Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын визаларын, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын визаларын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек иши үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) төмөнкүлөрдү тариздөө жана берүү тартибин аныктайт:
- Кыргыз Республикасынын визаларын (мындан ары - визалар);
- Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты (мындан ары - Бирдиктүү уруксат);
- Кыргыз Республикасынын резидент-картасын (мындан ары - резидент-карта).
Визалар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары - ТИМ), Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери (мындан ары - чет өлкөлүк мекемелер), ал эми алар жок болгондо чет мамлекеттердин атайын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү тарабынан таризделет жана берилет.
Бирдиктүү уруксат жана резидент-карта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (мындан ары - ТИМ КД) тарабынан таризделет жана берилет.
2. Терминдер жана аныктамалар.
Ушул Убактылуу жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги терминдер жана аныктамалар колдонулат:
ТИМ органдары - ТИМ КД, Кыргыз Республикасынын аймагында ТИМдин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү (мындан ары - ТИМ ЫУӨ), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарындагы визалык пункттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери;
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилик), анын канцеляриясы (бөлүмдөрү), туруктуу өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси, визалык пункт;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарындагы визалык пункт - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарында визаларды тариздөөнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын ТИМ КД же Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМ ЫУӨ түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - ТИМ ВП);
визалык пункт - чет мамлекеттин аймагында визаларды тариздөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;
визалык анкета - электрондук жана (же) кагаз түрүндө толтурулган визаны тариздөө үчүн арызга анкета;
визалык чаптама - арыз ээсинин жарактуу жол жүрүү документине чапталуучу, ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү визалык бланк;
кирүү/чыгуу визасы - Кыргыз Республикасына кирүү жана кийин анын аймагынан чыгуу үчүн таризделүүчү виза;
чыгуу/кирүү визасы - Кыргыз Республикасынан чыгуу жана кийин Кыргыз Республикасына кирүү үчүн таризделүүчү виза;
чыгуу визасы - ушул Убактылуу жободо каралган учурларда Кыргыз Республикасынан чыгуу үчүн таризделүүчү виза;
визалык колдоо - чакыруучу тараптын өтүнүчү боюнча ТИМ тарабынан таризделүүчү чакыруу;
жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис - жогорку билими, иш тажрыйбасы, кесиптик көндүмдөрү жана конкреттүү иш чөйрөсүндө жетишкендиктери бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
жарактуу документ - инсандыгын ырастоочу документ, анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө ылайык келген, талаптагыдай түрдө таризделген жана ага укуктуу органдар тарабынан бекитилген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөтүүчүгө таандык жана жасалмасы жок;
Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (мындан ары - ТМЭБС) - бул Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдардын жана транспорт каражаттарынын кирүүсүн/чыгуусун, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында визаларды, бирдиктүү уруксатты, резидент-картаны берүүнү, жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды берүүнү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоону эсепке алуу жана контролдоо боюнча маалыматтык система;
арыз ээси - визаны, бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөөгө кайрылган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
чет өлкөлүк адис - иш берүүчү тарабынан тартылган жана эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн өтүнүчтө чакыруучу тарап аныктаган, тиешелүү билими же зарыл квалификациясы бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
чет өлкөлүк жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы тарабынан берилүүчү патенттин, чечимдин же күбөлүктүн негизинде жеке ишкердик ишин жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
чет өлкөлүк кызматкер - Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырган жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис, чет өлкөлүк адис же болбосо чет өлкөлүк жеке ишкер;
чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга квота - Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун абалына жараша аныкталуучу чет өлкөлүк кызматкерлердин санынын чеги;
Бирдиктүү уруксат - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү эмгек визасы, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат жана жумушка уруксат жөнүндө маалыматтарды камтыган жана машинада окулуучу QR-кодду камтыган электрондук документ (формасы ушул Убактылуу жобонун 4-тиркемесинде берилген);
резидент-карта - чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында бир жылга чейинки мөөнөттө убактылуу болуу укугун күбөлөндүрүүчү документ, анда электрондук виза жөнүндө маалыматтар, ал эми эмгек ишин жүзөгө ашырууда ТИМ КД тарабынан таризделүүчү жана берилүүчү эмгек визасы жөнүндө жана иштөөгө электрондук уруксат жөнүндө маалыматтар камтылат;
визаны тариздөө - ТИМ органдарынын жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин Кыргыз Республикасынын визаларын (электрондук визаларды) документтик тариздөө жана берүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттери;
Бирдиктүү уруксатты, резидент-картаны тариздөө - Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны документтик тариздөө жана берүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча ТИМ КДнын иш-аракеттери;
"Электрондук виза" порталы - ал аркылуу электрондук визаларды, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөөгө арыздарды берүү жүзөгө ашырылуучу расмий интернет-сайт;
чакыруучу тарап - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы, чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси, эл аралык уюм жана анын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, ошондой эле чет өлкөлүк кызматкер менен эмгек мамилелерине кирген же чакыруучу тарап катары Бирдиктүү уруксатты жана (же) резидент-картаны тариздөө жөнүндө өтүнгөн жеке же юридикалык жак;
жумушка уруксат - чет өлкөлүк кызматкердин Кыргыз Республикасында эмгек же ишкердик ишин жүзөгө ашырууга укугун ырастоо;
чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат - иш берүүчүнүн чет өлкөлүк кызматкерди тартууга жана пайдаланууга укугун ырастоо;
өз ара түшүнүү принциби - макулдашуулардын негизинде эки мамлекеттин жарандары үчүн визаларды, Бирдиктүү уруксаттарды жана резидент-карталарды тариздөөдө бирдей шарттарды эки тараптуу берүү;
визаны, Бирдиктүү уруксатты, резидент-картаны колдонуу мөөнөтү - визаны, Бирдиктүү уруксатты, резидент-картаны колдонуу мөөнөтү башталган жана аяктаган күн, чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасына кирүүгө/Кыргыз Республикасынан чыгууга укуктуу болгон мезгил аралыгы;
болуу мөөнөтү - чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу күндөрүнүн жол берилген саны;
QR-код - виза, Бирдиктүү уруксат жана (же) резидент-карта жөнүндө маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу, машинада окулуучу оптикалык белги;
электрондук виза - Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга КД тарабынан электрондук тартипте, анын ичинде Интернеттин электрондук тармагы аркылуу берилүүчү, окулуучу атайын коду бар, жарактуу документ менен Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга, Кыргыз Республикасынан чыгууга жана транзиттик өтүүгө уруксат берүүчү, статусу боюнча визага теңештирилген документтик ырастоо;
иштөөгө электрондук уруксат - чакыруучу тараптын чет өлкөлүк жумушчуну тартуу укугун электрондук ырастоо.
3. Электрондук визаны, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөө электрондук арызды (өтүнүч катты) берүү жолу менен "Электрондук виза" порталы аркылуу жүзөгө ашырылат.
4. Визаларды тариздөө боюнча шарттардын айрым өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, анын ичинде өлкөнүн аймагында өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал колдонулган мезгилде аныкталат.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача тартип каралбаса, чет өлкөлүк жарандын, жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасына кирүүсүнө, анын аймагында болуусуна жана Кыргыз Республикасынан чыгуусуна визасы, Бирдиктүү уруксаты жана резидент-картасы бар болгон учурда жарактуу документ боюнча уруксат берилет.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүдө чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ТМЭБС аркылуу жеке идентификациялык номер ыйгарылат.
7. Электрондук визаларды, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны жол-жоболоштурууга арыздарды жана өтүнүчтөрдү кабыл алуу жана кароо ТИМ органдары тарабынан кароонун этаптарын автоматташтырылган башкарууну, эсепке алууну жана контролдоону камсыз кылуучу ТМЭБС аркылуу жүзөгө ашырылат.
8. ТМЭБСке кирүү мүмкүндүгү чектелүү болуп саналат. "Электрондук виза" чакан компонентине кирүү мүмкүндүгү операторлорго алардын функциялык милдеттеринин чегинде берилет. "Электрондук виза" чакан компонентинин оператору арыздарды жана өтүнүчтөрдү техникалык жана баштапкы иштеп чыгууну гана жүзөгө ашырат.
Визаларга, Бирдиктүү уруксатка жана резидент-картага кол коюу жана тариздөөнү жана (же) берүүнү ырастоо укугуна ТИМ органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары ээ. ТИМдин тиешелүү органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын кол тамгаларынын үлгүлөрү жана мөөрлөрүнүн оттисктери милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын миграция, калкты каттоо, Мамлекеттик чек араны кайтаруу, ички иштер жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жөнөтүлөт.
9. Арыздарды жана өтүнүчтөрдү маңызы боюнча кароо, ошондой эле электрондук визаны, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны берүү, баш тартуу же жеткире иштеп чыгууга кайтаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу ушул Убактылуу жободо белгиленген негиздер боюнча дипломатиялык кызмат ордун ээлеген ТИМ КД кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Бирдиктүү уруксат ТИМ тарабынан ТМЭБС чакан компоненти болуп саналган интеграцияланган ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системаны пайдалануу менен "Электрондук виза" порталы аркылуу "бирдиктүү терезе" принциби боюнча таризделет жана чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга жыл сайын белгиленүүчү квоталардын чегинде жүзөгө ашырылат.
11. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында болуу үчүн алгач 60 календардык күнгө чейин кийин колдонуу мөөнөтү узартылган учурда резидент-картаны тариздөө менен Бирдиктүү уруксатты тариздейт.
ТИМ чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга белгиленүүчү квоталардын алкагында Бирдиктүү уруксатты тариздейт.
12. Чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга ар жылдык квотаны бекитүүдө төмөнкү критерийлер эске алынат:
- Кыргыз Республикасына эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында келген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын саны;
- эмгек ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүү зарылдыгы;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук эмгек рыногунда бош орундарды ээлөөгө артыкчылыктуу укугу. Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунда кыйла талап кылынган кесиптер (адистиктер) жөнүндө маалыматтар калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан суралат.
13. ТИМ ТМЭБС маалыматтарынын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алынган маалыматтардын негизинде социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана эмгек рыногунун абалына мониторинг жана талдоо жүргүзөт.
14. Чакыруучу тарап "Электрондук виза" порталында "Жеке кабинетти" пайдаланат, анда визаларды тариздөө үчүн мурда берилген уставдык жана башка документтер, ошондой эле чакыруучу тараптын өтүнүчү боюнча мурда таризделген визалар, бирдиктүү уруксаттар жана резидент-карталар жөнүндө маалыматтар сакталат. "Электрондук виза" порталынын "Жеке кабинети" өтүнмөлөрдү берүү, бирдиктүү уруксаттарды жана резидент-карталарды тариздөө үчүн колдонулат.
15. Визаларды, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-карталарды тариздөө процессине катышкан мамлекеттик органдар жана башка мекемелер Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу боюнча зарыл уюштуруучулук, техникалык жана укуктук чараларды көрүшөт.
2-глава. Кыргыз Республикасынын визалары
§ 1. Кыргыз Республикасынын визаларынын категориялары, типтери жана колдонуу мөөнөттөрү
16. Визалар төмөнкүдөй категорияларга жана типтерге бөлүнөт:
1) Дипломатиялык виза ("Diplomatic visa") - "D" тиби.
Чет өлкөлүк жарандарга - Кыргыз Республикасына кызматтык (расмий) иштер боюнча кирген дипломатиялык паспорттордун ээлерине таризделет:
а) чет мамлекеттердин, өкмөттөрдүн башчыларына, алар менен бирге жүргөн алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле чет өлкөлүк расмий делегациялардын мүчөлөрүнө - 90 күнгө чейинки колдонуу мөөнөтүнө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде;
б) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде дипломатиялык же консулдук кызмат орундарын ээлеген адамдарга, ошондой эле дипломатиялык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланган Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызмат адамдарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, балдарына жана багуусундагы ата-энелерине) - 1 жылдан ашпаган мөөнөткө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде;
в) чет өлкөлүк дипломатиялык курьерлерге - 90 календардык күнгө чейинки колдонуу мөөнөтүнө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде.
Кыргыз Республикасы дипломатиялык паспорттун ээси болуп саналбаган чет өлкөлүк жарандын дипломатиялык статусун тааныган учурда Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык мындай адамга дипломатиялык виза таризделет.
Визаны тариздөө аккредитациялоо мөөнөтүнө же 1 жылга чейин, же өз ара түшүнүү принциптеринде жүргүзүлөт;
2) Кызматтык виза ("Official visa") - "O" тиби.
Чет өлкөлүк жарандарга - Кыргыз Республикасына кызматтык иштер боюнча кирген кызматтык (расмий) паспорттун ээлерине таризделет:
а) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча - 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө;
б) Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин администрациялык-техникалык жана тейлөөчү персоналынын мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, балдарына жана багуусундагы ата-энелерине) 1 жылдан ашпаган мөөнөткө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде;
в) дипломатиялык почтаны ташыган чет өлкөлүк курьерлерге, дипломатиялык паспорту жок болгон учурда - 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде;
г) ТИМде аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн же консулдук мекемелеринин кызматкерлеринин багуусундагы 18 жаштан жогору курактагы балдарга жана ата-энелерге (жубайынын жакын туугандарына) виза үчүн акы төлөгөн шартта паритеттик негизде чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин өтүнүчү боюнча 1 жылга чейинки мөөнөткө.

3) Инвестициялык виза ("Investment visa") - "I" тиби.
Кыргыз Республикасында инвестициялык иш жүргүзгөн жана өндүрүштүк, өнөр жайлык, айыл чарбалык, банктык, энергетикалык, билим берүү, медициналык жана инженердик-курулуш максаттары, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар үчүн арналган акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымын күбөлөндүрүүчү зарыл документтерди берген инвесторго же чет өлкөлүк инвестициялык компаниялардын башчыларына таризделет:
- 5 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө, эгерде арыз ээси өлкөнүн экономикасына 100000000 (он миллион) сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо;
- 10 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө, эгерде арыз ээси өлкөнүн экономикасына 20000000 (жыйырма миллион) сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо;
4) Атайын эмгек визасы ("Special working visa") - "SW1" жана "SW2" типтери.
Тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык эмгек ишин жүзөгө ашыруунун башка тартиби белгиленген арыз ээсине таризделет.
"SW1" тиби - алар берген технологиялык жабдууларды монтаждоо (шеф-монтаждоо), оңдоо үчүн түзүлгөн макулдашууларды (келишимдерди) Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашыруунун алкагында чет өлкөлүк юридикалык жактар тарабынан жиберилген иш сапарда жүргөн кызматкерлер үчүн - 1 жылга чейин узартуу мүмкүндүгү менен 60 календардык күнгө чейинки колдонуу мөөнөтүнө. Виза үчүн төлөм эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ушул Убактылуу жобонун 5-тиркемесине ылайык аныкталат.
"SW2" тиби - тиешелүү мамлекеттик органдын өтүнүчү болгон учурда журналисттер, кабарчылар жана кайрымдуулук фонддорунун кызматкерлери үчүн - 1 жылга чейин узартуу мүмкүндүгү менен 60 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө;
5) Окуу визасы ("Study visa") - "S" тиби.
Окуудан өтүү үчүн - 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет;
6) Айдоочулук виза ("Driver’s visa") - "T" тиби.
Эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына жүк ташуучу автотранспорт менен кирген чет өлкөлүк жарандарга таризделет.
Айдоочулук виза арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагында бир сапар үчүн 30 күндөн ашык эмес болуу шарты менен 6 айга чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде же өз ара түшүнүү принциптеринде башкача белгиленбесе.
7) Туугандар визасы ("Relatives visa") - "RL" тиби.
Жакын туугандарына баруу же үй-бүлөнү бириктирүү үчүн - 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.
Зарыл болгон учурда качкын деп таанылган адамга ырастоочу документтери бар болсо, улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу боюнча 60 календардык күнгө чейинки мөөнөткө чыгуу/кирүү бир жолку Туугандар визасы таризделет;
8) Мекен визасы ("Meken visa") - "M" тиби.
Этностук кыргыздарга, кийин "кайрылман" статусун алуу мүмкүндүгү менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулган адамдарга Кыргыз Республикасына келүү же кайтып келүү үчүн - 1 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.
Зарыл болгон учурда "кайрылман" статусу бар адамга улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча 1 жылга чейинки мөөнөткө чыгуу/кирүү мекен визасы таризделет;
9) Диний виза ("Religion visa") - "R" тиби.
Диний уюмдар менен кызматташуу линиясы боюнча Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген миссионерге дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаты болгон учурда 60 календардык күнгө чейинки мөөнөткө берилет;
10) Чет өлкөлүк адамдын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза ("Foreigners family visa") - "FF" тиби.
"Кызматтык" ("О" тиби), "Инвестициялык" ("I" тиби), "Атайын эмгек" ("SW1", "SW2" типтери), "Туугандар визасы" ("RL" тиби), "Окуу" ("S" тиби) категорияларындагы визалар, "Санариптик көчмөн" "Digital nomad" ("DN" тиби) визасы, ошондой эле Бирдиктүү уруксаттын, резидент-картанын, жашап турууга уруксаттын же болгон жери боюнча каттоонун (Кыргыз Республикасынын аймагында болуунун визасыз режими жайылтылган мамлекеттердин жарандарына карата) же "кайрылман" статусунун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында болгон арыз ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, 18 жашка чейинки балдарына, жашы жете элек балдардын ата-энелерине, ошондой эле майыптыгы бар балдарга жана багуусунда болгон ата-энелерге) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин же жеке ишкердик ишти, ошондой эле пайда алууга байланышкан башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу укугусуз - 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.
Инвестициялык визанын ("I" тиби) негизинде болгон арыз ээсинин үй-бүлө мүчөсүнө чет өлкөлүк адамдын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды албастан инвестициялык визанын ("I" тиби) колдонуу мөөнөтүнө ("FF" тиби) таризделет;
11) Транзиттик виза ("Transit visa") - "TR" тиби.
Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө транзиттик өтүү үчүн - 3 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет;
12) Чыгуу визасы ("Leave visa") - "L" тиби.
а) Кыргыз Республикасынан чыгуу үчүн арыз ээсине мөөнөтү өткөн болуу мезгилин толуктоону эске алуу менен - төмөнкү учурларда 10 күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык виза же визасыз режим менен аныкталган болуу мөөнөтүн жана эрежелерин бузуу;
- визаларды, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөөдөн баш тартуу же жокко чыгаруу;
- убактылуу же туруктуу жашап турууга уруксатты тариздөөдөн, узартуудан баш тартуу же жокко чыгаруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү мекемесинде окууну токтотуу же окуудан чыгаруу, окууну аяктоо;
- инвестициялык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ырасталган инвестициялык ишти токтотуу;
- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан ыктыярдуу чыгып кетүүнү каалаган учурда башпаанек издеген, "кайрылман" статусуна ээ же качкын деп таанылган адамдын кайрылуусу.
Мындай арыз ээлерине карата укук бузуучулар жөнүндө маалыматтар базасы түзүлөт. Маалымат укук бузуучулар жөнүндө маалыматтар базасына ТМЭБС аркылуу тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан киргизилет. Маалыматтар базасына Кыргыз Республикасынын визасын тариздөөдөн баш тартылган арыз ээлери жөнүндө маалымат да киргизилет.
Дипломатиялык же кызматтык категориядагы визанын ээсине өлкөдөн чыгуу үчүн анын колдонуу мөөнөтү аяктаган учурда Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун, дипломатиялык өкүлчүлүктүн, консулдук мекеменин же эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өтүнүчү боюнча акысыз негизде 10 күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө окшош категориядагы (дипломатиялык же кызматтык) виза таризделет.
Чыгуу визасын тариздөө менен бир убакта арыз ээсинин жарактуу визасы болгон учурда ал жокко чыгарылат;
б) акысыз негизде чыгуу визалары төмөнкү учурларда таризделет:
- ыйгарым укуктуу компетенттүү органдын тиешелүү документтеринин негизинде экстрадициялоодо;
- чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды чыгаруу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими болгондо;
13) Шашылыш чыгуу визасы ("Emergency exit visa") - "E" тиби.
Медициналык корутунду жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин өтүнүчү болгондо арыз ээсинин өз алдынча чыгуусуна (орун которуусуна) тоскоол болгон катуу ооруга туш болгон же ден соолугу оор абалда болгон учурда тариздөө үчүн акы албастан - 10 күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет;
14) "Санариптик көчмөн" визасы ("Digital nomad") - "DN" тиби.
Санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга же маалыматтык- коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген "Санариптик көчмөн" "Digital nomad" статусунун ээсине - 1 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет;
15) Ишкердик визасы ("Вusiness visa") - "B" тиби.
Сүйлөшүүлөр, конференциялар жана кеңешмелер сыяктуу ишкердик иш-чараларга, спорттук иш-чараларга катышууну, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын чакыруусу боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууну кошо алганда, пайда алууга, эл аралык уюмдарга байланышпаган максаттарда 90 календардык күнгө чейинки мөөнөткө кыска мөөнөттүү болуу үчүн таризделет. Ишкердик виза Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик же жеке ишкердик ишти, ошондой эле пайда алууга байланышкан кандай болбосун башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга укук бербейт;
16) Туристтик виза ("Тourist visa") - "TS" тиби.
Туризм максатында кыска мөөнөттүү болуу үчүн - 30 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет;
17) Сапар визасы ("Sapar visa") - "J" тиби.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруучу сүйлөшүүлөр, конференциялар жана кеңешмелер сыяктуу ишкердик иш-чараларга, спорттук иш-чараларга катышуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүйөлөштүрүлгөн өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген арыз ээсине - 1 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө, аны узартуу мүмкүнчүлүгү менен таризделет. Сапар визасы Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик же жеке ишкердик ишти, ошондой эле пайда алууга байланышкан кандай болбосун башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга укук бербейт.
§ 2. "Электрондук виза" порталы аркылуу Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби
17. Арыз ээси расмий интернет-сайтта жайгаштырылган "Электрондук виза" порталы аркылуу ТИМ КДга электрондук визаны тариздөөгө арыз берет.
Болуу максаттарына жараша визаны тариздөөгө арызды чакыруучу тарап да бере алат.
18. "Электрондук виза" порталы төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- электрондук виза алуунун шарттары;
- "Электрондук виза" порталы аркылуу электрондук (санариптик) форматта берилүүгө тийиш болгон документтердин тизмеги;
- консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу акча каражаттарынын (мындан ары - каражаттар) өлчөмү;
- каражаттарды төлөө ыкмалары (электрондук банктык төлөм системалары);
- Кыргыз Республикасынын визалык режими жана Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби;
- электрондук виза алууга арыздарды кароонун мөөнөттөрү;
- кабыл алуудан баш тартылган электрондук виза алууга арыздарды кайра кароо тартиби;
- каражаттарды төлөө үчүн банктык реквизиттер;
- электрондук виза боюнча Кыргыз Республикасына кирүү шарттары;
- визаларды тариздөөгө тиешелүү кошумча маалыматтар.
19. Арыз ээси "Электрондук виза" порталында ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык визалык анкетаны толтурат жана ушул Убактылуу жобонун 3-параграфында каралган документтерди ак фондо түстүү фотосүрөттү (адамдын жүзү даана болууга тийиш, бети жана далысынын жогору жагы сүрөткө толук батышы керек, арыз ээси камерага түз кароосу тийиш) тиркөө менен берет.
20. Виза алууга арыз каражаттар төлөнгөндөн кийин ТМЭБС аркылуу ырасталат.
Визалык анкетада каталар табылган же ушул Убактылуу жобонун 2-главасынын 3-параграфында каралган документтер жок болгон учурда, арыз каталарды четтетүү жана (же) жетишпеген документтерди берүү үчүн арыз ээсине кайтарып берилет. Визаны тариздөөгө өтүнмө ал жеткире иштеп чыгууга кайтарылган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде оңдолууга тийиш, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин өтүнмө жокко чыгарылды деп эсептелет.
21. Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда арыз ээсине визаны тариздөөдөн баш тартылат. Визаны тариздөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим арыз ээсине түшүндүрүлбөйт.
§ 3. Визаларды тариздөө үчүн документтерге жалпы талаптар
22. Визалардын категориясына жана тибине жараша визаны тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
1) дипломатиялык виза үчүн ("D" тиби):
- дипломатиялык паспорттун түстүү сканы;
- аккредитациялык картанын түстүү сканы (ТИМ КД же ТИМ ЫУӨ узак мөөнөттүү визаны тариздөө учурунда);
- Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун, дипломатиялык өкүлчүлүктүн, консулдук мекеменин же эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
2) кызматтык виза үчүн ("O" тиби):
- кызматтык паспорттун түстүү сканы;
- аккредитациялык карточканын түстүү сканы (ТИМ КД же ТИМ ЫУӨ узак мөөнөттүү визаны тариздөө учурунда);

3) инвестициялык виза үчүн ("I" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- инвестициялык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арыз ээсинин инвестордун статусуна шайкештигин ырастаган, аталган мамлекеттик органдын жетекчиси кол койгон жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
4) атайын эмгек визасы үчүн ("SW1" жана "SW2" типтери):
а) "SW1" тиби:
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же иш берүүчүнүн уюмдаштыруучу документтеринин, юстиция органдарында каттоо жөнүндө күбөлүктүн түстүү сканын тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
- салык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкаты (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
- инвойстун жана иш сапардык күбөлүктүн түстүү сканы.
Узак мөөнөттүү виза же резидент-карта таризделген учурда ушул пункттун "а" пунктчасында көрсөтүлгөн документтер менен бирге төмөнкүлөр берилет:
- Гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздиги вирусун контролдоо боюнча республикалык борбор тарабынан берилген адамдын иммундук жетишсиздиги вирусуна (АИВ) антителолордун жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
- 086/У формасы боюнча медициналык маалымкат;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси;
б) "SW2" тиби:
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- журналисттер/кабарчылар үчүн аккредитациялоо жөнүндө документ (журналисттер үчүн узак мөөнөттүү виза таризделген учурда).
Волонтердук жана кайрымдуулук иштерин жүргүзүү үчүн:
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- уюштуруу документтеринин, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган кабыл алуучу уюмдун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
- салык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкаты (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
- волонтердук же кайрымдуулук келишиминин скан-версиясы;
- арыз ээсинин кайрымдуулук фондунун кызматкеринин статусуна ылайыктуулугун ырастоочу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу.
Узак мөөнөттүү виза же резидент-карта таризделген учурда ушул пункттун "б" пунктчасында көрсөтүлгөн документтер менен бирге төмөнкүлөр берилет:
- Гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздиги вирусун контролдоо боюнча республикалык борбор тарабынан берилген адамдын иммундук жетишсиздиги вирусуна (АИВ) антителолордун жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
- 086/У формасы боюнча медициналык маалымкат;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси;
5) окуу визасы үчүн ("S" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- уюштуруу документтеринин түстүү сканын, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү тиркөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмунун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
- мамлекеттик аккредитациядан өткөндүгүн ырастаган документ, ошондой эле медициналык билим берүү уюмдары үчүн аккредитациялоону ырастаган тиешелүү документ;
- салык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкаты (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
- окуу мөөнөтүн көрсөтүү менен арыз ээси менен билим берүү уюмунун ортосундагы жеке келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
Резидент-карта таризделген учурда ушул пункттун 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтер менен бирге төмөнкүлөр да берилет:
- Гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздиги вирусун контролдоо боюнча республикалык борбор тарабынан берилген адамдын иммундук жетишсиздиги вирусуна (АИВ) антителолордун жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
- 086/У формасы боюнча медициналык маалымкат;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси;
6) айдоочулук визасы үчүн ("T" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, же өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде арыз ээсинин кызмат ордун жана жүк ташуучу автотранспорт каражатынын маалыматтарын көрсөтүү менен транспорт компаниясынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
- айдоочулук күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү;
- автотранспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашырууга укук берген лицензиянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
7) туугандар визасы үчүн ("RL" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын паспортунун түстүү сканын тиркөө менен өтүнүчү;
- чакыруучу тараптын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашагандыгын ырастаган документтин түстүү сканы;
- никени каттоо жөнүндө күбөлүктүн же арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жараны менен туугандык мамилелерин ырастаган башка документтердин түстүү сканы;
- иштеген жеринен эмгек акысы жөнүндө маалымкаттын же чакыруучу тараптын же арыз ээсинин материалдык абалы жөнүндө башка документтин түстүү сканы;
- жашап турууга уруксат берүү же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө өтүнүчтү кароо тууралуу документтин түстүү сканы (арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында болгон учурда);
- миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү жана качкын деп таанылган адамдын жеке кайрылуусу (чыгуу/кирүү визасы берилген учурда).
Резидент-карта таризделген учурда ушул пункттун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн документтер менен бирге төмөнкүлөр да берилет:
- Гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздиги вирусун контролдоо боюнча республикалык борбор тарабынан берилген адамдын иммундук жетишсиздиги вирусуна (АИВ) антителолордун жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
- 086/У формасы боюнча медициналык маалымкат;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси;
8) "Мекен" визасы үчүн ("M" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- арыз ээсинин өтүнүчү;
- кыргыздардын этностук таандыктыгы жөнүндө ырастоочу документтер же Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулгандыгын ырастоочу документтер (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр, жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөр, архивдик документтер, чет мамлекеттин улуттук паспорттору);
- жашап турууга уруксат берүү же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө өтүнүчтү кароо тууралуу документтин түстүү сканы (арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында болгон учурда);
- "кайрылман" статусу бар адамдардын жеке кайрылуусу (чыгуу/кирүү визасын тариздеген учурда);
9) диний визасы үчүн ("R" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген уруксат болгондо диний уюмдун кайрылуусу;
10) чет өлкөлүк адамдын үй-бүлө мүчөсүнүн визасы үчүн ("FF" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын арызы;
- кабыл алуучу уюмдун өтүнүчү (юридикалык жактар үчүн);
- туугандык мамилени ырастаган документтердин түстүү сканы;
- чакыруучу чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүргөндүгүн ырастоочу документтердин түстүү сканы.
Резидент-карта таризделген учурда ушул пункттун 10-пунктчасында көрсөтүлгөн документтер менен бирге төмөнкүлөр да берилет:
- Гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздиги вирусун контролдоо боюнча республикалык борбор тарабынан берилген адамдын иммундук жетишсиздиги вирусуна (АИВ) антителолордун жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
- 086/У формасы боюнча медициналык маалымкат;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси;
11) транзиттик виза үчүн ("TR" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- үчүнчү өлкөгө бара турган акыркы пунктка чейин жүрүү билетинин түстүү сканы же бара жаткан өлкөнүн визасынын түстүү сканы, же келгенден кийин виза алган учурда үчүнчү өлкөнүн расмий бийликтери тарабынан күбөлөндүрүлгөн уруксаттын (чакыруунун) түстүү сканы;
12) чыгуу визасы үчүн ("L" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү органдын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органынын же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каттары;
- компетенттүү орган тарабынан берилген тиешелүү документ (экстрадициялоо учурунда);
- чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды чыгаруу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими (чыгарылган учурда);
13) шашылыш чыгуу визасы үчүн ("E" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин колу коюлган, арыз ээсинин катуу оорусу бар же болбосо ден соолугунун абалы оор экендиги жөнүндө медициналык корутунду менен ырасталган, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жүйөлүү өтүнүчү;
14) "Санариптик көчмөн" визасы үчүн ("DN" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- уюштуруу документтеринин түстүү сканын, юстиция органдарында каттоо жөнүндө күбөлүктү, салык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкатын тиркөө менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
15) Сапар визасы үчүн ("J" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же болбосо анын милдеттерин аткаруучу адам кол койгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

16) туристтик виза үчүн ("TS" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- кабыл алуучу туристтик уюмдун жазуу жүзүндөгү кайрылуусу же арыз ээсинин жеке кайрылуусу;
- финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын лицензиясы бар оюн-зоок жайынын өтүнүчү (тиешелүү оюн-зоок визасын тариздөөдө);
17) ишкердик визасы үчүн ("B" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- уюштуруу документтеринин жана юстиция органдарында каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн сканын тиркөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (ишкердик максаттар болгон учурда);
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган медициналык мекеменин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу, анда медициналык дарылоодон өткөндүгүн ырастаган документтер тиркелет (медициналык максаттар болгон учурда).
