Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-апрели № 277
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 339 «Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик органдарын өнүктүрүү жана дем берүү фонду
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 339 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын өнүктүрүү жана дем берүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын өнүктүрүү жана дем берүү фонду жөнүндө жободо:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. ӨДФ республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүлөт жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерине кепилденген төлөмдөрдүн жана өткөн жылдагы салыктык эмес төлөмдөрдүн көлөмүнүн жана салыктык эмес кирешелердин өсүү коэффициентинин көбөйтүндүсү менен эсептелүүчү көрсөткүчтүн суммасы катары аныкталат.
Салыктык эмес кирешелерди эсептөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлору боюнча бюджетке түшүүчү булактардын реестрине (тизмегине) ылайык эсептелет.
ӨДФти түзүүдө төмөнкүлөргө эсептөө жүргүзүлбөйт:
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин талаптарына ылайык максаттуу багыты аныкталган салыктык эмес кирешелерге;
- «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасынын алкагында, анын ичинде «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин аппараттык-программалык комплексин колдонуу менен катталган айыптардан түшкөн кирешелерге;
- Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна чегерилүүгө тийиш каражаттарга.»;
- 6-пункт «салыктык эмес кирешелерди» деген сөздөрдөн кийин «(салыктык эмес кирешелердин администраторлорунун салыштыруу актыларына ылайык)» деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. ӨДФтин каражаттарынын көлөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ӨДФit=Kit*СКit-1+КТit , мында: СКit-1 – мамлекеттик органдардын өткөн жылдагы салыктык эмес кирешелери; Kit – өткөн жылдардагы салыктык эмес кирешелердин өсүү коэффициенти жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Кit=СКit-1/СКit-2–1 ,
эгерде: Кit > 0,5 ⇒ Кit = 0,5; Кit > 0,3 жана 150,0 млн сом < СКit-1 < 300,0 млн сом ⇒ Кit = 0,3; Кit > 0,2 жана 300,0 млн сом < СКit-1 < 500,0 млн сом ⇒ Кit = 0,2; Кit > 0,15 жана 500,0 млн сом < СКit-1 < 1 000,0 млн сом ⇒ Кit =0,15; Кit > 0,1 жана 1 000,0 млн сом < СКit-1 < 1 500,0 млн сом ⇒ Кit = 0,1; Кit > 0,05 жана 1 500,0 млн сом < СКit-1 < 3 000,0 млн сом ⇒ Кit = 0,05; Кit > 0,03 жана 3 000,0 млн сом < СКit-1 < 5 000,0 млн сом ⇒ Кit= 0,03; Кit > 0,015 жана 5 000,0 млн сом < СКit-1 < 10 000,0 млн сом ⇒ Кit= 0,015; Кit > 0,01 жана 10 000,0 млн сом < СКit-1 < 15 000,0 млн сом ⇒ Кit = 0,01; Кit>0,0075 жана 15 000,0 млн сом<СКit-1<20 000,0 млн сом ⇒Кit =0,0075; Кit > 0 жана Кit < 0 жана СКit-1 > 20 000,0 млн сом ⇒ Кit = 0,005; Кit< 0 ⇒ Кit= 0; ӨДФit= КТit;
КТit – мамлекеттик органдардын кызматкерлерине кепилденген төлөмдөр жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:
КТit = 6*БАЭАФit+ТТit+СФit ,
мында: 6*БАЭАФit – мамлекеттик органдардын штаттык санына ылайык 6 айлык эмгек акы фонду; ТТit – мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлер, техникалык тейлөөчү персонал жана кенже тейлөөчү персонал үчүн 11 айга карата тамак-аш жана транспорттук чыгымдар үчүн компенсациялык суммалар; СФit – мамлекеттик органдын Социалдык фондго чегерүүлөрү; t – жыл; i – мамлекеттик орган.»; |
- төмөнкүдөй мазмундагы 91, 92-пункттар менен толукталсын:
«91. Эгерде мамлекеттик органдын ушул Жобонун 8-пунктунда белгиленген формула боюнча эсептелген салыктык эмес кирешелеринин суммасы анын 12 айлык эмгек акы фондунун өлчөмүнөн ашып кетсе, кепилденген төлөмдөр жүргүзүлбөйт.
92. Календардык жылдын ичинде түзүлгөн жана (же) кайра уюшулган, ошондой эле штаттык санын өзгөрткөн мамлекеттик органдар үчүн өнүктүрүү жана дем берүү фондунун өлчөмү аларды түзүү жана (же) кайра уюштуруу жөнүндө ченемдик укуктук акт күчүнө кирген айдан баштап, ошондой эле эгерде аталган акт айдын биринчи жарымында же ал күчүнө кирген айдан кийинки айда күчүнө кирген болсо, штаттык санды өзгөртүү мезгили үчүн аныкталат.»;
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
«8) мамлекеттик органдын учурдагы иши менен байланышкан чыгымдар, анын ичинде кызматтык сапарларга, байланыш кызмат кызмат көрсөтүүлөрүнө, ижара акысына чыгымдар, транспорттук чыгымдар, коммуналдык чыгымдар, башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга чыгымдар, башка чыгымдар.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 32 (3792) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |