Редакцияот 27.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

  VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  XII СЕССИЯСЫ

  

2026-жылдын 27-январы № 12/4

 

Кум-Дөбө айыл аймагындагы жаңы конуштагы көчөлөргө ат коюу боюнча элдик жыйындын протоколдорун бекитүү жөнүндө

 

Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын         айылдык кеңешинин депутаттары "Кыргыз Республикасынын  географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамынын жана  КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 25-март  №149 токтому менен бекитилгенКыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө ЖОБОнун негизинде, Кум-Дөбө айылынын жалпы элдик чогулуштарынын протоколдору менен таанышып жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын  айылдык  Кеңеши  токтом кылат:                                                    

 

1.            Кум-Дөбө айылынын элдик чогулушунун чечимине ылайык, Кум-Дөбө айылындагы  “Төрт-Күл”учатогундагы жайгашкан 1-көчө “Атыш ата”атындагы көчө деп аталсын.

2. Кум-Дөбө айылынын элдик чогулушунун чечимине ылайык, Кум-Дөбө айылындагы“Тегирмен”учатогунда жайгашкан 1-көчө “Адамалы ата ”атындагы көчө деп аталсын.

3. Кум-Дөбө айылынын элдик чогулушунун чечимине ылайык,  Кум-Дөбө айылындагы“Тегирмен”учатогунда жайгашкан 2-көчө “Каттообек Дүйшекеев” атындагы көчө деп аталсын.

4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан, каттоодон өткөрүү жагы жер адиси Н.Осмоного  милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

К. Ыбышов