Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 320 токтомуна) |
Утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жана шарттары жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттарды сарптоо тартибин жана шарттарын аныктайт.
Утилдештирүү жыйымынын каражаттары максаттуу багыты боюнча гана пайдаланылат жана калдыктар менен иштөө чөйрөсүндөгү программаларды ишке ашырууга, аларды чогултуу жана кайра иштетүү боюнча инфраструктуралык объекттерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө, заманбап экологиялык коопсуз технологияларды киргизүүгө, ошондой эле уюштуруу жана маалыматтык иш-чараларды өткөрүүгө багытталат.
Көрсөтүлгөн каражаттарды пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык ачыктык, натыйжалуулук, максатка ылайыктуулук жана отчеттуулук принциптеринде жүзөгө ашырылат.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) утилдештирүү жыйымы боюнча оператор (мындан ары – РОП оператору) – Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык утилдештирүү жыйымын чогултууну жана башкарууну жүзөгө ашыруучу жана товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүнү камсыз кылуучу юридикалык жак;
2) утилдештирүү жыйымы – товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдерин аткарууну камсыз кылуу үчүн төлөм – үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоочу же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды ташып киргизүүчү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товар өндүрүүчү юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер тарабынан төлөнөт. Утилдештирүү жыйымы Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык салыктык эмес киреше болуп саналат.
3. Утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттар Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешелерине чегерилүүгө тийиш. Утилдештирүү жыйымынын каражаттары бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын казыналык системасындагы айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өзүнчө атайын эсебинде эсепке алынат жана андан ары РОП операторунун уставында жана ушул Жободо белгиленген максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн анын алыш-бериш эсебине которулат.
4. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебинде калган РОП операторунун акча каражаттары өз багытын сактап калат, республикалык бюджеттин кирешесине алынбайт жана максаттуу багыты боюнча пайдаланылат.
2-глава. Утилдештирүү жыйымынын каражаттарынын булактары
5. Калдыктарды башкаруу системасын өнүктүрүүгө жана утилдештирүү жыйымынын каражаттарын натыйжалуу пайдаланууга багытталган иш-чараларды каржылоонун булактары болуп «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган товарларды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын төлөмдөрү саналат.
6. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган акча каражаттары атайын эсепке келип түшкөн учурдан тартып, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте акча каражаттарын РОП операторунун алыш-бериш эсебине которот.
7. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мониторинг жана талдоо жүргүзүү үчүн, анын ичинде автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу түшкөн кирешелердин жалпы көлөмү жөнүндө маалыматты РОП операторуна жиберет.
3-глава. Утилдештирүү жыйымынын каражаттарын эсепке алуу жана сарптоо
8. Утилдештирүү жыйымынын каражаттарынын максаттуу багыты болот. РОП оператору алынган каражаттардын чегинде сарптоолорду жүзөгө ашырат жана төмөнкү багыттарды каржылоого акча-төлөм операцияларын жүргүзөт:
1) товарларды кайра иштетүүнүн деңгээлин жогорулатуу максатында товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык же жеке жактар, жеке ишкерлер менен келишимдерди түзүү аркылуу товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдерин аткаруу, анын ичинде:
– калдыктарды кайрадан пайдаланылуучу чийки зат катары чарбалык жүгүртүүгө тартуунун инфраструктурасын жана механизмдерин өнүктүрүү;
– алдынкы технологияларды колдонуу үчүн шарттарды түзүү;
– кайра иштетүүчү ишканаларды колдоо;
– РОП операторунун максаттарына ылайык иш жүргүзүү үчүн зарыл болгон мүлктү, анын ичинде имараттарды жана курулмаларды, калдыктарды кайра иштетүү боюнча жабдууларды, атайын техниканы сатып алуу;