23. Арыз ээлери визаларды чет тилде тариздөө үчүн документтерди берген учурда аларга алардын мамлекеттик же расмий тилге котормолору тиркелет.
Документтерди которгон котормочунун колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса, чет мамлекеттин аймагында түзүлгөн документтер белгиленген тартипте мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен апостилдештирилүүгө же консулдук легалдаштырылууга тийиш.
§ 4. Визаларды тариздөөгө коюлуучу талаптар
24. Кыргыз Республикасынын аймагында, анын ичинде визасыз режим боюнча жүргөн арыз ээсине транзиттик, туристтик жана диний визаларды кошпогондо, алардын болуу максаттарына ылайык келген, ушул Убактылуу жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн визалардын категорияларынын бири таризделет.
25. Кыргыз Республикасынын аймагында төрөлгөн балага мыйзамдуу өкүлдөрдүн арызы боюнча ал туулган күндөн тартып 180 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынан чыгууну талап кылбастан, болуу максаттарына ылайык келген, ушул Убактылуу жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн визалардын категорияларынын бири таризделет.
26. Канча жолу келгендигине жараша визалар төмөнкүдөй бөлүнөт:
- Кыргыз Республикасына бир жолу жана көп жолу келүү жана андан 30 күнгө чейинки мөөнөттө чыгуу үчүн берилүүчү бир жолку жана көп жолку (бир жолку/singlе, көп жолку/multiple);
- Кыргыз Республикасына көп жолу келүү жана андан 30 күндөн ашык чыгуу үчүн берилүүчү көп жолку (көп жолку/мultiple).
27. Визаны тариздөө мөөнөтү ушул Убактылуу жобонун 3-параграфында каралган документтердин толук топтому кабыл алынган күндөн тартып 7ден көп эмес жумуш күндү жана электрондук визалар үчүн - 5тен көп эмес жумуш күндү, ал эми шашылыш тартипте - 2ден көп эмес жумуш күндү түзөт.
Визалык колдоонун колдонуу мөөнөтү кайталап пайдалануу укугусуз аны тариздеген күндөн тартып 30 календардык күндү түзөт, узартылбайт жана визаны тариздеген жери өзгөргөн учурда жаңыланбайт.
28. Визалык анкета, санарип сүрөттөр жана арызга кошумча документтер ТМЭБСте сакталат.
29. ТИМ КД визаларды тариздөөдө берилген документтердин ушул Убактылуу жобонун талаптарына ылайык келишин текшерет. Каталар жана (же) ылайык келбестиктер аныкталган учурда арыз ээсине оңдоолорду киргизүү зарылдыгы жөнүндө электрондук билдирүү жиберилет жана өтүнмө жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарылат.
30. Визаны тариздөөгө өтүнмө ТМЭБС аркылуу 4 жумуш күндүн ичинде улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү орган менен макулдашылууга тийиш. Шашылыш тариф боюнча акы төлөнгөн учурда визаны тариздөөгө өтүнмө улуттук коопсуздук органы менен 1 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө макулдашылат.
Эгерде берилген документтерде айырмачылыктар болсо же алардын аныктыгына шектенүү жаралса, улуттук коопсуздукту коргоо максатында ыйгарым укуктуу улуттук коопсуздук органы арыз ээсин (иш берүүчүнү) чакырууга же болбосо телефондук сүйлөшүүлөр аркылуу виза алуу үчүн өтүнмө берүүнүн деталдарын тактоого укуктуу.
Жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулган чет мамлекеттердин жарандары үчүн, 14 жашка чыга элек адамдар үчүн, ошондой эле арыз ээсинин башка жарактуу документине визаны тариздөөдө визаны тариздөөгө өтүнмөлөр макулдашылбайт.
Текшерүүнүн натыйжасы боюнча улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү орган ТИМ КДга визаны тариздөөгө тоскоолдук кылуучу негиздердин жок экендиги же болбосо визаны тариздөөнүн максатка ылайыксыздыгы жөнүндө электрондук кабарлама жиберет. Улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү орган тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө жооп берилбеген учурда өтүнмө оң макулдашылды деп эсептелет.
ТИМ КД улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү орган менен макулдашуунун жана электрондук визаны тариздөөгө өтүнмөнү кароонун натыйжалары боюнча арыз ээсине баш тартылгандыгы жөнүндө маалымдайт же ушул Убактылуу жобонун 3-тиркемесине ылайык электрондук визаны визалык анкетада көрсөтүлгөн электрондук почтанын дарегине жиберет.
31. Электрондук визаны берүү жөнүндө маалыматтар тышкы миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар үчүн автоматтык түрдө жеткиликтүү болот.
32. Арыз ээси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан расмий өткөрүлгөн эл аралык, экономикалык, илимий, маданий, спорттук иш-чараларга катышкан учурда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүүдө же болбосо Кыргыз Республикасында жашаган (каза болгон) жакын тууганы (ата-энеси, жубайы, балдары, багып алгандары, багып алуучулары, уялаш жана уялаш эмес ага-инилери жана эже-сиңдилери, чоң атасы, чоң энеси, неберелери) катуу ооруп калган же каза болгон учурда жана арыз ээсинин Кыргыз Республикасына келүүсү жөнүндө маселени тез арада чечүү зарыл болгон учурда ТИМ органдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү өтүнүчтөрүнүн, берилген ырастоочу документтердин негизинде жана арыз ээсинин Кыргыз Республикасына кирүүсүнө тоскоолдук кылган негиздер жок болгондо улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү органга милдеттүү түрдө кабарлоо менен 3 жумуш күндүн ичинде визаны тариздейт.
33. Арыз ээси электрондук визаны алгандан кийин зарылдыкка жараша аны кагазга чыгарат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктуна келгенде арыз ээси Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерине виза таризделген жарактуу документин берет. Виза таризделбеген башка жарактуу документин көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө укук бербейт.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери ТМЭБС системасында визанын бар экендигин текшерет.
Арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү шарттарын сактаган учурда, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери ТМЭБС системасында кирүү фактысын каттайт жана жарактуу документине киргендиги жөнүндө белги коюу менен визанын бар экендигин ырастайт.
34. ТИМ КД визаны тариздөөгө өтүнмөнү кароодо берилген документтердин жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү үчүн арыз ээсин же болбосо чакыруучу тарапты чакырууга укуктуу.
35. Кыргыз Республикасынын аймагында болуу учурунда узак мөөнөттүү визаларды тариздөө жөнүндө өтүнүч ушул Убактылуу жобонун 3-параграфында каралган документтерди тиркөө менен визанын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
Визаларды тариздөө жөнүндө өтүнүчтү мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кошпогондо, мурда тиешелүү визаны тариздеген чакыруучу тарап берет.
36. Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмеси (мындан ары - Тизме), ошондой эле визаны тариздөөдөн баш тартылган адамдардын тизмеси улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү орган тарабынан түзүлөт, ТМЭБСте жаңыланат жана электрондук форматта ТИМ КДга берилет.
Тизмеде төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын аты-жөнү (латын транскрипциясы менен);
- туулган датасы;
- жарактуу документинин реквизиттери (болсо);
- жарандыгы.
37. Визаны колдонуу мөөнөтү ТИМ КД же ТИМ ЫУӨ тарабынан кыскартылышы же жоюлушу мүмкүн.
Визанын билдирилген колдонуу мөөнөтүн жана (же) анын кайталанышын кыскартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында конференция, кеңешме, спорттук мелдештерди, сүйлөшүүлөрдү, көргөзмөлөрдү иш жүзүндөгү өткөрүү мөөнөтү;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында окуунун, медициналык же санаториялык-курорттук дарылануудан өтүүнүн узактыгы;
3) арыз ээси же чакыруучу тарап Кыргыз Республикасынын аймагында болуу зарылдыгын жетиштүү негиздей албаса;
4) арыз ээсинин Кыргыз Республикасында болууну пландаган мезгилинде жашоого, ошондой эле жашаган өлкөсүнө кайтып кетүүгө жетиштүү каражаты жок болсо;
5) чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында болуунун белгиленген тартибин бузгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктуу улуттук коопсуздук органынын жүйөлүү өтүнүчү, ошондой эле ыйгарым укуктуу ички иштер органынын жүйөлүү өтүнүчү.
§ 5. Визаларды альтернативдүү (кагаз түрүндө) тариздөө тартиби
38. Чакыруучу тарап ТИМ КДга ушул Убактылуу жобонун 3-параграфында каралган зарыл болгон документтерди тиркөө менен визалык колдоону тариздөөгө жазуу жүзүндөгү өтүнмөнү берет.
Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар үчүн визалык колдоону тариздөө максатында Кыргыз Республикасынын жарандары ушул Убактылуу жобонун 3-параграфында каралган арызды жана документтерди тиркөө менен ТИМ КДга кайрылат.
Чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга визалык колдоо көрсөтүү жөнүндө өтүнүч документтерди тапшырган датадан тартып 7 жумуш күндүн ичинде ТИМ КД тарабынан каралат.
Чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга визалык колдоону же визаларды тариздөөгө өтүнмө улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү орган менен 4 жумуш күндүн ичинде макулдашылат. Улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү орган көрсөтүлгөн мөөнөттө жооп бербеген учурда, өтүнмө оң макулдашылды деп эсептелет.
Жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулган чет мамлекеттердин жарандары, ошондой эле 14 жашка чыга элек адамдар үчүн визаны тариздөөгө өтүнмөлөр макулдашылбайт.
Жарактуу документтин барактары жараксыз болгон/жоголгон/бүтүп калган учурда визаны арыз ээсинин жаңы жарактуу документине визанын калган жарактуу мөөнөтүнө тариздөөгө болот.
Визаны тариздөө "Электрондук виза" порталы аркылуу жол жүрүү документин өзгөртүүнүн себебин көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.
Барактары жараксыз болгон/жоголгон/бүтүп калган документ жөнүндө маалыматтар документти жараксыз деп таануунун себеби жөнүндө тиешелүү белгини коюу менен ТМЭБСтин "Жараксыз документтер" базасына киргизилет.
39. Визалардын категорияларына жараша визалык колдоону тариздөө үчүн ТИМ КДга төмөнкүдөй документтер тапшырылат:
жеке максаттар үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын арызы;
- ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык толтурулган визалык анкета;
- каражаттардын төлөнгөндүгүн ырастоо;
- визанын талап кылынган категориясына ылайык ушул Убактылуу жобонун 3-параграфында каралган башка документтер;
башка максаттар үчүн:
- чакыруучу тараптын өтүнүчү;

- визанын талап кылынган категориясына ылайык ушул Убактылуу жобонун 3-параграфында каралган башка документтер.
40. Визалык колдоо таризделет жана ТИМ КД тарабынан Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине, ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарындагы ТИМ ВПга жиберилет.
Чет мамлекеттердин жарандарына визаларды тариздөө чет өлкөдөгү мекемелер же ТИМ КДнын визалык колдоосунун негизинде Мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарындагы ТИМ ВП тарабынан жүргүзүлөт. Визалык колдоо жок болгон учурда, визаны тариздөө ТИМ КД менен макулдашуудан кийин ТМЭБС аркылуу жүргүзүлөт.
Жөнөкөйлөтүлгөн виза режими колдонулган чет мамлекеттердин жарандарына, ошондой эле 14 жашка чыга элек адамдарга визаларды тариздөө алардын жеке кайрылууларын кароонун натыйжалары боюнча жүргүзүлөт.
Арыз ээсинин объективдүү себептерден (барактардын бүтүшү, бузулушу ж.б.) улам алмаштырылган же жокко чыгарылган эски жол жүрүү документинде жарактуу визасы бар экендиги аныкталса, эл аралык өткөрүү пунктундагы ТИМ ВП тарабынан визаны консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн каражат албастан жана улуттук коопсуздук органы менен кошумча макулдашуусуз жарактуу документке которуу жүргүзүлөт. Визанын мөөнөтү жана категориясы мурда таризделген визанын маалыматтарына дал келүүгө тийиш.
41. Арыз ээси чет өлкөдөгү мекемеге төмөнкүдөй документтерди тапшырат:

- ак фондогу 35x45 мм өлчөмүндөгү түстүү сүрөт;
- каражаттардын төлөнгөндүгү жөнүндө ырастама (төлөнүүгө тийиш болгон учурларда);
- ушул Убактылуу жобонун 2-главасынын 3-параграфында каралган башка документтер (визалык колдоо жок болгон учурда).
42. Арыз ээси Мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарындагы ТИМ ВПга төмөнкүдөй документтерди тапшырат:

- жарактуу документтин көчүрмөсү;
- каражаттардын төлөнгөндүгү жөнүндө ырастама.
43. Документтерди кабыл алууда консулдук кызмат адамы алардын толуктугун жана туура толтурулгандыгын текшерет, аларда баяндалган маалыматтардын аныктыгына шектенүү пайда болгон учурда арыз ээсинен же чакырган тараптан тактайт.
Консулдук кызмат адамы арыз ээсинин визалык тарыхын (виза тариздөөгө тыюу салуу же андан баш тартуу болгондугун) ТМЭБС аркылуу текшерет.
Зарыл болгон учурда консулдук кызмат адамы арыз ээси же чакырган тарап берген маалыматтарды ырастоо үчүн зарыл болгон кошумча документтерди талап кылат.
Ар бир айдын 5ине чейин ар айлык негизде консулдук кызмат адамы ведомстволук буйрук менен белгиленген формага ылайык чет өлкөлүк мекеме тарабынан берилген визалар жөнүндө отчетту жиберет (отчетту ТМЭБС аркылуу түзүү мүмкүн болбогон учурда).
44. Арыз ээси сүрөтү жана жарактуу документинин маалыматтары камтылган жарактуу документинин беттеринин көчүрмөлөрүн жана визаны тариздөө жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн зарыл болгон кошумча документтерди тапшырат. Аталган документтер төмөнкүлөрдү ырастоо максатында талап кылынат:
- визалык анкетада, визалык анкетанын тиркемесинде баяндалган маалыматты;
- Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган визаны тариздөөдөн баш тартуу үчүн негиздердин жоктугун;
- арыз ээсинин Кыргыз Республикасында болуусу жана анын Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсү үчүн чыгымдарды жабуу үчүн зарыл болгон каражаттарды (арыз ээсин кабыл алган жеке же юридикалык жактын анын Кыргыз Республикасында болуусу жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүсү боюнча бардык чыгымдарды төлөгөндүгү жөнүндө кепилдик каты).
45. Визалык анкета арыз ээси тарабынан мамлекеттик/расмий же англис тилинде толтурулат (аты-жөнү, жарактуу документинин маалыматтары латын тамгалары менен толтурулат).
Визалык анкетанын бардык пункттары милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш жана арыз ээсинин өз колу менен ырасталат.
18 жашка чыга элек арыз ээлери ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдүн колу коюлган визалык анкетаны тапшырат.
ТИМ ЫУӨ, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери, Мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктундагы ТИМ ВП тарабынан таризделген визалар жөнүндө маалыматтар ТМЭБС аркылуу бирдиктүү маалыматтар базасына киргизилет.
46. Арыз ээси жарактуу документинин түп нускасын берет, ал төмөнкүдөй критерийлерге жооп берүүгө тийиш:
- визаны тариздөө үчүн арналган бирден кем эмес таза барактын болуусу;
- тийиштүү чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан күбөлөндүрүлбөгөн белгилер, жазуулар, кырып өчүрүүлөр жана оңдоолор болбоого тийиш. Жарактуу документте айрылган, чапталган жана бузулган барактар болбоого тийиш.
47. Визаны жана визалык колдоону тариздөөгө өтүнүч Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жумуш убагында жана күндөрдө кабыл алуунун бекитилген графигине ылайык кабыл алынат.
48. Визаларды тариздөө жөнүндө өтүнүч КДга же ТИМ ЫУӨгө визанын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 5 күндөн кечиктирилбестен берилет.
49. Визаларды тариздөө жөнүндө өтүнүч менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кошпогондо, Кыргыз Республикасына кирген визаны мурда тариздеген чакыруучу тарап кайрыла алат.
50. Визаны тариздөөдөн баш тартылган учурда арыз ээсине же чакыруучу тарапка төлөнгөн каражаттары кайтарылбайт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык жөнөкөйлөтүлгөн виза режими колдонулган чет өлкөлүк жарандарга чыгуу визасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык өткөрүү пунктунда жайгашкан ТИМ ВПда шашылыш тариф боюнча таризделет.
51. Дипломатиялык кызматтын кызматкери төмөнкү учурларда чыгуу визасын берүүдөн баш тартат:
- визаны тариздөө үчүн негиздерди ырастоочу документтер берилбегенде;
- шашылыш тариф толук төлөнбөгөндө;
- ушул Убактылуу жобонун 2-главасынын 3-параграфында каралган документтер берилбегенде.
52. Келген рейстердин жүргүнчүлөрүнө визаларды токтоосуз тариздөөдө кирүү жана чыгуу визаларын тариздөөгө арыздар бир убакта келип түшкөн учурда кирүү визаларын тариздөө биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлөт.
3-глава. Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын эмгек ишин жүргүзүүгө уруксат
§ 1. Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын эмгек ишин жүргүзүүгө уруксатты (мындан ары - Бирдиктүү уруксат) тариздөө тартиби
53. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында башкача каралбаса, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам эмгек ишин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу үчүн Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга белгиленген квоталардын алкагында Бирдиктүү уруксатты тариздейт.
54. Бирдиктүү уруксат 60 күнгө чейинки мөөнөткө берилет. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары болуу үчүн ушул Убактылуу жободо белгиленген тартипте резидент-картаны тариздөөгө милдеттүү. Резидент-картаны тариздөөгө өтүнүч Бирдиктүү уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 10 жумуш күндөн кем эмес убакытта берилет.
55. Визасыз кирүү жана болуу тартиби каралган чет өлкөлүк жарандарга визасыз болуунун белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын визасын эсепке албастан Бирдиктүү уруксат таризделет. Бирдиктүү уруксат ушул Убактылуу жободо каралган документтердин негизинде таризделет.
56. Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө арыз ушул Убактылуу жободо каралган документтердин толук пакети берилген күндөн тартып 7 жумуш күнгө чейин каралат.
57. Иш берүүчү ишин токтоткондо (юридикалык жакты жоюу, жеке ишкердин ишин токтотуу), эмгек келишиминин мөөнөтү аяктаганда же мөөнөтүнөн мурда бузулганда Бирдиктүү уруксат берилген мөөнөтүнө карабастан күчүн жоготот. Бирдиктүү уруксат башка иш берүүчүгө берилбейт. Иш берүүчү тарткан чет өлкөлүк кызматкерлер башка иш берүүчүгө иштөөгө которулбайт. Аталган учурларда чет өлкөлүк кызматкерге Бирдиктүү уруксаттын негизинде 30 күндүн ичинде өлкөдөн өз алдынча ыктыярдуу чыгуу үчүн укук берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин Бирдиктүү уруксат автоматтык түрдө жокко чыгарылууга тийиш.
58. Чакыруучу тарап чет өлкөлүк кызматкердин өз эсебинен Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүсүн камсыз кылууга, ошондой эле тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Бирдиктүү уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө кабарламаны (катты) кызматкер менен эмгек мамилелери токтотулган күндөн тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен, анын ичинде юридикалык жак жоюлган, жеке ишкердин иши токтотулган, эмгек келишиминин мөөнөтү аяктаган же болбосо мөөнөтүнөн мурда бузулган учурларда жиберүүгө милдеттүү.
59. Иш берүүчүгө кабарлабастан жумуш ордун өз эрки менен таштап кеткендигине байланыштуу бул иш берүүчү тарабынан мурда ыйгарым укуктуу ички иштер органына эмгектик милдеттерин аткаруусун токтотуу жөнүндө кабарлама жиберилген чет өлкөлүк кызматкерди ишке кабыл алууга иш берүүчүгө тыюу салынат.
60. Эгерде мындай кызматкер мурдагы иш берүүчүдө жумуш ордун өз эрки менен таштап кетсе жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу ички иштер органына тиешелүү кабарлама (арыз) жиберилсе, башка иш берүүчүлөргө Кыргыз Республикасына мурда келген чет өлкөлүк кызматкерди башка иш берүүчү тарабынан таризделген уруксат берүүчү документтердин негизинде жумушка кабыл алууга тыюу салынат.
61. Чакыруучу тарап чет өлкөлүк кызматкердин өз эсебинен чыгып кетүүсүн камсыз кылуу боюнча милдетин аткарбаган учурда мындай иш берүүчү жөнүндө маалыматтар тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте Ак ниетсиз иш берүүчүлөрдүн реестрине киргизилүүгө тийиш.
62. Чет өлкөлүк кызматкер Кыргыз Республикасынын бир нече уюмдарында эмгек ишин жүргүзгөн учурда чет өлкөлүк кызматкерге ар бир уюм жөнүндө, бирок бир эле учурда үчтөн ашык эмес уюм жөнүндө маалыматтарды камтыган резидент-карта таризделет.
Ошол эле учурда бир уюм чет өлкөлүк кызматкер тарабынан негизги иштеген жери катары аныкталат, ал эми калгандары - экинчи даражадагы эмгек иши катары аныкталат же болбосо экинчи даражадагы ишти жүргүзүү жөнүндө маалыматтарды камтыган белгиленген формадагы документ берилет.
63. Бирдиктүү уруксат тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтында жеткиликтүү болгон "Электрондук виза" порталы аркылуу электрондук өтүнмө берүү аркылуу таризделет. Өтүнмө чакыруучу тарап же Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүргүзүүнү пландаган арыз ээси тарабынан берилет.
64. Өтүнмөнү тариздөө үчүн чакыруучу тарап өтүнмөнү "Электрондук виза" порталындагы "Жеке кабинет" аркылуу түзөт. "Жеке кабинетте" чакыруучу тарап төмөнкүдөй маалыматтарды көрсөтөт:
1) чакыруучу тараптын аталышы (юридикалык жактын же жеке ишкердин ИСНи, катталган дареги, катталган датасы, иштин түрү жана башка маалыматтар);
2) суралган чет өлкөлүк кызматкерлердин саны;
3) чет өлкөлүк кызматкерлер жараны болгон өлкө (жарандыгы жок адамдар үчүн келген өлкөсүн көрсөтүү менен);
4) чет өлкөлүк кызматкерлер тартылган тармак жана иштин түрү;
5) тиешелүү уюмда иштеген жери боюнча акыркы үч ай үчүн кызматкерлер үчүн салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу (социалдык) төгүмдөрүн чегерүү жана (же) төлөө жөнүндө маалыматтар.
65. Эгерде чакыруучу тарап улуттук эмгек рыногундагы кырдаалды эсепке албастан "Жеке кабинет" аркылуу чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга өтүнмөнү берсе, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган "Жеке кабинетти" активдештирүүдөн баш тартат. "Жеке кабинетте" камтылган маалыматтар тиешелүү уюмга чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуунун шарттарынын өзгөрүшүнө жараша актуалдаштырылууга (оңдолууга) тийиш. Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга квотаны чакыруучу тарап ал жактырылган учурдан тартып үч айдын ичинде пайдаланбаган учурда алынган квоталар автоматтык түрдө жокко чыгарылат.
66. Тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
1) Бирдиктүү уруксат:
- чакыруучу тараптын өтүнүчү, анда чет өлкөлүк кызматкерди тартуунун зарылдыгынын себептери, чет өлкөлүк кызматкредин болжолдуу кесиптик иши, жергиликтүү жумушчуну жалдоодон баш тартуу үчүн негиздер, анын эмгек ишин жүргүзүүсүнүн пландалган мөөнөтү көрсөтүлөт;
- Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча кызматкердин жана иш берүүчүнүн милдеттенмелери;
- арыз ээсинин жана чакыруучу тараптын жеке телефон (мобилдик) номерин көрсөтүү, юридикалык жактын расмий дарегин көрсөтүү менен маалыматтар;
- чет өлкөлүк кызматкердин жарактуу документинин түстүү сканери;
- чакыруучу тараптын уюштуруу документтеринин түстүү сканери, анын ичинде:
- юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (юридикалык жактар үчүн);
- арыз берилген күнгө чейин эки ай мурда берилген ТМЭБС аркылуу тиешелүү маалыматты алуу мүмкүн болбогон учурда салык карызынын жана милдеттүү камсыздандыруу (социалдык) төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкаты;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкердикти жүзөгө ашырууга ниеттенген арыз ээсинин жеке кайрылуусу (чет өлкөлүк жеке ишкер үчүн);
- иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашырууга лицензиянын түстүү сканери - лицензиялануучу иш жүргүзүлгөн учурда;
- бардык кызматкерлердин санын, жеке маалыматтарын (фамилиясы, аты, атасынын аты, жарактуу документтин реквизиттери), бош орундары тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен бекитилген штаттык расписание;
- эмгек акынын өлчөмү жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактар үчүн).
2) Бирдиктүү уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин - резидент-картаны тариздөө үчүн чакыруучу тарап (иш берүүчү) ушул Убактылуу жобонун 66-пунктунда каралган документтерден тышкары төмөнкү документтерди берет:
- иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек келишиминин көчүрмөсүн эмгек акынын же сый акынын өлчөмүн (жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис үчүн), эмгек келишиминин колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен;
- арыз ээсинин жеке ишкер катары патентин же болбосо жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү тиркөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкердикти жүзөгө ашырууга ниеттенген жеке кайрылуусу;
- Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө боюнча республикалык борбор тарабынан берилген адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусуна (ВИЧ) антителолордун жоктугу жөнүндө медициналык корутунду, 086/У формасы боюнча медициналык маалымкат;
- эмгек келишиминин шарттарына ылайык эмгек акыны которуу үчүн атайын банк эсебин ачууга макулдук.
Резидент-картаны тариздөөгө өтүнмө берүүдө чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам анын атына катталган телефон номерин жана Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүзүндө жашаган дарегин көрсөтөт. Жашаган дареги өзгөргөн учурда ал бул жөнүндө ТИМге билдирүүгө милдеттүү.
Арыз ээлери тарабынан ушул Убактылуу жободо каралган документтер чет тилде берилген учурда аларга алардын мамлекеттик же расмий тилдеги котормолору тиркелет, мында документтерди которгон котормочунун колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш (эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте апостилдештирилүүгө же алар боюнча мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен консулдук легалдаштыруу жол-жобосу жүзөгө ашырылууга тийиш).
67. Зарыл болгон учурда (берилген документтердин аныктыгына шектенүүлөр же тактоолор пайда болгондо) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган конкреттүү тармакта эмгек ишин жүргүзүү үчүн максаттарды, негиздерди ырастоо үчүн кошумча документтерди сурайт.
68. Иш берүүчү чет өлкөлүк кызматкердин эмгек акысын банк картасына которот.
69. Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө өтүнмө жеткире иштеп чыгууга кайтарылган күндөн тартып 60 күндүн ичинде оңдолот, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин өтүнмө жокко чыгарылды деп эсептелет.
70. Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө өтүнмө улуттук коопсуздук органы менен 6 жумуш күндүн ичинде ТМЭБС аркылуу макулдашылат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча улуттук коопсуздук органы Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө тоскоолдук кылуучу негиздердин жоктугу же Бирдиктүү уруксатты тариздөөнүн максатка ылайыксыздыгы жөнүндө электрондук билдирүү жөнөтөт.
Мөөнөттүү тариф боюнча акы төлөнгөн учурда Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө өтүнмө улуттук коопсуздук органы менен макулдашылат: Бирдиктүү уруксатты тариздөөдө 2 жумуш күнгө чейин - 1 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө, Бирдиктүү уруксатты тариздөөдө 5 жумуш күнгө чейин - 3 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө.
Улуттук коопсуздук органы тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө жооп берилбеген учурда өтүнмө оң макулдашылды деп эсептелет.
Бирдиктүү уруксатты тариздөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим арыз ээлерине түшүндүрүлбөйт. Бирдиктүү уруксатты тариздөөдөн баш тартуу же аны жокко чыгаруу жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
71. Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө өтүнмөнү карап чыгуунун жыйынтыктары өтүнмөнү толтурууда көрсөтүлгөн электрондук почтага келип түшөт.
72. Таризделген Бирдиктүү уруксат жөнүндө маалыматтар ТМЭБС аркылуу ички иштер органына жиберилет.
73. Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга квотаны бөлүштүрүү төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
1) чет өлкөлүк жеке ишкерлерге;
2) жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк ишкерлерге;
3) "Инвестициялык" категориясындагы жарактуу визасы бар адамдарга ("I" тиби).
74. Жогорку квалификациялуу адис деп Кыргыз Республикасында эмгек ишине тартуунун шарттары айына 2500 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө эмгек акы же сый акы алууну болжолдогон чет өлкөлүк адис таанылат.
75. Иш берүүчү жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистердин жана чет өлкөлүк адистердин компетенттүүлүгүн, квалификациясынын деңгээлин баалоону өз алдынча жүзөгө ашырат.
76. Жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистерге бирдиктүү уруксат берилгенден кийин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистин эмгек келишимине ылайык иш берүүчү тарабынан эмгек акысынан же сый акысынан жүргүзүлүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган камсыздандыруу жана салык чегерүүлөрү жөнүндө маалыматтар суралат.
78. Кыргыз Республикасында жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистер төмөнкү учурларда эмгек ишине тартылбайт:
1) үгүттөө же башка диний иштер менен алектенүү үчүн;
2) чекене соода процессинде сатып алуучуларга соодалык тейлөө үчүн.
79. Бирдиктүү уруксат таризделүүгө тийиш эмес же жокко чыгарылат, эгерде чет өлкөлүк кызматкер:
1) Кыргыз Республикасынын калкынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын улуттук коопсуздугуна, коомдук тартипке, ден соолугун коргоого жана адеп-ахлагына коркунуч келтирсе;
2) ушул Убактылуу жободо белгиленген Бирдиктүү уруксатты тариздөө үчүн документтерди берүүдө жалган маалыматтарды берсе;
3) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон болсо, жазасын өтөп чыкканга чейин же жазадан бошотулганга чейин;
4) мүнөзү, оордугу жана мүмкүн болуучу узактыгы башка адамдардын ден соолугуна коркунуч туудурган же саламаттык сактоо мекемелеринин өзгөчө көзөмөлүн талап кылган ден соолугунун бузулушу менен жабыркаса же ооруга чалдыкса;
5) террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болсо;
6) Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана салык мыйзамдарына карама- каршы келген аракеттерди жасаганда, анын ичинде салыктык чегерүүлөрдү 3 же андан ашык ай төлөбөгөндө;
7) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек же жеке ишкердик ишин токтоткондо.
