Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫНПРЕЗИДЕНТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 13-майы № 168
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026-жылдын 1-майынан тартып кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттерин жана өзгөчө маанилүү жана жооптуу иштерди аткаргандыгы үчүн үстөктүн өлчөмүн кайра кароо менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун негизги персоналынын эмгек акысын көбөйтсүн.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |