Редакцияот 25.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

  VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  XIII СЕССИЯСЫ

  

2026-жылдын  25-февралы  № 13/1

 

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын, 2026-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2027-2028- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө

 

              Депутаттардын VII  чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл    аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары,  Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2026-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2027-2028-жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча финансы-экономикалык жана социалдык онуктуруу болумунун башчысы Дур уулу Улуктун отчётун, айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:

                                  

1.Кум-Дөбө айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер тармагынын  аткарылышы51 142,2 мин сомго, чыгашалар тармагы  55 307,9 мин  сом өлчөмүндө аткарылганы  бекитилсин.

 

2.2026-жылга Кум-Дөбө  айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 39 055,0 мин сом, мунун ичинен жергиликтүү салыктан түшүүчү кирешелер 39 055,0 мин сом, теңдештирүү грант 14 358,7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2026-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери теңдештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелеринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

Подох. салыгы-                                   17 295,6 миң сом

Патент салыгы-                                     348,5 миң сом

Кыймылсыз мүлккө салык-                     82,4 миң сом

            Огород салык-                                       700,8 миң сом

Айыл чарба эмес багыттагы салык-     650,0 миң сом

Роялти-                                                   851,5 миң сом

Лицензия-                                              200,0 мин сом

Жайыт акысы-                                       800,0 миң сом

ФПС аренда акысы-                              650,0 мин сом

Тазалык жыйым  -                                 17,5 мин сом

Атайын каражат-                                   2820,0 миң сом

Отчисление на развитие                       280,0 мин сом 

            Баары  -                                              24 696,3 миң сом

- теңдештирүүчү грант-                    14  358,7 мин сом.

 Жалпысы-                                           39 055,0 мин сом.

 

           Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга чыгымдар бөлүгү:

 

- башкаруу аппаратына-                             25 658,0 мин сом.

- агартуу тармагына-                                   7 512,7 мин сом

- маданият тармагына-                                 5 084,3 мин сом.

-жайыт-                                                            800,0 мин сом.

   Баары-                                                     39 055,0 мин сом өлчөмүндо бекитилсин. 

 

3.Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2027-жылга болжолдуу бюджетинин долбоору киреше бөлүгү 42 446,7 мин сом жана чыгымдар бөлүгү 42 446,7 миң сом суммасында, ошондой эле 2028-жылга киреше бөлүгү 45 453,7 миң сом жана чыгымдар бөлүгү  45 453,7 иң сом суммасында бекитилсин.

 

4.2026-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспектор А.Касмалиеваларга, Кум-Добо МИ  жетекчиси Б.Мондурбаевге тапшырылсын.

 

5.Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго жана финансы-экономикалык жана социалдык онуктуруу болумунун башчысы Дур уулу Улука милдеттендирилсин.

 

6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү комитетине тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага

К. Ыбышов