80. Колдонуудагы Бирдиктүү уруксаты бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам чет өлкөлүк жарандарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте Бирдиктүү уруксаттын колдонуу мөөнөтүнө карата турган жери боюнча катталууга тийиш.
§ 2. Эмгек ишин жүзөгө ашыруу тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
81. ТИМ миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү органдын, экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу салык органынын сунуштамасынын негизинде Ак ниетсиз иш берүүчүлөрдүн реестрин (мындан ары - Реестр) түзөт, ал ТИМдин буйругу менен бекитилет.
82. Ресстр эмгек жана миграция мыйзамдарын, эмгек келишиминин шарттарын же кызматкерлердин алдындагы башка милдеттенмелерин бузган юридикалык жана жеке жактардын системага салынган тизмеги болуп саналат.
83. Реестрдин түзүмү юридикалык жактын аталышынан (уюштуруучулардын маалыматтарын кошкондо) же жеке жактын фамилиясынан, атынан, атасынын атынан, ИСНден (чакыруучу тараптын (иш берүүчүнүн) идентификациялык номери), эмгек жана миграция мыйзамдарын бузуудан (мисалы, эмгек акысын төлөбөй коюу, эмгек шарттарын бузуу), салынган санкциялар жана жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтардан турат.
Иш берүүчүнү Реестрге киргизүү үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарды системалуу түрдө бузушу (жылына эки же андан көп жолу);
2) чет өлкөлүк кызматкерлердин жүрүү тартибин жана аларды ишке тартуу эрежелерин бузуулардын саны;
3) эмгекти начарлатуучу шарттарын түзүү;
4) салык органдары тарабынан берилген маалыматтардын негизинде 3 айдан ашык салык төлөөдөн качышы;
5) тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузган башка шарттар;
6) иш берүүчү тарабынан чет өлкөлүк кызматкердин өз каражаттарынын эсебинен кетишин камсыз кылуу боюнча милдетти аткарбоосу.
84. Реестрге киргизилген иш берүүчүлөргө Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөөгө арыз берүү үчүн "Жеке кабинетти" ачуудан баш тартылышы мүмкүн. Иш берүүчү Реестрден бир календардык жыл өткөндөн кийин чыгарылат.
85. Иш берүүчүнүн кызматкер менен эмгектик укук мамилелери токтотулган жана/же иш-аракети токтотулган учурда (юридикалык жакты жоюу, жеке ишкердин иш-аракетин токтотуу) иш берүүчү "Жеке кабинет" аркылуу 3 күндүн ичинде Бирдиктүү уруксатты жокко чыгарууга арызды тариздейт.
86. Жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн статистикалык маалыматтар "Электрондук виза" расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
§ 3. Ички иштер органы тарабынан миграциялык кырдаалга мониторинг жүргүзүү
87. Чет өлкөлүк кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында ички иштер органы санариптик технологиялар аркылуу өлкөдөгү миграциялык кырдаалга электрондук мониторинг жүргүзөт. Электрондук мониторинг жүргүзүүнү пайдалануу чет өлкөлүк кызматкерлердин жана үчүнчү жактардын кат алышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн жашырындуулугуна болгон укуктарын бузбоого тийиш.
88. Электрондук мониторинг жүргүзүүнү колдонуунун натыйжасында алынган маалыматтар чектелген пайдалануудагы маалыматтар болуп саналат. Мындай маалыматты алууга чет өлкөлүк кызматкер, ошондой эле электрондук мониторинг жүргүзүүнү түздөн-түз жүзөгө ашырган ички иштер органынын кызматкери укуктуу.
89. Арыз ээсинен объективдүү себептер боюнча алмаштырылган же жокко чыгарылган, жол жүрүү документине байланган колдонуудагы Бирдиктүү уруксаты табылганда (барактардын бүтүшү, бузулушу ж.б.) ТМЭБС аркылуу Бирдиктүү уруксатты колдонуудагы документке которуу улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү орган менен кошумча макулдашуусуз акысыз негизде жүргүзүлөт. Мында Бирдиктүү уруксаттын колдонуу мөөнөтү жана башка шарттары өзгөрбөйт жана мурда таризделген Бирдиктүү уруксаттын маалыматтарына ылайык келиши керек.
90. Колдонуудагы Бирдиктүү уруксат байланган жол жүрүү документи жоголгон учурда, Бирдиктүү уруксатты жаңы жол жүрүү документине которуу (кайра байланыштыруу) арыз ээсинин арызынын жана ТМЭБСте маалыматтар текшерилгенден кийин, жоголгондугу (кайрылууну каттоо) фактысын ырастаган компетенттүү органдын документинин негизинде ишке ашырылат; Бирдиктүү уруксаттын колдонуу мөөнөтү жана шарттары да өзгөрбөйт.
4-глава. Кыргыз Республикасынын резидент-картасы
§ 1. Кыргыз Республикасынын резидент-картасы жөнүндө жалпы жоболор
91. Резидент-карта Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен аныкталган мөөнөттөн ашык узартууну пландаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга; ошондой эле Бирдиктүү уруксат алган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, Кыргыз Республикасынын аймагына окуу визасы ("S" тибиндеги), атайын эмгек визасы ("SW 1" тибиндеги), туугандар визасы ("RL" тибиндеги), чет өлкөлүк жарандардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза ("FF" тибиндеги) боюнча кирген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга таризделет.
92. Резидент-карта төмөнкүлөргө байланыштуу маалыматтарды камтыйт:
- визага же жүрүүгө укук берген документке жана анын колдонуу мөөнөтүнө;
- жашаган жери боюнча каттоого;
- эмгек акыга (эмгек ишин жүргүзгөн учурда);
- жеке маалыматтарга;
- медициналык көрсөткүчтөргө;
- эмгек ишин жүргүзүүгө уруксаттын болушуна (эмгек ишин жүргүзгөн учурда);
- биометрикалык маалыматтарга.
93. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга резидент-картаны берүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын уюмдарында (менчигинин түрүнө карабастан) эмгек ишин, анын ичинде иштөөгө уруксат албастан жүргүзүү же жеке ишкердик ишин жүргүзүү;
2) Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуусу;
3) жакын туугандары - Кыргыз Республикасынын жарандары менен кайра биригүүсү үчүн;
4) арыз ээсинин - чет өлкөлүк жарандын үй-бүлө мүчөлөрү (жубайы, 18 жашка чейинки балдары, жашы жете элек балдардын ата-энеси, майыптыгы бар балдары жана багуусунда болгон ата-энелери) менен биригүүсү үчүн.
§ 2. Резидент-картаны тариздөөнүн, берүүнүн, баш тартуунун жана жокко чыгаруунун тартиби
94. Арыз чакыруучу тарап же арыз ээси тарабынан ушул Убактылуу жобонун 93-пунктунда каралган негиздер боюнча берилет.
95. Резидент-картаны узартуу үчүн арыз мурда чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам үчүн өтүнүч берген чакыруучу тарап тарабынан берилет.
96. Резидент-картаны тариздөөгө арызды толтурууда арыз ээси чет өлкөлүк жаранда катталган телефон номерин Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүзүндө жашаган дарегин көрсөтөт. Жашаган дареги өзгөргөн учурда резидент-картанын ээси "Жеке кабинетиндеги" маалыматтарга өзгөртүү киргизүү аркылуу ТИМге билдирүүгө милдеттүү.
97. Резидент-картаны берүүнүн милдеттүү шарты болуп банкта атайын эсеп ачууга электрондук формада макулдук берүү саналат.
98. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам эмгек ишин жүргүзгөн учурда иш берүүчү эмгек акыны көрсөтүлгөн эсепке чегерет.
99. Резидент-картаны тариздөө үчүн берилген документтердин тизмеги аны алуу негиздемесине жараша аныкталат:
1) менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын уюмдарында иштөөгө уруксат талап кылынбаган учурда, эмгек мамилелерин тариздебестен эмгек ишин жүргүзүүгө - ушул Убактылуу жобонун 22-пунктунун 4-пунктчасында каралган документтер;
2) Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуу үчүн - ушул Убактылуу жобонун 22-пунктунун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн документтер;
3) жакын туугандары - Кыргыз Республикасынын жарандары менен кошулуу үчүн - ушул Убактылуу жобонун 22-пунктунун 7-пунктчасында каралган документтер;
4) арыз ээсинин - чет өлкөлүк жарандын үй-бүлө мүчөлөрү (жубайы, 18 жашка чейинки балдары, жашы жете элек балдардын ата-энеси, ошондой эле майыптыгы бар балдары жана багуусунда болгон ата-энеси) менен кошулуу үчүн - ушул Убактылуу жобонун 22-пунктунун 10-пунктчасында көрсөтүлгөн документтер.
100. Эмгек ишин жүргүзүү үчүн ушул Убактылуу жобонун 3-главасында белгиленген документтердин тизмеги суралат.
Резидент-картаны тариздөө үчүн арызды кароо мөөнөтү ушул Убактылуу жобонун 64-66-пункттарында каралган документтердин толук пакети берилген күндөн тартып 10 жумуш күндү түзөт.
101. Зарыл болгон учурда (жүктөлгөн документтердин сапатсыздыгы, берилген документтердин аныктыгына шектенүүлөр же түшүндүрмөлөр келип чыкканда) ТИМдин Консулдук департаменти болуу максатын жана негизин ырастоо үчүн кошумча документтерди сурайт.
102. Резидент-картаны тариздетүүгө арыз толуктап иштеп чыгууга кайтарылган күндөн тартып 60 календардык күндүн ичинде арыз ээси тарабынан оңдолууга тийиш, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин арыз жокко чыгарылды деп эсептелет.
103. Резидент-картаны тариздөөгө арыз улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү орган менен 1 жумуш күндүн ичинде ТМЭБС аркылуу макулдашылат.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү орган резидент-картаны тариздөөгө тоскоолдук кылган негиздердин жоктугу же резидент-картаны тариздөөнүн максатка ылайыксыздыгы жөнүндө электрондук кабарлама жөнөтөт. Улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү орган тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө жооп берилбеген учурда, арыз оң макулдашылды деп эсептелет.
104. Резидент-картаны тариздөөгө арызды карап чыгуунун жыйынтыктары арызды толтурууда көрсөтүлгөн электрондук почтага келип түшөт.
Арыз ээлери тарабынан ушул Убактылуу жободо каралган документтер чет тилде берилген учурда аларга алардын мамлекеттик же расмий тилдеги котормолору тиркелет, мында документтерди которгон котормочунун колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш (эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте апостилдештирилүүгө же алар боюнча мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен консулдук легалдаштыруу жол- жобосу жүзөгө ашырылууга тийиш).
105. Резидент-картаны тариздөөдөн баш тартуу жөнүндө чечимдин себептери арыз ээлерине түшүндүрүлбөйт.
106. Резидент-картаны тариздөөдөн баш тартуу же аны жокко чыгаруу жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
107. Ички иштер органынын жана/же улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү органдын чечими менен улуттук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн жүрүү тартиби бузулганда жана/же башка учурларда резидент-картанын мөөнөттөрү кыскартылат.
108. Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө арызды резидент-картанын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 7 жумуш күндөн кечиктирбестен ушул Убактылуу жободо белгиленген тартипте берет.
109. Кыргыз Республикасынын аймагында резидент-картаны узартуу жөнүндө өтүнүч мурда өтүнүч берген тараптын кайрылууларынын негизинде жүзөгө ашырылат.
110. Резидент-карта төмөнкү учурларда таризделбейт же жокко чыгарылууга тийиш:
1) улуттук коопсуздукка, коомдук тартипке, Кыргыз Республикасынын калкынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын ден соолугун сактоого жана адеп-ахлагына коркунуч туудурса;
2) ушул Убактылуу жободо белгиленген резидент-картаны тариздөө үчүн документтерди берүүдө жалган маалыматтарды берсе;
3) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугунун болушу, жазасын өтөп чыкканга чейин же бошотулганга чейин;

5) террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдарга катышса;
6) Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана салык мыйзамдарына каршы келген иш-аракеттерди жасаганда, анын ичинде 3 же андан ашык ай салыктык жана социалдык чегерүүлөрдү төлөөдөн баш тартса;
7) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек же жеке ишкердик ишин токтотсо.
5-глава. Виза, Бирдиктүү уруксат жана резидент-карта үчүн акы төлөө тартиби
§ 1. Визалар, Бирдиктүү уруксат жана резидент-карталар үчүн акы төлөөгө каражаттарды түзүү жана чегерүү тартиби
112. Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана визалык колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн акча каражаттары алынат.
113. Бирдиктүү уруксатты тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын визасынын наркын, кепилдик төгүмүн жана чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга уруксат жана иштөөгө уруксат (электрондук формада) үчүн мамлекеттик алымды камтыган суммалык нарк алынат.
114. Бирдиктүү уруксаттын наркын эсептөө ставкалары жана тартиби ушул Убактылуу жобонун 5-тиркемесине ылайык белгиленет.
115. Бирдиктүү уруксаттын эквиваленттүү наркы визанын наркын, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга уруксат үчүн мамлекеттик алымды, иштөөгө уруксат үчүн мамлекеттик алымды, ошондой эле кепилдик төгүмүн кошуу аркылуу аныкталат.
116. Кыргыз Республикасынын эмгек визасын тариздөө үчүн алынган каражаттар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган тартипте ТИМдин атайын эсебине чегерилет жана атайын эсептерде топтолот.
Иштөөгө уруксат жана чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга уруксат үчүн мамлекеттик алым ушул Убактылуу жобонун 5-тиркемесинде аныкталган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине чегерилет.
Бирдиктүү уруксатты тариздөөдө алынган кепилдик төгүм ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды бирдей каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине чегерилет.
Кепилдик төгүмүнүн каражаттары: чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жеке каражаттары жок болгон учурда же аларды Кыргыз Республикасына чакырган жеке же юридикалык жактарды аныктоо мүмкүн болбогон учурда аталган адамдардын ыктыярдуу-контролдонуучу чыгуусу, чыгарып жиберүү же реадмиссиялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн колдонулат. Көрсөтүлгөн каражаттар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ыктыярдуу-контролдонуучу чыгууга, чыгарып жиберүүгө же реадмиссиялоого тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоо үчүн адистештирилген мекемелерди (борборлорду) курууга, күтүүгө жана материалдык-техникалык камсыз кылууга, ошондой эле реадмиссиялоо жол-жоболорун ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды жабууга жумшалат.
Бир чет өлкөлүк кызматкер үчүн кепилдик төгүмүнүн өлчөмү 50 эсептик көрсөткүчтү түзөт.
Кепилдик төгүмүн чакырган тарап төлөйт.
117. Резидент-карта "Электрондук виза" порталын тейлеген финансылык мекеме (банк) тарабынан чыгарылган, машинада окулуучу QR-кодду камтыган пластик дебеттик картаны билдирет. Резидент-картаны чыгаруу жана тейлөө үчүн акы тейлөөчү банктын тарифтерине ылайык алынат.
Резидент-картаны тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек визасынын наркын, иштөөгө электрондук уруксаттын наркын жана банктык картаны чыгаруу үчүн акы төлөөнү камтыган суммалык нарк алынат.
Резидент-картаны тариздөө үчүн ставкалар ушул Убактылуу жобонун 5-тиркемесине ылайык белгиленет.
