаратынын сметасынын негизинде келишимдик негизде төлөнөт.
27. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды Казначейликтин системасынан тышкары колдонууга тыюу салынсын. Белгиленген тартип бузулса, атайын каражаттардын 100% тиешелүү бюджеттин кирешесине алынсын.
28. Кара-Балта шаарынын бюджетин бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар максатсыз пайдаланган каражаттар тиешелүү бюджеттерге кайтарылсын.
29. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
30. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы М.К. Дуйшеналиевге жана Кара-Балта шаарынын мэри А.К. Исаковго жүктөлсүн.
Таркатылсын: иш кагаздарына, Кара – Балта мэриясына, КР ЮМга.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү 1-13 тиркемелери)
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |