Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 28-апрели № 153
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Илим чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими менен жөнгө салынуучу илим чөйрөсүнүн кызматкерлерине бир ставкага 15 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм;».
2. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |