Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-апрели № 311
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын ишин башкаруу жана координациялоо механизмдерин өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамын түзүү жана сунуштоо тартибин тактоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө жободо:
- 3-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"бири - мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын финансы жаатында беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар өкүлү;";
- 5-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Экономикалык жөнгө салуу жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Байкоочу кеңештин курамынын долбоорун берет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |