Редакцияот 27.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

  VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  XII СЕССИЯСЫ

  

2026-жылдын 27-январы № 12/2

 

Кум-Дөбө айыл аймагында милициянын аймактык

пунктуна  жер бөлүп берүү жөнүндө

 

 Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-берененсинин негизинде, Кум-Дөбө айыл аймагында милициянын аймактык пунктуна жер бөлүп берүү боюнча Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши     токтом кылат:

 

1. Кум-Дөбө айыл аймагынын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу максатында,  милициянын аймактык пунктун курууга, Кум-Дөбө айылынын О.Алиев.  көчөсүнүн түндүк тарабындагы муниципалдык жер аянтынан 0,06 (600м2) га жер тилкесин  берүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн  башчысы М.Исраиловго  милдеттендирилсин. 

 

 

 

Төрага

К. Ыбышов