Редакцияот 24.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

  VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  XI СЕССИЯСЫ

  

2025-жылдын 24-сентябры  № 11/3

 

Эл депутаттарынын Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин  14-июнь 1993-жылдагы №39 буйругуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык Кеңешинин сессиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Эл депутаттарынын Кош-Дѳбѳ айылдык кеңешинин 14-июнь 1993-жылдагы №39 буйругуна жана турак жай үчүн жер участогун сурап жазган арызында Ак-Талаа райондук мамлекеттик архивинин 10.09.2025-жылдагы №01-76/889-сандуу кѳчүрмѳсүндѳ кѳрсѳтүлгѳн,атасынын атынын аталышы боюнча:1968-жылы туулган Рысбеков Тынчтык Маметѳмүрович- Рысбеков Тынчтык деп толук жазылбай туура эмес кѳрсѳтүлгѳн,атасынын аты,деген сѳздѳргѳ  толуктоо киргизүү иреетинде.Фамилиясы:боюнча Рысбеков Тынчтык Маметѳмүрович деген сѳздѳр менен атасынын атынын аталышына ѳзгѳртүү киргизилип толукталсын.

2.Токтомдун аткаруу ѳзгѳртүү киргизүү  жагын Ала-Буга айылдык кеңешинин катчысы Р.Абдыразаковго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

Бактыбай уулу Кубанычбек