Редакцияот 28.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

XXIX-чакырылыштын 1- (кезектүү) сессиясы

 

2026-жылдын 28-январы № 1/8

 

“2025-жылдын 18-мартындагы №3/1 Мекемелер, жеке ишкерлер үчүн калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруунун ставкасын бекитүү жѳнүндѳ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

 

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 73, 74, 75-беренелерине, 76-беренесинин 2 - жана 3-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрында №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык,

З.КАЙНАЗАРОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. З. Кайназарова айыл аймагынын аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин.

2. Жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иши үчүн төмөнкүдөй бекитилсин:

1) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө.

2) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрельге чейин.

3) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрельге чейин.

3. Токтомдун атакарылышына көзөмөлдү З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Э.Б. Ибраимов