Редакцияот 24.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

  VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  XI СЕССИЯСЫ

  

2025-жылдын 24-сентябры  № 11/2

 

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында айыл чарба багытында эмес жер салыгынын,  1,2,3-топ боюнча объектилердин мүлк салыктарынын Кз-зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ;

 

1.2025-жылдын 1-октябрынан баштап Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын Кз-зоналдык коэффициенти 1,0 өлчөмдө бекитилсин.

 

2. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Нарын облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

3. Токтом 2025-жылдын  1-октябрынан баштап күчүнө кирсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мамлекеттик салык кызматынын

Ак-Талаа району боюнча башкармалыгына  тапшырылсын.

 

5.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Бактыбай уулу Кубанычбек