Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-апрели № 294
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Коррупциянын алдын алуу жана жетекчилердин жоопкерчилигин күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Агенттиктин директору Агенттикке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн, ошондой эле коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.";
- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Директордун орун басарлары жүктөлгөн функциялык милдеттерин аткаруу үчүн, ошондой эле өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
15-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жеке башкаруунун негизинде Мамкартографиянын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Мамкартографияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу жана коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын уставында:
35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35. Ишкананын директору өзүнө жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн жана коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |