Редакцияот 08.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

  VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  XI СЕССИЯСЫ

  

2025-жылдын 8-декабры  № 11/6

 

 Бүбүкан апа балабакчасына кровать жана балдар үчүн стулдарды алуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловдун  “Кочкор районунун өнүктүрүү” фонддун эсебинен алына турган эмеректердин долбоорун бекитип жана өздүк салым каражатын бөлүп берүү сунушун  угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:

 

 

1.Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Кочкор районунун өнүктүрүү” фондуна жазылган долбоору бекитилсин.

 

2.Өздүк салым үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин  эсебинен которулуп берилсин.

 

3.Өздүк салым үчүн акча каражатын которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.

 

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айылдык кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

К. Ыбышов