§ 2. Визаларды, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-карталарды тариздөө үчүн консулдук кызмат көрсөтүүдө акча каражаттарын кайтарып берүү тартиби
118. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн акча каражаттары төмөнкү учурларда кайтарып берилүүгө тийиш:
а) визаларды тариздөөдө каталарды жоюу жана (же) арызды төмөнкү документтер менен толуктоо үчүн визаны тариздөөгө арыз акыркы кайтарып берилген күндөн тартып 15 жумуш күндөн кечиктирбестен:
- визанын категориясы жаңылыш тандалганда;
- төлөө суммасы туура эмес тандалганда;
- бир эле өтүнмө боюнча акча каражаттарын эки же андан көп жолу эсептен чыгарууга алып келген маалыматтык системанын техникалык үзгүлтүктөрү болгон учурда;
- каталарды жоюу жана (же) арызды ушул Убактылуу жободо каралган документтер менен толуктоо үчүн визаны тариздөөгө арызды кайтарып берүүдө, документтерди берген күндөн тартып мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпаган шартта;
б) Бирдиктүү уруксатты тариздөөдө:

- каталарды жоюу жана (же) өтүнүч катты ушул Убактылуу жободо каралган зарыл болгон документтер менен толуктоо үчүн Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө өтүнүч катты кайтарып берүүдө, документтерди берген күндөн тартып мөөнөтү 60 календардык күндөн ашпаган шартта.
Бирдиктүү уруксатты тариздөө үчүн акча каражаттарын кайтарып берүүдө төлөнгөн мамлекеттик алым, ошондой эле кепилдик төгүмүнүн суммасы да кайтарылууга тийиш;
в) резидент-картаны тариздөөдө:

- каталарды жоюу жана (же) өтүнүч катты ушул Убактылуу жободо каралган зарыл болгон документтер менен толуктоо үчүн резидент-картаны тариздөөгө өтүнүч катты кайтарып берүүдө, документтерди берген күндөн тартып мөөнөтү 60 календардык күндөн ашпаган шартта.
Резидент-карта боюнча акча каражаттарын кайтарып берүүдө иштөөгө электрондук уруксат үчүн төлөнгөн сумма да кайтарылууга тийиш.
119. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн акча каражаттары төмөнкү учурларда кайтарып берилбейт:
а) визаларды тариздөөдө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 токтому менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жобонун 16-пунктунда каралган учурларда;
- эгерде каталарды жоюу жана (же) документтерди толуктоо үчүн кайтарып берилген визаны тариздөөгө арыз аны толуктап иштеп чыгууга кайтарып берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде оңдолбосо, мындай өтүнмө жокко чыгарылды деп эсептелет;
б) Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөөдө:
- эгерде каталарды жоюу жана (же) документтерди толуктоо үчүн кайтарып берилген Бирдиктүү уруксатты жана (же) резидент-картаны тариздөөгө өтүнүч кат аны толуктап иштеп чыгууга кайтарып берилген күндөн тартып 60 календардык күндүн ичинде оңдолбосо, мындай өтүнмө жокко чыгарылды деп эсептелет;
- Бирдиктүү уруксатты жана (же) резидент-картаны берүүдөн баш тартылган учурда, төлөнгөн мамлекеттик алымды, кепилдик төгүмүнүн суммасын, ошондой эле жумушка электрондук уруксат үчүн төлөнгөн сумманы кошпогондо, ушул Убактылуу жободо жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте кайтарып берилүүгө тийиш.
120. Визаларды, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-карталарды тариздөө боюнча консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн акча каражаттары банктык картага же төлөм жүргүзүлгөн алыш-бериш эсебине гана кайтарып берилет.
121. Бирдиктүү уруксатты тариздөө үчүн акча каражаттарын кайтарып берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
а) төлөөчүнүн төмөнкүлөрдү камтыган арызы:
- кайтарып берүү негизи (себеби);
- кайтарып берилүүгө тийиш болгон акча каражаттарынын суммасы;
- төлөм датасы жана анын реквизиттери;
б) кайтарып берилүүчү каражаттарды алуучунун банктык реквизиттери, анын ичинде:
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН) (болсо);
- тейлөөчү банктын аталышы;
- банктык идентификациялык код (БИК);
- алыш-бериш жана (же) карта эсебинин номери;
в) арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүргөн документ:
- Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - паспорттун көчүрмөсү;
- чет өлкөлүк жарандар үчүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен паспорттун көчүрмөсү (зарыл болсо), ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган идентификациялык жеке номерди (ИЖН) ыйгаруу жөнүндө күбөлүк;
г) акынын төлөнгөндүгүн ырастаган документ, анын ичинде электрондук өтүнмөнүн сегиз орундуу номерин көрсөтүү менен төлөгөндүгү жөнүндө чек (квитанция).
Юридикалык жактар тарабынан берилген документтер юридикалык жактын расмий бланктарында (болсо) таризделет. Юридикалык жактын өкүлү аркылуу арыз берилген учурда нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат жана өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү керек.
Юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн да берүүсү керек.
Берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгына жана (же) толуктугуна негиздүү шектенүүлөр пайда болгон учурда ыйгарым укуктуу орган шектенүүнү пайда кылган конкреттүү жагдайларды ырастоо үчүн гана зарыл болгон кошумча документтерди суроого укуктуу.
Текшерүүнүн предметине тиешеси жок документтерди жана маалыматтарды, ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартибинде (техникалык мүмкүнчүлүк болсо) ыйгарым укуктуу орган өз алдынча алууга мүмкүн болгон документтерди жана маалыматтарды талап кылууга жол берилбейт.
122. Визаны тариздөө үчүн акча каражаттарын кайтарып берүү үчүн төмөнкү документтер берилет:
- төмөнкүлөрдү камтыган акча каражаттарын кайтарып берүүгө арыз: арыз ээсинин аты, фамилиясы, атасынын аты (болсо); акча каражаттарын кайтарып берүүнүн негизи (визанын категориясын жаңылыш тандоо, төлөмдү туура эмес тандоо, каталарды жоюу жана (же) документтерди толуктоо үчүн өтүнмөнү кайтарып берүү, бир өтүнмө боюнча акча каражаттарын эки же андан көп жолу эсептен чыгарууга алып келген системанын техникалык бузулушу); электрондук өтүнмөнүн реквизиттери;
- арыз ээсинин (электрондук виза алуучунун) паспортунун көчүрмөсү;
- үчүнчү жак тарабынан төлөнгөн учурда - төлөм жүргүзүлгөн банктык картанын (эсептин) ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
- "Электрондук виза" порталынан электрондук почтага жиберилген чекти (квитанцияны) кошкондо, электрондук өтүнмөнүн сегиз орундуу номерин көрсөтүү менен акынын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
- акча каражаттарын кайтарып берүү үчүн банктык реквизиттер (банктык картанын жана (же) эсептин номери, ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты, банктын аталышы) - арызда көрсөтүлгөн маалыматтар жок болсо.
|
| Кыргыз Республикасынын визаларын, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
Визалык чаптаманын негизги маалыматтары
КР Герби | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ВИЗАСЫ | VISA OF KYRGYZ REPUBLIC |
ВИЗАНЫН КАТЕГОРИЯСЫ/ CATEGORY OF VISA
ВИЗАНЫН ТИБИ/ TYPE OF VISA
БАШТАП/FROM
ЧЕЙИН/TO
ATЫ-ЖӨHҮ/ SURNAME AND NAME
ПАСПОРТТУН №/ PASSPORT NO
КОШУМЧА МААЛЫМАТ/ ADDITIONAL INFORMATION | КИРҮҮЛӨРДҮН САНЫ/ NUMBER OF ENTRIES
КОЛДОНУУ МӨӨНӨТҮ/ VALID
КИРИШ ЧЫГЫШ КИРИШ/ ENTRY EXIT ENTRY
БЕРИЛГЕН ДАТАСЫ/ DATE OF ISSUE
ЧАКЫРУУЧУ ТАРАП/ INVITING PARTY | |
ЖООПТУУ КЫЗМАТ АДАМЫНЫН КОЛУ ЖАНА АТЫ-ЖӨНҮ/ SIGNATURE AND NAME OF OFFICER IN CHARGE | ||
| QR-КОД | |
| IA XXXXXX | |
|
| Кыргыз Республикасынын визаларын, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
Визалык анкета/Визовая анкета/Visa application form
Жарандыгы/Гражданство/Citizenship |
|
Документтин тиби/Тип документа/Type of document: |
|
Визанын категориясы жана тиби/Категория и тип визы/Category and type of visa |
|
Толук аты-жөнү/ФИО/Full name |
|
Туулган датасы/Дата рождения/Date of birth |
|
Документтин №/№ документа/Document No. |
|
Жынысы/Пол/Gender |
|
Туулган жери жана өлкөсү/Место и страна рождения/Place and country of birth |
|
Буга чейин башка жарандык болгондугу/Имелось ли ранее иное гражданство/Have you ever held any other citizenship |
|
Электрондук почтанын дареги/Адрес электронной почты/e-mail |
|
Байланыш телефон номери/Контактный номер телефона/Contact phone number |
|
Чакыруучу тараптын байланыш маалыматтары/Контактные данные приглашающей стороны/Contact details of the inviting party |
|
Кыргыз Республикасында жашай турган дареги/Адрес проживания в Кыргызской Республике/Place of stay in the Kyrgyz Republic |
|
Келүү максаты/Цель визита/Purpose of visit |
|
Кирүү датасы/Дата въезда/Planning date of entry |
|
Чакыруучу тарап боюнча маалымат* |
|
Расмий аталышы/Официальное название/Official name |
|
Лицензиянын №/№ лицензии/License no. |
|
Юридикалык дареги/Юридический адрес/Address |

Төлөм/Payment |
|
Төлөм ыкмасы/Способ оплаты/Туре of payment: |
|
Төлөм статусу/Статус оплаты/Payment status: |
|
Төлөм суммасы/Сумма оплаты/Payment amount: |
|
Төлөмдөн бошотуу үчүн негиз/Основание для освобождения от оплаты/Grounds for exemption from payment: |
|
|
| Кыргыз Республикасынын визаларын, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобого 3-тиркеме |
КР Герби | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ | |
| ||
| MINISTRY OF FOREIGN AFFAIRS OF THE KYRGYZ REPUBLIC | |
| ||
| Электрондук виза - "E-visa" | |
| ||
Сүрөт/Photo |
| Визанын номери/ Visa number: XXXXXXXX |
| ||
|
| QR-код |
| ||
Толук аты-жөнү/Full name: |
| |
Туулган датасы/Date of birth: | XX/XX/XXXX | |
Жарандыгы/Citizenship: |
| |
Жарактуу документтин (паспорттун) номери/Number of travel document (passport): |
| |
Жарактуу документтин (паспорттун) берилген датасы/Date of issue of the travel document (passport): | XX/XX/XXXX | |
Жарактуу документтин (паспорттун) бүткөн датасы/Date of expiry of the travel document (passport): | XX/XX/XXXX | |
Визанын категориясы/Category of visa: |
| |
Визанын тиби/Туре of visa: |
| |
Визанын колдонуу мөөнөтү/Validity of visa: |
| |
Кирүүлөрдүн саны/Number of entries: |
| |
Болуу мөөнөтү/Period of stay: |
| |
Чакыруучу тарап - чакыруучу тараптын телефон номери/Inviting Party - Inviting party's Phone Number |
| |
Берилген датасы/Date of issue: | XX/XX/XXXX | |
|
| Кыргыз Республикасынын визаларын, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобого 4-тиркеме |
Бирдиктүү уруксат
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ MINISTRY OF FOREIGN AFFAIRS OF THE KYRGYZ REPUBLIC |
| ||
| Бирдиктүү уруксат/ Uniform permit |
| ||
|
|
| ||
|
| QR код | ||
Толук аты-жөнү/Full name: |
| |||
Туулган датасы/Date of birth: | XX/XX/XXXX | |||
Жарандыгы/Citizenship: |
| |||
Жарактуу документтин (паспорттун) номери/Number of Travel document (passport): |
| |||
Жарактуу документтин (паспорттун) берилген датасы/Date of issue of the travelling document (passport): | XX/XX/XXXX | |||
Жарактуу документтин (паспорттун) бүткөн датасы/Date of expiry of the travelling document (passport): | XX/XX/XXXX | |||
Бирдиктүү уруксаттын мөөнөтү/Validity of uniform permit: |
| |||
Болуу мөөнөтү/Period of stay: |
| |||
Чакыруучу тарап - чакыруучу тараптын телефон номери/Inviting party - Inviting Party's Phone Number: |
| |||
Чакыруучу тараптын жеке салык номери/Inviting party's individual taxpayer number |
| |||
Иштөөгө уруксат/The right to work |
| |||
Уруксаттын мөөнөтү/The term of permit |
| |||
Берилген датасы/Date of issue: | XX/XX/XXXX | |||
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын визаларын, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын визаларын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек иши үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) төмөнкүлөрдү тариздөө жана берүү тартибин аныктайт:
- Кыргыз Республикасынын визаларын (мындан ары - визалар);
- Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты (мындан ары - Бирдиктүү уруксат);
- Кыргыз Республикасынын резидент-картасын (мындан ары - резидент-карта).
Визалар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары - ТИМ), Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери (мындан ары - чет өлкөлүк мекемелер), ал эми алар жок болгондо чет мамлекеттердин атайын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү тарабынан таризделет жана берилет.
Бирдиктүү уруксат жана резидент-карта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (мындан ары - ТИМ КД) тарабынан таризделет жана берилет.
2. Терминдер жана аныктамалар.
Ушул Убактылуу жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги терминдер жана аныктамалар колдонулат:
ТИМ органдары - ТИМ КД, Кыргыз Республикасынын аймагында ТИМдин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү (мындан ары - ТИМ ЫУӨ), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарындагы визалык пункттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери;
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилик), анын канцеляриясы (бөлүмдөрү), туруктуу өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси, визалык пункт;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарындагы визалык пункт - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарында визаларды тариздөөнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын ТИМ КД же Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМ ЫУӨ түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - ТИМ ВП);
визалык пункт - чет мамлекеттин аймагында визаларды тариздөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;
визалык анкета - электрондук жана (же) кагаз түрүндө толтурулган визаны тариздөө үчүн арызга анкета;
визалык чаптама - арыз ээсинин жарактуу жол жүрүү документине чапталуучу, ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү визалык бланк;
кирүү/чыгуу визасы - Кыргыз Республикасына кирүү жана кийин анын аймагынан чыгуу үчүн таризделүүчү виза;
чыгуу/кирүү визасы - Кыргыз Республикасынан чыгуу жана кийин Кыргыз Республикасына кирүү үчүн таризделүүчү виза;
чыгуу визасы - ушул Убактылуу жободо каралган учурларда Кыргыз Республикасынан чыгуу үчүн таризделүүчү виза;
визалык колдоо - чакыруучу тараптын өтүнүчү боюнча ТИМ тарабынан таризделүүчү чакыруу;
жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис - жогорку билими, иш тажрыйбасы, кесиптик көндүмдөрү жана конкреттүү иш чөйрөсүндө жетишкендиктери бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
жарактуу документ - инсандыгын ырастоочу документ, анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө ылайык келген, талаптагыдай түрдө таризделген жана ага укуктуу органдар тарабынан бекитилген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөтүүчүгө таандык жана жасалмасы жок;
Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (мындан ары - ТМЭБС) - бул Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдардын жана транспорт каражаттарынын кирүүсүн/чыгуусун, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында визаларды, бирдиктүү уруксатты, резидент-картаны берүүнү, жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды берүүнү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоону эсепке алуу жана контролдоо боюнча маалыматтык система;
арыз ээси - визаны, бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөөгө кайрылган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
чет өлкөлүк адис - иш берүүчү тарабынан тартылган жана эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн өтүнүчтө чакыруучу тарап аныктаган, тиешелүү билими же зарыл квалификациясы бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
чет өлкөлүк жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы тарабынан берилүүчү патенттин, чечимдин же күбөлүктүн негизинде жеке ишкердик ишин жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
чет өлкөлүк кызматкер - Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырган жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис, чет өлкөлүк адис же болбосо чет өлкөлүк жеке ишкер;
чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга квота - Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун абалына жараша аныкталуучу чет өлкөлүк кызматкерлердин санынын чеги;
Бирдиктүү уруксат - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү эмгек визасы, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат жана жумушка уруксат жөнүндө маалыматтарды камтыган жана машинада окулуучу QR-кодду камтыган электрондук документ (формасы ушул Убактылуу жобонун 4-тиркемесинде берилген);
резидент-карта - чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында бир жылга чейинки мөөнөттө убактылуу болуу укугун күбөлөндүрүүчү документ, анда электрондук виза жөнүндө маалыматтар, ал эми эмгек ишин жүзөгө ашырууда ТИМ КД тарабынан таризделүүчү жана берилүүчү эмгек визасы жөнүндө жана иштөөгө электрондук уруксат жөнүндө маалыматтар камтылат;
визаны тариздөө - ТИМ органдарынын жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин Кыргыз Республикасынын визаларын (электрондук визаларды) документтик тариздөө жана берүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттери;
Бирдиктүү уруксатты, резидент-картаны тариздөө - Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны документтик тариздөө жана берүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча ТИМ КДнын иш-аракеттери;
"Электрондук виза" порталы - ал аркылуу электрондук визаларды, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөөгө арыздарды берүү жүзөгө ашырылуучу расмий интернет-сайт;
чакыруучу тарап - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы, чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси, эл аралык уюм жана анын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, ошондой эле чет өлкөлүк кызматкер менен эмгек мамилелерине кирген же чакыруучу тарап катары Бирдиктүү уруксатты жана (же) резидент-картаны тариздөө жөнүндө өтүнгөн жеке же юридикалык жак;
жумушка уруксат - чет өлкөлүк кызматкердин Кыргыз Республикасында эмгек же ишкердик ишин жүзөгө ашырууга укугун ырастоо;
чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат - иш берүүчүнүн чет өлкөлүк кызматкерди тартууга жана пайдаланууга укугун ырастоо;
өз ара түшүнүү принциби - макулдашуулардын негизинде эки мамлекеттин жарандары үчүн визаларды, Бирдиктүү уруксаттарды жана резидент-карталарды тариздөөдө бирдей шарттарды эки тараптуу берүү;
визаны, Бирдиктүү уруксатты, резидент-картаны колдонуу мөөнөтү - визаны, Бирдиктүү уруксатты, резидент-картаны колдонуу мөөнөтү башталган жана аяктаган күн, чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасына кирүүгө/Кыргыз Республикасынан чыгууга укуктуу болгон мезгил аралыгы;
болуу мөөнөтү - чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу күндөрүнүн жол берилген саны;
QR-код - виза, Бирдиктүү уруксат жана (же) резидент-карта жөнүндө маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу, машинада окулуучу оптикалык белги;
электрондук виза - Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга КД тарабынан электрондук тартипте, анын ичинде Интернеттин электрондук тармагы аркылуу берилүүчү, окулуучу атайын коду бар, жарактуу документ менен Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга, Кыргыз Республикасынан чыгууга жана транзиттик өтүүгө уруксат берүүчү, статусу боюнча визага теңештирилген документтик ырастоо;
иштөөгө электрондук уруксат - чакыруучу тараптын чет өлкөлүк жумушчуну тартуу укугун электрондук ырастоо.
3. Электрондук визаны, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөө электрондук арызды (өтүнүч катты) берүү жолу менен "Электрондук виза" порталы аркылуу жүзөгө ашырылат.
4. Визаларды тариздөө боюнча шарттардын айрым өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, анын ичинде өлкөнүн аймагында өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал колдонулган мезгилде аныкталат.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача тартип каралбаса, чет өлкөлүк жарандын, жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасына кирүүсүнө, анын аймагында болуусуна жана Кыргыз Республикасынан чыгуусуна визасы, Бирдиктүү уруксаты жана резидент-картасы бар болгон учурда жарактуу документ боюнча уруксат берилет.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүдө чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ТМЭБС аркылуу жеке идентификациялык номер ыйгарылат.
7. Электрондук визаларды, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны жол-жоболоштурууга арыздарды жана өтүнүчтөрдү кабыл алуу жана кароо ТИМ органдары тарабынан кароонун этаптарын автоматташтырылган башкарууну, эсепке алууну жана контролдоону камсыз кылуучу ТМЭБС аркылуу жүзөгө ашырылат.
8. ТМЭБСке кирүү мүмкүндүгү чектелүү болуп саналат. "Электрондук виза" чакан компонентине кирүү мүмкүндүгү операторлорго алардын функциялык милдеттеринин чегинде берилет. "Электрондук виза" чакан компонентинин оператору арыздарды жана өтүнүчтөрдү техникалык жана баштапкы иштеп чыгууну гана жүзөгө ашырат.
Визаларга, Бирдиктүү уруксатка жана резидент-картага кол коюу жана тариздөөнү жана (же) берүүнү ырастоо укугуна ТИМ органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары ээ. ТИМдин тиешелүү органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын кол тамгаларынын үлгүлөрү жана мөөрлөрүнүн оттисктери милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын миграция, калкты каттоо, Мамлекеттик чек араны кайтаруу, ички иштер жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жөнөтүлөт.
9. Арыздарды жана өтүнүчтөрдү маңызы боюнча кароо, ошондой эле электрондук визаны, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны берүү, баш тартуу же жеткире иштеп чыгууга кайтаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу ушул Убактылуу жободо белгиленген негиздер боюнча дипломатиялык кызмат ордун ээлеген ТИМ КД кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Бирдиктүү уруксат ТИМ тарабынан ТМЭБС чакан компоненти болуп саналган интеграцияланган ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системаны пайдалануу менен "Электрондук виза" порталы аркылуу "бирдиктүү терезе" принциби боюнча таризделет жана чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга жыл сайын белгиленүүчү квоталардын чегинде жүзөгө ашырылат.
11. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында болуу үчүн алгач 60 календардык күнгө чейин кийин колдонуу мөөнөтү узартылган учурда резидент-картаны тариздөө менен Бирдиктүү уруксатты тариздейт.
ТИМ чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга белгиленүүчү квоталардын алкагында Бирдиктүү уруксатты тариздейт.
12. Чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга ар жылдык квотаны бекитүүдө төмөнкү критерийлер эске алынат:
- Кыргыз Республикасына эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында келген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын саны;
- эмгек ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүү зарылдыгы;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук эмгек рыногунда бош орундарды ээлөөгө артыкчылыктуу укугу. Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунда кыйла талап кылынган кесиптер (адистиктер) жөнүндө маалыматтар калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан суралат.
13. ТИМ ТМЭБС маалыматтарынын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алынган маалыматтардын негизинде социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана эмгек рыногунун абалына мониторинг жана талдоо жүргүзөт.
14. Чакыруучу тарап "Электрондук виза" порталында "Жеке кабинетти" пайдаланат, анда визаларды тариздөө үчүн мурда берилген уставдык жана башка документтер, ошондой эле чакыруучу тараптын өтүнүчү боюнча мурда таризделген визалар, бирдиктүү уруксаттар жана резидент-карталар жөнүндө маалыматтар сакталат. "Электрондук виза" порталынын "Жеке кабинети" өтүнмөлөрдү берүү, бирдиктүү уруксаттарды жана резидент-карталарды тариздөө үчүн колдонулат.
15. Визаларды, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-карталарды тариздөө процессине катышкан мамлекеттик органдар жана башка мекемелер Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу боюнча зарыл уюштуруучулук, техникалык жана укуктук чараларды көрүшөт.
2-глава. Кыргыз Республикасынын визалары
§ 1. Кыргыз Республикасынын визаларынын категориялары, типтери жана колдонуу мөөнөттөрү
16. Визалар төмөнкүдөй категорияларга жана типтерге бөлүнөт:
1) Дипломатиялык виза ("Diplomatic visa") - "D" тиби.
Чет өлкөлүк жарандарга - Кыргыз Республикасына кызматтык (расмий) иштер боюнча кирген дипломатиялык паспорттордун ээлерине таризделет:
а) чет мамлекеттердин, өкмөттөрдүн башчыларына, алар менен бирге жүргөн алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле чет өлкөлүк расмий делегациялардын мүчөлөрүнө - 90 күнгө чейинки колдонуу мөөнөтүнө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде;
б) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде дипломатиялык же консулдук кызмат орундарын ээлеген адамдарга, ошондой эле дипломатиялык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланган Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызмат адамдарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, балдарына жана багуусундагы ата-энелерине) - 1 жылдан ашпаган мөөнөткө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде;
в) чет өлкөлүк дипломатиялык курьерлерге - 90 календардык күнгө чейинки колдонуу мөөнөтүнө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде.
Кыргыз Республикасы дипломатиялык паспорттун ээси болуп саналбаган чет өлкөлүк жарандын дипломатиялык статусун тааныган учурда Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык мындай адамга дипломатиялык виза таризделет.
Визаны тариздөө аккредитациялоо мөөнөтүнө же 1 жылга чейин, же өз ара түшүнүү принциптеринде жүргүзүлөт;
2) Кызматтык виза ("Official visa") - "O" тиби.
Чет өлкөлүк жарандарга - Кыргыз Республикасына кызматтык иштер боюнча кирген кызматтык (расмий) паспорттун ээлерине таризделет:
а) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча - 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө;
б) Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин администрациялык-техникалык жана тейлөөчү персоналынын мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, балдарына жана багуусундагы ата-энелерине) 1 жылдан ашпаган мөөнөткө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде;
в) дипломатиялык почтаны ташыган чет өлкөлүк курьерлерге, дипломатиялык паспорту жок болгон учурда - 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде;
г) ТИМде аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн же консулдук мекемелеринин кызматкерлеринин багуусундагы 18 жаштан жогору курактагы балдарга жана ата-энелерге (жубайынын жакын туугандарына) виза үчүн акы төлөгөн шартта паритеттик негизде чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин өтүнүчү боюнча 1 жылга чейинки мөөнөткө.
Визаны тариздөө аккредитациялоо мөөнөтүнө же 1 жылга чейин, же өз ара түшүнүү принциптеринде жүргүзүлөт;
3) Инвестициялык виза ("Investment visa") - "I" тиби.
Кыргыз Республикасында инвестициялык иш жүргүзгөн жана өндүрүштүк, өнөр жайлык, айыл чарбалык, банктык, энергетикалык, билим берүү, медициналык жана инженердик-курулуш максаттары, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар үчүн арналган акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымын күбөлөндүрүүчү зарыл документтерди берген инвесторго же чет өлкөлүк инвестициялык компаниялардын башчыларына таризделет:
- 5 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө, эгерде арыз ээси өлкөнүн экономикасына 100000000 (он миллион) сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо;
- 10 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө, эгерде арыз ээси өлкөнүн экономикасына 20000000 (жыйырма миллион) сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо;
4) Атайын эмгек визасы ("Special working visa") - "SW1" жана "SW2" типтери.
Тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык эмгек ишин жүзөгө ашыруунун башка тартиби белгиленген арыз ээсине таризделет.
"SW1" тиби - алар берген технологиялык жабдууларды монтаждоо (шеф-монтаждоо), оңдоо үчүн түзүлгөн макулдашууларды (келишимдерди) Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашыруунун алкагында чет өлкөлүк юридикалык жактар тарабынан жиберилген иш сапарда жүргөн кызматкерлер үчүн - 1 жылга чейин узартуу мүмкүндүгү менен 60 календардык күнгө чейинки колдонуу мөөнөтүнө. Виза үчүн төлөм эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ушул Убактылуу жобонун 5-тиркемесине ылайык аныкталат.
"SW2" тиби - тиешелүү мамлекеттик органдын өтүнүчү болгон учурда журналисттер, кабарчылар жана кайрымдуулук фонддорунун кызматкерлери үчүн - 1 жылга чейин узартуу мүмкүндүгү менен 60 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө;
5) Окуу визасы ("Study visa") - "S" тиби.
Окуудан өтүү үчүн - 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет;
6) Айдоочулук виза ("Driver’s visa") - "T" тиби.
Эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына жүк ташуучу автотранспорт менен кирген чет өлкөлүк жарандарга таризделет.
Айдоочулук виза арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагында бир сапар үчүн 30 күндөн ашык эмес болуу шарты менен 6 айга чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде же өз ара түшүнүү принциптеринде башкача белгиленбесе.
7) Туугандар визасы ("Relatives visa") - "RL" тиби.
Жакын туугандарына баруу же үй-бүлөнү бириктирүү үчүн - 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.
Зарыл болгон учурда качкын деп таанылган адамга ырастоочу документтери бар болсо, улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу боюнча 60 календардык күнгө чейинки мөөнөткө чыгуу/кирүү бир жолку Туугандар визасы таризделет;
8) Мекен визасы ("Meken visa") - "M" тиби.
Этностук кыргыздарга, кийин "кайрылман" статусун алуу мүмкүндүгү менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулган адамдарга Кыргыз Республикасына келүү же кайтып келүү үчүн - 1 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.
Зарыл болгон учурда "кайрылман" статусу бар адамга улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча 1 жылга чейинки мөөнөткө чыгуу/кирүү мекен визасы таризделет;
9) Диний виза ("Religion visa") - "R" тиби.
Диний уюмдар менен кызматташуу линиясы боюнча Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген миссионерге дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаты болгон учурда 60 календардык күнгө чейинки мөөнөткө берилет;
10) Чет өлкөлүк адамдын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза ("Foreigners family visa") - "FF" тиби.
"Кызматтык" ("О" тиби), "Инвестициялык" ("I" тиби), "Атайын эмгек" ("SW1", "SW2" типтери), "Туугандар визасы" ("RL" тиби), "Окуу" ("S" тиби) категорияларындагы визалар, "Санариптик көчмөн" "Digital nomad" ("DN" тиби) визасы, ошондой эле Бирдиктүү уруксаттын, резидент-картанын, жашап турууга уруксаттын же болгон жери боюнча каттоонун (Кыргыз Республикасынын аймагында болуунун визасыз режими жайылтылган мамлекеттердин жарандарына карата) же "кайрылман" статусунун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында болгон арыз ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, 18 жашка чейинки балдарына, жашы жете элек балдардын ата-энелерине, ошондой эле майыптыгы бар балдарга жана багуусунда болгон ата-энелерге) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин же жеке ишкердик ишти, ошондой эле пайда алууга байланышкан башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу укугусуз - 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.
Инвестициялык визанын ("I" тиби) негизинде болгон арыз ээсинин үй-бүлө мүчөсүнө чет өлкөлүк адамдын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды албастан инвестициялык визанын ("I" тиби) колдонуу мөөнөтүнө ("FF" тиби) таризделет;
11) Транзиттик виза ("Transit visa") - "TR" тиби.
Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө транзиттик өтүү үчүн - 3 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет;
12) Чыгуу визасы ("Leave visa") - "L" тиби.
а) Кыргыз Республикасынан чыгуу үчүн арыз ээсине мөөнөтү өткөн болуу мезгилин толуктоону эске алуу менен - төмөнкү учурларда 10 күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык виза же визасыз режим менен аныкталган болуу мөөнөтүн жана эрежелерин бузуу;
- визаларды, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөөдөн баш тартуу же жокко чыгаруу;
- убактылуу же туруктуу жашап турууга уруксатты тариздөөдөн, узартуудан баш тартуу же жокко чыгаруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү мекемесинде окууну токтотуу же окуудан чыгаруу, окууну аяктоо;
- инвестициялык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ырасталган инвестициялык ишти токтотуу;
- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан ыктыярдуу чыгып кетүүнү каалаган учурда башпаанек издеген, "кайрылман" статусуна ээ же качкын деп таанылган адамдын кайрылуусу.
