Редакцияот 04.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

  VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  IX СЕССИЯСЫ

  

2025-жылдын 4-августу  № 9/1

 

 

Ала-Буга айыл аймагындагы Чолок-Кайың,Коңорчок айылындагы жайгашкан мечиттерди казыяттын балансына ѳткѳрүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын  Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.           Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың айылындагы 4-01-02-1002-0488,2000 кв.м. жана 4-01-02-1002-0484 коддорунда жайгашкан мечиттер казыяттын балансына ѳткѳрүлүп берилсин.

 

2. Ала-Буга айыл аймагынын Коңорчок айылындагы 4-01-03-1001-0337 кодундагы 1680 кв.м.жайгашкан мечитти казыяттын балансына ѳткѳрүлүп берилсин.

 

 

3. Токтомду аткарууга алуу Ала-Буга айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А. Медетовага  милдеттендирилсин

 

4. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Төрага

Бактыбай уулу Кубанычбек