Редакцияот 08.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

  VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  XI СЕССИЯСЫ

  

2025-жылдын 8-декабры  № 11/7

 

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө  Тонар авто техникасын алуу долбоорун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловдун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фонддун эсебинен алына турган техниканын долбоорун бекитип жана өздүк салым каражатын бөлүп берүү сунушун  угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:

 

1.           Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна жазылган долбоору бекитилсин.

 

2. Өздүк салым үчүн 810 364 (сегиз жүз он миң үч жүз алтымыш төрт ) сом акча каражаты  Тонар авто  техникасын   алуу үчүн 2026-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.

 

3. Өздүк салым үчүн акча каражатын которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.

 

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айылдык кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

К. Ыбышов