Редакцияот 27.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

  VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  XII СЕССИЯСЫ

  

2026-жылдын 27-январы № 12/1

 

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Исраиловдун 2025-жылга карата  аткарылган иштеринин  отчетту жөнүндө.

 

           Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, “Жергиликтүү мамлекеттик администрацияжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-берененсинин 6-бөлүмүнүн негизинде,Кум Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Исраиловдун 2026-жылга аткарылган иштери боюнча отчеттун угуп, талкуулап  токтом кылат:

1.    Кум Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Исраиловдун 2026-жылга карата алты айлык аткарылган иштери канаатандыраарлык деп табылсын.

 

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өз милдетиме калтырам.

 

 

Төрага

К. Ыбышов