– калдыктарды кайра иштетүү жана утилдештирүү менен байланышкан долбоорлорду каржылоо, аларда инфраструктура объекттерин түзүүгө же жакшыртууга багытталган милдеттердин, аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеси менен долбоордук, сметалык, техникалык документтер камтылууга тийиш;
– РОП операторунун максаттарына ылайык келген максаттарга гранттарды жана субсидияларды берүү;
– илимий изилдөөлөрдү жана калдыктар менен иштөө чөйрөсүндө агартуучу иш-чараларды колдоону жана өткөрүүнү каржылоо;
– маалыматтык-билим берүүчү материалдарын чыгаруу, маалыматтык видеоматериалдарды даярдоо жана чыгаруу, жалпыга маалымдоо каражаттарында, телекөрсөтүү жана радио боюнча, калдыктарды кайра иштетүү жана калдыктарды туруктуу жүгүртүү менен байланышкан социалдык тармактарда маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө;
– калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү боюнча долбоорлорду (иштерди) субсидиялоо жана (же) дем берүү;
– менчигинин түрүнө карабастан юридикалык, жеке жактар жана жеке ишкерлер менен түзүлгөн келишимдер боюнча чыгымдарды жабуу;
2) калдыктарды топтоо, тазалоо жана кайра иштетүү объекттерин куруу, реконструкциялоо, анын ичинде:
– РОП операторунун максаттарына ылайык иш жүргүзүү үчүн зарыл болгон курулуш объекттерин жайгаштыруу үчүн жер участокторун сатып алуу;
– калдыктарды иштетүү чөйрөсүндө калдыктарды кайра иштетүү боюнча алдынкы технологияларды киргизүү;
– объекттерди куруу, инфраструктураны реконструкциялоо жана модернизациялоо, алдынкы технологияларды киргизүү жана калдыктарды жүгүртүү жаатындагы башка иштер;
3) калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу системасын түзүү, анын ичинде:
– кийин кайра иштетилүүчү жана утилдештирилүүчү калдыктарды кабыл алуу пункттарын ачуу;
– калдыктарды натыйжалуу башкаруу үчүн транспорт каражаттарын сатып алуу;
– калдыктарды утилдештирүү жана кайра иштетүү боюнча иш-чараларды каржылоо;
– ыкчам жана токтоосуз чечүүнү талап кылган башка чыгымдар.
Утилизациялык жыйым каражаттары РОП операторунун уставында жана ушул Жободо каралган калдыктарды кайра иштетүү жана калдыктарды натыйжалуу башкаруу системасын өнүктүрүүгө байланыштуу долбоорлорду, башка иш-чараларды каржылоо үчүн РОП оператору тарабынан пайдаланылат.
9. Уюштуруу-материалдык-техникалык камсыздоону кошкондо, товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдерин аткаруу менен байланышкан РОП операторунун ишин камсыздоого сарптоолор утилдештирүү жыйымынын каражаттарынын эсебинен байкоочу кеңеш бекиткен ар жылдык бюджеттин чегинде каржыланат.
4-глава. Отчеттуулук жана контролдоо
10. РОП операторунун ишине аудит Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансылык контролдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
11. РОП оператору каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчет айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ар бир квартал сайын отчеттук кварталдан кийинки айдын 25ине чейин берилет. РОП оператору айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жылдык отчетту отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирбестен берет.
12. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган квартал сайын, отчёттук кварталдан кийинки айдын 30унан кечиктирбестен, утилдештирүү жыйымынан түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчётту болжолдоо жана бюджетти аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
13. РОП оператору бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт жана «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ишкананын эсепке алуу саясатына ылайык финансылык отчеттуулукту түзөт.
14. РОП оператору өзүнүн расмий сайтына бюджетти аткаруу жөнүндө маалыматты жайгаштырат.
5-глава. Жоопкерчилик
15. РОП операторунун жетекчилери жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
16. Мыйзамдардын жана ушул Жобонун талаптарын аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо менен билдирилген финансылык тартипти бузуулар аныкталган учурда, РОП операторунун жетекчилери жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.