Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-апрели № 301
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
кесиптик орто жана жогорку билим берүү
чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кабыл алуунун ачык-айкын механизмдерин камсыз кылуу максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 «Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибинде:
– 56-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«– учурдагы календардык жылы мектеп окуучуларынын облустук конкурстарында 1, 2 жана 3-орундарды ээлеген абитуриенттерге. Мектеп окуучуларынын облустук конкурстарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан аныкталат.»;
– 59-пунктта «ошол ЖОЖдо» деген сөздөр «ушул билим берүү уюмунда» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 73-пунктта:
үчүнчү абзацта «ЖОЖдо» деген сөз «билим берүү уюмунда» деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– эл аралык, республикалык жана облустук олимпиадалардын байге ээлери (ушул жылы 1–3-орундарды ээлеген) тандап алган билим берүү уюмундагы олимпиаданын предмети профилдик болуп саналган багыттарга жана адистиктерге;»;
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«– учурдагы календардык жылы мектеп окуучуларынын облустук конкурстарынын байге ээлери болгон, 1, 2 жана 3-орундарды ээлеген абитуриенттер, конкурстун номинациясына ылайык келген профилдеги багыттар жана адистиктер боюнча, абитуриенттердин тандоосу боюнча (Бишкек шаарында жайгашкан билим берүү уюмдарын кошпогондо), алар ЖРТ катышкан жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алган шартта. Мектеп окуучуларынын облустук конкурстарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан аныкталат;»;
– 87-пунктта «ЖОЖдун» деген сөз «Билим берүү уюмунун» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 101-пунктта «ЖОЖ тарабынан» деген сөздөр «билим берүү уюму тарабынан» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 63 «Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарын каржылоонун ваучердик механизминин убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 2-пунктчасында «2025–2026-окуу жылдарына» деген сөздөр «2025–2026, 2026–2027-окуу жылдарына» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-пунктта:
– биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги:»;
– 1-пунктчада «2025–2026-окуу жылында» деген сөздөр «2025–2026, 2026–2027-окуу жылдарында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарын каржылоонун ваучердик механизминин убактылуу тартибинде:
– 12, 13-пункттарда «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды белгиленген тартипте көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |