Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 27-апрели № 2
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 28-мартындагы № 1 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын мамлекеттик эмгек инспекторлорунун ведомстволук форма кийимдери жана айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын мамлекеттик эмгек инспекторлорунун ведомстволук форма кийимдерин кийүүсүн тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 “Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 28-мартындагы № 1 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын мамлекеттик эмгек инспекторлорунун ведомстволук форма кийимдери жана айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын (мындан ары – Кызмат) мамлекеттик эмгек инспекторлорунун ведомстволук форма кийимдери жана айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшүндө:
- 13-пунктунун бешинчи абзацындагы “Жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар үчүн шымдын милтелеринен 0,5 см аралыкта бүткүл узундугуна формалык шымдын тышкы тигиши боюнча эни 2,2 см болгон көгүлтүр түстөгү тилке бастырылып тигилген.” деген сөздөр алып салынсын;
- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“30. Ийин белгилери.
Ийин белгилери пальтого, плащка, кителге, күрмөгө жана көйнөккө кадалат. Ийин белгиси жумшагыраак келип, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кеӊ бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине жарыш кетет.
Тигилме ийин белгилери пальтого, плащка, кителге кадалат. Чыгарып коймо ийин белгилери костюмга, көйнөктөргө, күрмөгө тагылат. Ийин белгилери боз түстө, ал эми ак-көйнөктөргө – ак түстө болот.”;
- 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“31. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилеринин ийин белгилери.
Өзгөчө токулган күмүш түстөгү волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө бирдей аралыкта алтын түстөгү үч жазы горизонталдык тилке параллелдүү жайгаштырылат. Ийин белгисинин жогорку бөлүгүндө эмблеманын болушу каралат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө бирдей аралыкта алтын түстөгү эки жазы горизонталдык тилке параллелдүү жайгаштырылат. Ийин белгисинин жогорку бөлүгүндө эмблеманын болушу каралат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө алтын түстөгү бир жазы горизонталдык тилке жайгаштырылат. Ийин белгисинин жогорку бөлүгүндө эмблеманын болушу каралат.”;
- 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“32. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчилеринин ийин белгилери.
Өзгөчө токулган боз түстөгү волокадан даярдалат. Ийин белгисинин талаачасында көгүлтүр түстөгү, нооту капталган 2 жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө бирдей аралыкта алтын түстөгү үч жазы горизонталдык тилке параллелдүү жайгаштырылат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө бирдей аралыкта алтын түстөгү эки жазы горизонталдык тилке параллелдүү жайгаштырылат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө алтын түстөгү бир жазы горизонталдык тилке жайгаштырылат.”;
- 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“33. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспекторлорунун ийин белгилери.
Нооту капталган боз түстөгү волокадан даярдалат. Ийин белгисинин талаачасында көгүлтүр түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө бирдей аралыкта күмүш түстөгү төрт ичке горизонталдык тилке параллелдүү жайгаштырылат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө бирдей аралыкта күмүш түстөгү үч ичке горизонталдык тилке параллелдүү жайгаштырылат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө бирдей аралыкта күмүш түстөгү эки ичке горизонталдык тилке параллелдүү жайгаштырылат.”;
- 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“34. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторлорунун ийин белгилери.
Нооту капталган боз түстөгү волокадан даярдалат. Ийин белгисинин талаачасында көгүлтүр түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасынын төмөнкү бөлүгүндө күмүш түстөгү бир ичке горизонталдык тилке жайгаштырылат.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 35 жана 36-пункттары менен толукталсын:
“35. Класстык чени берилбеген ийин белгилери.
Нооту капталган боз түстөгү волокадан даярдалат. Ийин белгисинин талаачасында көгүлтүр түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын класстык чени жок мамлекеттик инспекторунун ийин белгисинин талаачасында айырмалоочу белгилер жайгаштырылбайт.
36. Ийин белгилеринин жалпы техникалык параметрлери.
Ийин белгилеринин узундугу 12-16 см түзөт. Кызмат орундарынын жогорку жана саясий топторунун класстык чендери бар адамдар үчүн ийин белгилеринин эни - 5,5 см, башкы топтон кенже топко чейинки кызмат орундарынын класстык чендери бар адамдар үчүн – 4-5,5 см. Ийин белгилеринин четтери, төмөн жагынан башкасы көгүлтүр түстөгү нооту менен милтеленет, милтенин эни - 2,5 мм.
Эмблеманын өлчөмү 20–35 мм болуп, ийин белгисинин жогорку бөлүгүнүн ортосуна бойлой жайгаштырылат.
Жазы тилкелердин туурасы 20 мм, ичке тилкелердики – 10 мм түзөт. Бардык тилкелер ийин белгисинин төмөнкү четине параллелдүү жайгаштырылат. Параллелдүү тилкелердин ортосундагы аралык 2 мм, ийин белгисинин төмөнкү четинен биринчи (төмөнкү) тилкеге чейинки аралык – 5 мм түзөт.”.
2. Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
3. Эмгек башкармалыгы:
- буйруктун көчүрмөсүн расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, жарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсүн жарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Кызмат, мамлекеттик эмгек инспекторлорун форма кийим менен камсыз кылуу үчүн Кызмат тарабынан салынган айып пулдардан түшкөн каражаттардын (13%) эсебинен финансы каражаттарын карасын.
5. Бул буйруктун талаптарынын аткарылышына жоопкерчилик Кызматтын директору А.А. Жоробековго жүктөлсүн.
6. Аткарууну контролдоо жана канцелярия бөлүмү бул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматовго жүктөлсүн.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
https://mlsp.gov.kg/ru/normativno-pravovaya-baza/ расмий сайтында жарыяланды
Министри |
| К.Л. Сагынбаев |