Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2025-жылдын 25-августу ПТ № 277

Бюджеттик каражаттарды пайдаланууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти бекемдөө, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, мамлекеттик финансыны максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:

1) социалдык объекттерди (мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды, спорт залдарын, маданият үйлөрүн жана башка социалдык мекемелерди) курууга багытталган республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия 1-тиркемеге ылайык (2025-жылдын 1-сентябрынан тартып ишке киришсин);

2) автомобиль жолдорун курууга жана реконструкциялоого багытталган республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия 2-тиркемеге ылайык (2025-жылдын 1-ноябрынан тартып ишке киришсин).

2. Бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн ведомстволор аралык комиссиялар:

1) төмөнкүлөрдүн эсебинен каржылоо жүргүзгөн объекттерди текшерүүнү жүргүзсүн:

- республикалык бюджеттен капиталдык салымдардын;

- республикалык бюджеттен максаттуу трансферттердин;

- Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарынын;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын;

- Кыргыз Республикасынын Жол фондунун каражаттарынын;

- республикалык бюджеттен дем берүүчү гранттардын;

- региондорду өнүктүрүү фонддору аркылуу багытталган каражаттардын;

2) каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо үчүн тиешелүү объекттер боюнча финансылык, долбоордук-сметалык жана техникалык документтерди топтосун жана талдасын;

3) объекттерди жеринде көчмө текшерүүнү жүргүзсүн;

4) жумуштардын сметалык жана иш жүзүндө аткарылган көлөмдөрүн, сапатын жана мөөнөттөрүн салыштырсын;

5) текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундуларды даярдасын жана аныкталган бузууларды, кемчиликтерди жана аларды жоюу боюнча так сунуштарды көрсөтүү менен сунуштамаларды берсин.

3. Бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн ведомстволор аралык комиссияларга төмөнкүдөй укуктар берилсин:

1) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана подрядчы уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана материалдарды талап кылууга;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, эксперттерин ишке тартууга;

3) мыйзам бузуу белгилери аныкталган учурда материалдарды укук коргоо органдарына укуктук баа берүү үчүн жөнөтүүгө.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ведомстволор аралык комиссиялардын ишине тартылган көз карандысыз эксперттердин эмгек акысын төлөө үчүн кеткен чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ведомстволор аралык комиссиялардын катчылыгы болуп аныкталсын, ага алардын ишин уюштуруу жана методикалык жактан камсыз кылуу жүктөлсүн.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

 

1-тиркеме

Социалдык объекттерди (мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды, спорт залдарын, маданият үйлөрүн жана башка социалдык мекемелерди) курууга багытталган республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы

Касымалиев Адылбек Алешович

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Кадыралиев Азамат Сактанбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;

Асаналиев Максат Кубатович

-

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

Узакбаев Болотбек Узакбаевич

-

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

Сыдыков Орозбек Кадырбекович

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Кудайбердиев Алтынбек Мусажанович

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Шабданбеков Тимур Маратович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Нурматов Жузупбек Шоконович

-

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору;

Абдыкасымов Бактыбек Омурбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын экономика тармактарындагы аудит башкармалыгынын башкы мамлекеттик инспектору;

Джусупбаев Кувандык Турарович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын төрагасы;

Турсунакунов Шабдан Муратович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы;

Андабасов Акылбек Жакутович

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын курулуш-техникалык экспертизалар башкармалыгынын начальниги;

Эсенов Нажымидин Самарович

-

көз карандысыз эксперт;

Тобокелов Темирбек Зарлыкович

-

көз карандысыз эксперт;

Шурубеков Нарынбек

-

көз карандысыз эксперт;

Жанадил уулу Уланбек

-

көз карандысыз эксперт;

Жороева Жаркын Турабаевна

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин капиталдык салымдар башкармалыгынын начальниги - комиссиянын катчысы.

 

 

 

 

2-тиркеме

Автомобиль жолдорун курууга жана реконструкциялоого багытталган республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы

Касымалиев Адылбек Алешович

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Кадыралиев Азамат Сактанбекович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;

Асаналиев Максат Кубатович

-

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

Молдажиев Казыбек Илияскарович

-

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары - контролдоо бөлүмүнүн башчысы;

Сыдыков Орозбек Кадырбекович

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Кудайбердиев Алтынбек Мусажанович

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Шабданбеков Тимур Маратович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Жумагулов Уран Аскарбекович

-

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору;

Бейшебаев Таалайбек Ыксанович

-

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын экономика тармактарындагы аудит башкармалыгынын мамлекеттик инспектору;

Молдобаев Канатбек Калмырзаевич

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын төрагасынын орун басары;

Картанбаев Алишер Райканович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн башчысы;

Сагынбеков Карыпбек

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын курулуш-техникалык экспертизалар башкы эксперти;

Мамаев Кубанычбек Абдырахманович

-

көз карандысыз эксперт;

Атамбеков Эмильбек Панарбекович

-

көз карандысыз эксперт;

Кожомбердиев Асейин Жуматаевич

-

көз карандысыз эксперт;

Дүйшөк уулу Толонбек

-

көз карандысыз эксперт;

Жедигеров Дастан Жолчубекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин капиталдык салымдар башкармалыгынын мониторинг жүргүзүү жана капиталдык салымдардын чыгымдары бөлүмүнүн башчысы - комиссиянын катчысы.