Мындай арыз ээлерине карата укук бузуучулар жөнүндө маалыматтар базасы түзүлөт. Маалымат укук бузуучулар жөнүндө маалыматтар базасына ТМЭБС аркылуу тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан киргизилет. Маалыматтар базасына Кыргыз Республикасынын визасын тариздөөдөн баш тартылган арыз ээлери жөнүндө маалымат да киргизилет.
Дипломатиялык же кызматтык категориядагы визанын ээсине өлкөдөн чыгуу үчүн анын колдонуу мөөнөтү аяктаган учурда Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун, дипломатиялык өкүлчүлүктүн, консулдук мекеменин же эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өтүнүчү боюнча акысыз негизде 10 күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө окшош категориядагы (дипломатиялык же кызматтык) виза таризделет.
Чыгуу визасын тариздөө менен бир убакта арыз ээсинин жарактуу визасы болгон учурда ал жокко чыгарылат;
б) акысыз негизде чыгуу визалары төмөнкү учурларда таризделет:
- ыйгарым укуктуу компетенттүү органдын тиешелүү документтеринин негизинде экстрадициялоодо;
- чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды чыгаруу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими болгондо;
13) Шашылыш чыгуу визасы ("Emergency exit visa") - "E" тиби.
Медициналык корутунду жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин өтүнүчү болгондо арыз ээсинин өз алдынча чыгуусуна (орун которуусуна) тоскоол болгон катуу ооруга туш болгон же ден соолугу оор абалда болгон учурда тариздөө үчүн акы албастан - 10 күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет;
14) "Санариптик көчмөн" визасы ("Digital nomad") - "DN" тиби.
Санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга же маалыматтык- коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген "Санариптик көчмөн" "Digital nomad" статусунун ээсине - 1 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет;
15) Ишкердик визасы ("Вusiness visa") - "B" тиби.
Сүйлөшүүлөр, конференциялар жана кеңешмелер сыяктуу ишкердик иш-чараларга, спорттук иш-чараларга катышууну, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин чакыруусу боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууну кошо алганда, пайда алууга, эл аралык уюмдарга байланышпаган максаттарда 90 календардык күнгө чейинки мөөнөткө кыска мөөнөттүү болуу үчүн таризделет. Ишкердик виза Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик же жеке ишкердик ишти, ошондой эле пайда алууга байланышкан кандай болбосун башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга укук бербейт;
16) Туристтик виза ("Тourist visa") - "TS" тиби.
Туризм максатында кыска мөөнөттүү болуу үчүн - 30 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет;
17) Сапар визасы ("Sapar visa") - "J" тиби.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруучу сүйлөшүүлөр, конференциялар жана кеңешмелер сыяктуу ишкердик иш-чараларга, спорттук иш-чараларга катышуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүйөлөштүрүлгөн өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген арыз ээсине - 1 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө, аны узартуу мүмкүнчүлүгү менен таризделет. Сапар визасы Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик же жеке ишкердик ишти, ошондой эле пайда алууга байланышкан кандай болбосун башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга укук бербейт.
18) Коштоо визасы («Accompanying visa») «А» тиби.
Сауд Аравия Падышалыгынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар Мамлекетинин, Кувейт Мамлекетинин, Оман Султанатынын, Бахрейн Падышалыгынын жарактуу резидент-карталары бар жана аталган өлкөлөрдүн жарандарын коштоп жүргөн персоналдын мүчөлөрү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз тартипте келген адамдарга узартуу мүмкүнчүлүгү жок 90 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 2. "Электрондук виза" порталы аркылуу Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби
17. Арыз ээси расмий интернет-сайтта жайгаштырылган "Электрондук виза" порталы аркылуу ТИМ КДга электрондук визаны тариздөөгө арыз берет.
Болуу максаттарына жараша визаны тариздөөгө арызды чакыруучу тарап да бере алат.
18. "Электрондук виза" порталы төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- электрондук виза алуунун шарттары;
- "Электрондук виза" порталы аркылуу электрондук (санариптик) форматта берилүүгө тийиш болгон документтердин тизмеги;
- консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу акча каражаттарынын (мындан ары - каражаттар) өлчөмү;
- каражаттарды төлөө ыкмалары (электрондук банктык төлөм системалары);
- Кыргыз Республикасынын визалык режими жана Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби;
- электрондук виза алууга арыздарды кароонун мөөнөттөрү;
- кабыл алуудан баш тартылган электрондук виза алууга арыздарды кайра кароо тартиби;
- каражаттарды төлөө үчүн банктык реквизиттер;
- электрондук виза боюнча Кыргыз Республикасына кирүү шарттары;
- визаларды тариздөөгө тиешелүү кошумча маалыматтар.
19. Арыз ээси "Электрондук виза" порталында ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык визалык анкетаны толтурат жана ушул Убактылуу жобонун 3-параграфында каралган документтерди ак фондо түстүү фотосүрөттү (адамдын жүзү даана болууга тийиш, бети жана далысынын жогору жагы сүрөткө толук батышы керек, арыз ээси камерага түз кароосу тийиш) тиркөө менен берет.
20. Виза алууга арыз каражаттар төлөнгөндөн кийин ТМЭБС аркылуу ырасталат.
Визалык анкетада каталар табылган же ушул Убактылуу жобонун 2-главасынын 3-параграфында каралган документтер жок болгон учурда, арыз каталарды четтетүү жана (же) жетишпеген документтерди берүү үчүн арыз ээсине кайтарып берилет. Визаны тариздөөгө өтүнмө ал жеткире иштеп чыгууга кайтарылган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде оңдолууга тийиш, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин өтүнмө жокко чыгарылды деп эсептелет.
21. Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда арыз ээсине визаны тариздөөдөн баш тартылат. Визаны тариздөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим арыз ээсине түшүндүрүлбөйт.
§ 3. Визаларды тариздөө үчүн документтерге жалпы талаптар
22. Визалардын категориясына жана тибине жараша визаны тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
1) дипломатиялык виза үчүн ("D" тиби):
- дипломатиялык паспорттун түстүү сканы;
- аккредитациялык картанын түстүү сканы (ТИМ КД же ТИМ ЫУӨ узак мөөнөттүү визаны тариздөө учурунда);
- Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун, дипломатиялык өкүлчүлүктүн, консулдук мекеменин же эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
2) кызматтык виза үчүн ("O" тиби):
- кызматтык паспорттун түстүү сканы;
- аккредитациялык карточканын түстүү сканы (ТИМ КД же ТИМ ЫУӨ узак мөөнөттүү визаны тариздөө учурунда);
- Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун, дипломатиялык өкүлчүлүктүн, консулдук мекеменин же эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
3) инвестициялык виза үчүн ("I" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- инвестициялык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арыз ээсинин инвестордун статусуна шайкештигин ырастаган, аталган мамлекеттик органдын жетекчиси кол койгон жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
4) атайын эмгек визасы үчүн («SW1» жана «SW2» типтери):
– «SW1» тиби:
жарактуу документтин түстүү сканы;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же иш берүүчүнүн уюмдаштыруучу документтеринин, юстиция органдарында каттоо жөнүндө күбөлүктүн түстүү сканын тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
салык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкаты (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
инвойстун жана иш сапардык күбөлүктүн түстүү сканы;
миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк кызматкердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштөөгө уруксат алуудан бошотулгандыгын ырастаган каты.
Узак мөөнөттүү виза же резидент-карта таризделген учурда ушул пункттун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн документтер менен бирге төмөнкүлөр берилет:
гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздиги вирусун контролдоо боюнча республикалык борбор тарабынан берилген адамдын иммундук жетишсиздиги вирусуна (АИВ) антителолордун жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
086/У формасы боюнча медициналык маалымкат;
милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси;
– «SW2» тиби:
жарактуу документтин түстүү сканы;
журналисттер/кабарчылар үчүн аккредитациялоо жөнүндө документ (журналисттер үчүн узак мөөнөттүү виза таризделген учурда);
миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк кызматкердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштөөгө уруксат алуудан бошотулгандыгын ырастаган каты.
Волонтердук жана кайрымдуулук иштерин жүргүзүү үчүн:
жарактуу документтин түстүү сканы;
уюштуруу документтеринин, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган кабыл алуучу уюмдун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
салык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкаты (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
волонтердук же кайрымдуулук келишиминин скан-версиясы;
арыз ээсинин кайрымдуулук фондунун кызматкеринин статусуна ылайыктуулугун ырастоочу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу.
Узак мөөнөттүү виза же резидент-карта таризделген учурда ушул пункттун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн документтер менен бирге төмөнкүлөр берилет:
Гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздиги вирусун контролдоо боюнча республикалык борбор тарабынан берилген адамдын иммундук жетишсиздиги вирусуна (АИВ) антителолордун жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
086/У формасы боюнча медициналык маалымкат;
милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси;
5) окуу визасы үчүн ("S" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- уюштуруу документтеринин түстүү сканын, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү тиркөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмунун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
- мамлекеттик аккредитациядан өткөндүгүн ырастаган документ, ошондой эле медициналык билим берүү уюмдары үчүн аккредитациялоону ырастаган тиешелүү документ;
- салык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкаты (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
-(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 506 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Резидент-карта же узак мөөнөттүү виза таризделген учурда ушул пункттун 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтер менен бирге төмөнкүлөр да берилет:
- Гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздиги вирусун контролдоо боюнча республикалык борбор тарабынан берилген адамдын иммундук жетишсиздиги вирусуна (АИВ) антителолордун жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
- 086/У формасы боюнча медициналык маалымкат;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси;
– окуу мөөнөтүн көрсөтүү менен арыз ээси менен билим берүү уюмунун ортосундагы жеке келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
6) айдоочулук визасы үчүн ("T" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, же өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде арыз ээсинин кызмат ордун жана жүк ташуучу автотранспорт каражатынын маалыматтарын көрсөтүү менен транспорт компаниясынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
- айдоочулук күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү;
- автотранспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашырууга укук берген лицензиянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
7) туугандар визасы үчүн ("RL" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын паспортунун түстүү сканын тиркөө менен өтүнүчү;
- чакыруучу тараптын Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашагандыгын ырастаган документтин түстүү сканы;
- никени каттоо жөнүндө күбөлүктүн же арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жараны менен туугандык мамилелерин ырастаган башка документтердин түстүү сканы;
- иштеген жеринен эмгек акысы жөнүндө маалымкаттын же чакыруучу тараптын же арыз ээсинин материалдык абалы жөнүндө башка документтин түстүү сканы;
- жашап турууга уруксат берүү же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө өтүнүчтү кароо тууралуу документтин түстүү сканы (арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында болгон учурда);
- миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү жана качкын деп таанылган адамдын жеке кайрылуусу (чыгуу/кирүү визасы берилген учурда).
Резидент-карта же узак мөөнөттүү виза же узак мөөнөттүү виза таризделген учурда ушул пункттун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн документтер менен бирге төмөнкүлөр да берилет:
- Гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздиги вирусун контролдоо боюнча республикалык борбор тарабынан берилген адамдын иммундук жетишсиздиги вирусуна (АИВ) антителолордун жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
- 086/У формасы боюнча медициналык маалымкат;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси;
8) "Мекен" визасы үчүн ("M" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- арыз ээсинин өтүнүчү;
- кыргыздардын этностук таандыктыгы жөнүндө ырастоочу документтер же Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулгандыгын ырастоочу документтер (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр, жарандык абалдын актыларынан көчүрмөлөр, архивдик документтер, чет мамлекеттин улуттук паспорттору);
- жашап турууга уруксат берүү же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө өтүнүчтү кароо тууралуу документтин түстүү сканы (арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында болгон учурда);
- "кайрылман" статусу бар адамдардын жеке кайрылуусу (чыгуу/кирүү визасын тариздеген учурда);
9) диний визасы үчүн ("R" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген уруксат болгондо диний уюмдун кайрылуусу;
10) чет өлкөлүк адамдын үй-бүлө мүчөсүнүн визасы үчүн ("FF" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын арызы;
- кабыл алуучу уюмдун өтүнүчү (юридикалык жактар үчүн);
- туугандык мамилени ырастаган документтердин түстүү сканы;
- чакыруучу чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүргөндүгүн ырастоочу документтердин түстүү сканы.
Резидент-карта же узак мөөнөттүү виза таризделген учурда ушул пункттун 10-пунктчасында көрсөтүлгөн документтер менен бирге төмөнкүлөр да берилет:
- Гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздиги вирусун контролдоо боюнча республикалык борбор тарабынан берилген адамдын иммундук жетишсиздиги вирусуна (АИВ) антителолордун жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
- 086/У формасы боюнча медициналык маалымкат;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси;
11) транзиттик виза үчүн ("TR" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- үчүнчү өлкөгө бара турган акыркы пунктка чейин жүрүү билетинин түстүү сканы же бара жаткан өлкөнүн визасынын түстүү сканы, же келгенден кийин виза алган учурда үчүнчү өлкөнүн расмий бийликтери тарабынан күбөлөндүрүлгөн уруксаттын (чакыруунун) түстүү сканы;
12) чыгуу визасы үчүн ("L" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү органдын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органынын же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каттары;
- компетенттүү орган тарабынан берилген тиешелүү документ (экстрадициялоо учурунда);
- чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды чыгаруу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими (чыгарылган учурда);
13) шашылыш чыгуу визасы үчүн ("E" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин колу коюлган, арыз ээсинин катуу оорусу бар же болбосо ден соолугунун абалы оор экендиги жөнүндө медициналык корутунду менен ырасталган, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жүйөлүү өтүнүчү;
14) "Санариптик көчмөн" визасы үчүн ("DN" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- уюштуруу документтеринин түстүү сканын, юстиция органдарында каттоо жөнүндө күбөлүктү, салык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкатын тиркөө менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
15) Сапар визасы үчүн ("J" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси же болбосо анын милдеттерин аткаруучу адам кол койгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
- Гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздиги вирусун контролдоо боюнча республикалык борбор тарабынан берилген адамдын иммундук жетишсиздиги вирусуна (АИВ) антителолордун жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
16) туристтик виза үчүн ("TS" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- кабыл алуучу туристтик уюмдун жазуу жүзүндөгү кайрылуусу же арыз ээсинин жеке кайрылуусу;
- финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын лицензиясы бар оюн-зоок жайынын өтүнүчү (тиешелүү оюн-зоок визасын тариздөөдө);
17) ишкердик визасы үчүн ("B" тиби):
- жарактуу документтин түстүү сканы;
- уюштуруу документтеринин жана юстиция органдарында каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн сканын тиркөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (ишкердик максаттар болгон учурда);
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган медициналык мекеменин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу, анда медициналык дарылоодон өткөндүгүн ырастаган документтер тиркелет (медициналык максаттар болгон учурда).
– Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн же Кыргыз Республикасынын аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн же консулдук мекеменин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу.
18) коштоо визасы үчүн («Accompanying visa») «А» тиби:
– арыз ээсинин өздүгүн көбөлөндүргөн жарактуу документтин түстүү сканы;
– Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз тартипте келген Сауд Аравия Падышалыгынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар Мамлекетинин, Кувейт Мамлекетинин, Оман Султанатынын, Бахрейн Падышалыгынын жаранынын өтүнүчүнүн түстүү сканы;
– арыз ээси менен Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз тартипте келген Сауд Аравия Падышалыгынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар Мамлекетинин, Кувейт Мамлекетинин, Оман Султанатынын, Бахрейн Падышалыгынын жаранынын ортосундагы эмгек келишиминин же контракттын котормосу менен түстүү сканы;
– арыз ээсине таризделген Сауд Аравия Падышалыгынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар Мамлекетинин, Кувейт Мамлекетинин, Оман Султанатынын, Бахрейн Падышалыгынын жарактуу резидент-картасынын түстүү сканы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 506 токтомуна ылайык)