Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 316 токтомуна тиркеме |
Автоматтык режимде иштеген, фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификатталган/текшерилген атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен алынган укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдордун көчүрмөлөрүн жөнөтүү
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Автоматтык режимде иштеген, фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификатталган/текшерилген атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен алынган укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдордун көчүрмөлөрүн жөнөтүү тартиби (мындан ары – Тартип) автоматтык режимде иштеген, фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификатталган/текшерилген атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды (мындан ары – атайын техникалык каражаттар) колдонуу менен фиксацияланган (алынган) укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдордун электрондук көчүрмөлөрүн жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча материалдарды (мындан ары – токтомдордун көчүрмөлөрү) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш башталган адамга жеткирүү, ошондой эле аны башка электрондук байланыш каналдары аркылуу маалымдоо эрежелерин аныктайт.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
2. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги терминдер жана аныктамалар колдонулат:
дарек ээси – атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом чыгарылган жеке же юридикалык жак;
электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы – мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик түрдө көрсөтүүнү камсыз кылган ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык системасы;
корголгон электрондук байланыш каналдары – мыйзамдардын талаптарына ылайык өткөрүп берилүүчү маалыматтардын купуялуулугун, бүтүндүгүн жана санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуучу маалымат өткөрүп берүүнүн электрондук каражаттары;
башка мобилдик тиркемелер – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы менен интеграцияланган мобилдик программалык тиркемелер;
байланыштын башка электрондук каналдары – бул электрондук почта дареги же СМС-кабарлама;
«Түндүк» мобилдик тиркемеси – колдонуучуларга санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу расмий мобилдик тиркеме.
3-глава. Токтомдордун электрондук көчүрмөлөрүн
жеткирүү жана байланыштын башка
электрондук каналдары боюнча маалымдоо тартиби
3. Сертификатталган/текшерилген атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен алынган укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомдор жана материалдар санариптик документ түрүндө түзүлөт.
4. Токтомдордун электрондук көчүрмөлөрүн жеткирүү электрондук документти санариптик байланыштын корголгон каналы аркылуу укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш башталган адамга окулган датасын жана убактысын автоматтык түрдө фиксациялоо менен электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына жана (же) «Түндүк» мобилдик тиркемесине, ошондой эле башка мобилдик тиркемелерге берүү жолу менен ишке ашырылат.
5. Окулган датаны жана убакытты автоматтык фиксациялоо электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталындагы билдирүүнү жеке кабинеттен текшерүү жана (же) «Түндүк» мобилдик тиркемесинде, ошондой эле башка мобилдик тиркемелерде таанышуу аркылуу жүзөгө ашырылат, бул токтомдордун көчүрмөлөрүн электрондук түрдө жеткирүүнүн расмий ыкмасы болуп саналат.
6. Токтомдун электрондук көчүрмөсү менен таанышуу фактысын тастыктоо электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын жана (же) «Түндүк» мобилдик тиркемесинин, ошондой эле башка мобилдик тиркемелердин функциялык мүмкүнчүлүктөрү аркылуу ишке ашырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
– дарек ээсине таанышууну тастыктоонун укуктук кесепеттери жөнүндө, анын ичинде даттануу жана арзандатуу менен төлөө мөөнөттөрүнүн башталышы тууралуу билдирүүнү көрсөтүүнү;
– дарек ээсинен активдүү ырастоосунун сурамы («Тааныштым» же «Таанышкан жокмун» баскычы);
– тастыктоо датасын, убактысын, ыкмасын жана каналын белгилөө.
7. Дарек ээсинин таанышуусун ырастоо укуктук мааниге ээ аракет катары каралат жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык токтомдун көчүрмөсүн тапшыруунун талаптагыдай далили катары таанылат. Дарек ээсине ыңгайлуу болушу үчүн ырасталгандан кийин система дароо айып пулду интеграцияланган төлөм сервистери (банктык карталар, электрондук капчыктар) аркылуу төлөөнү сунуштайт, эгерде төлөм мөөнөтүндө жүргүзүлсө, автоматтык түрдө арзандатуу колдонулат.
8. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын жана (же) «Түндүк» мобилдик тиркемесинин, ошондой эле башка мобилдик тиркемелердин оператору токтомдун электрондук көчүрмөлөрүн жеткирүү жөнүндө маалыматтарды фиксациялоону жана сактоону камсыздайт, анын ичинде төмөнкүлөрдүн датасын жана убактысын камтыйт:
– документти жайгаштыруу;
– дарек ээсинин киргени;
– таанышкандыгын ырастоо ыкмасы.
Көрсөтүлгөн маалыматтар «Укук бузууларды автоматтык фиксациялоо» автоматташтырылган маалыматтык системасына өткөрүп берилет жана талаш чыккан учурда далилдөө максатында 3 жылдан кем эмес сакталат.
9. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталына, «Түндүк» мобилдик тиркемесине, башка мобилдик тиркемелерге токтомдун электрондук көчүрмөсү жайгаштырылган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин таанышкандыгы тууралуу ырастоо жок болсо, ошондой эле техникалык мүмкүнчүлүк жок болгон учурларда токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте алуучунун каттоо жери боюнча почта аркылуу заказдык почталык жөнөтмө менен жиберилет.
10. Өзүнө карата өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамды укук бузуу фактысы жөнүндө кошумча маалымдоо максатында билдирүү электрондук почта дарегине же СМС-билдирүү аркылуу жиберилиши мүмкүн. Мындай билдирүү маалыматтык мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык документти расмий тапшыруу фактысы болуп саналбайт.
4-глава. Тараптардын укуктары жана милдеттери
11. Дарек ээси төмөнкүлөргө укуктуу:
– чыгарылган токтом жана тиркелген материалдар жөнүндө толук маалымат алууга;
– иштин материалдары менен таанышууга;
– токтомдун кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүн берүүнү талап кылууга;
– Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө токтомго даттанууга.
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
– түзүлгөн токтомдордун мыйзамдуулугун, негиздүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга;
– Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине жана жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылууга;
– маалыматтык системалардын иштешин жана санарип документтеринин сакталышын камсыз кылууга;
– дарек ээсине анын кайрылуусу боюнча токтомдордун көчүрмөлөрүн кагаз жүзүндө берүүгө.