Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-апрели № 315
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 23, 30, 31 жана 34-2-тиркемелери тиешелүү түрдө ушул токтомдун 1, 2, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
| "23-тиркеме |
Борбордук-Азиялык жерди прикладдык изилдөө институтунун (БАЖПИИ) кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Тең директор | 3,90 |
2 | Администратор | 3,60 |
3 | Бөлүмдүн жетекчиси | 3,30 |
4 | Башкы бухгалтер | 3,10 |
5 | Эсептик бухгалтер-кассир | 2,70 |
6 | Адис | 2,20 |
7 | Жетектөөчү илимий кызматкер | 3,10 |
8 | Улук илимий кызматкер | 3,05 |
9 | Илимий кызматкер | 3,00 |
10 | Кенже илимий кызматкер | 2,70 |
Эскертүү: Борбордук-Азиялык жерди прикладдык изилдөө институтунун кызматкерлерине 15000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм (бир ставкадан ашык эмес) төлөнөт деп белгиленсин, ал өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны жана Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген калктын эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн төлөнөт (иш сапар, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш күндөрү иштеген күндөр алып салынат).".
|
| 2-тиркеме |
|
| "30-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,50 |
2 | Директордун орун басары | 4,20 |
3 | Башкы бухгалтер | 3,80 |
4 | Бөлүмдүн начальниги | 3,80 |
5 | Редакциянын башчысы | 3,60 |
6 | IT-бөлүмүнүн начальниги | 3,60 |
7 | Башкы адис | 3,40 |
8 | Жетектөөчү илимий редактор, жетектөөчү адис | 3,10 |
9 | Адис, техникалык редактор-дизайнер | 2,85 |
Эскертүү:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын өлчөмүнүн 50%ына чейин пайыздык үстөк төлөнөт деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине 15000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм (бир ставкадан ашык эмес) төлөнөт деп белгиленсин, ал өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны жана Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген калктын эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн төлөнөт (иш сапар, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш күндөрү иштеген күндөр алып салынат).".
|
| 3-тиркеме |
|
| "31-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Окуу-маалыматтык жана котормо борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,50 |
2 | Башкы бухгалтер | 3,80 |
3 | Башкы адис | 3,40 |
4 | Жетектөөчү адис | 3,10 |
5 | Ассистент | 3,10 |
Эскертүү:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Окуу-маалыматтык жана котормо борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын өлчөмүнүн 50%ына чейин пайыздык үстөк төлөнөт деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Окуу-маалыматтык жана котормо борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине 15000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм (бир ставкадан ашык эмес) төлөнөт деп белгиленсин, ал өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны жана Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген калктын эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн төлөнөт (иш сапар, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш күндөрү иштеген күндөр алып салынат).".
|
| 4-тиркеме |
|
| "34-2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,50 |
2 | Директордун орун басары | 4,20 |
3 | Башкы бухгалтер | 3,80 |
4 | Бөлүмдүн начальниги | 3,80 |
5 | Башкы адис | 3,40 |
6 | Жетектөөчү адис, бухгалтер | 3,10 |
7 | Адис | 2,95 |
Эскертүү:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын өлчөмүнүн 50%ына чейин пайыздык үстөк төлөнөт деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине 15000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм (бир ставкадан ашык эмес) төлөнөт деп белгиленсин, ал өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны жана Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген калктын эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн төлөнөт (иш сапар, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш күндөрү иштеген күндөр алып салынат).".