Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-апрели № 316
Автоматтык режимде иштеген, фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификатталган/текшерилген атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен алынган укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдордун көчүрмөлөрүн жөнөтүү тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 520, 543-беренелерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Автоматтык режимде иштеген, фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификатталган/текшерилген атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен алынган укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдордун көчүрмөлөрүн жөнөтүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруудан түшкөн каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-апрелиндеги № 34 (3794) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |