Редакцияот 22.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

XXIX-чакырылыштын 2- (кезектүү) сессиясы

 

2026-жылдын 22-апрели № 2/2

 

З. Кайназарова атындагы айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” 2024-жылдын 22-февралындагы №53 Мыйзамынын, “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүүжөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтому менен бекитилген Типтүү Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчилике алып, З. Кайназарова атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын алдын ала брондоо тартиби жөнүндө Жобосу ушул токтомго №1 тиркеме катары бекитилсин.

2. “Достук” Муниципалдык ишканасы аталган Жободо бекитилген тартипте иш алып барсын.

3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик Укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жѳнѳтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Э.Б. Ибраимов