Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-майы № 328
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 176 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик дарылоо мекемелеринин ишин андан ары өркүндөтүү жана калкты жеткиликтүү баадагы дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 176 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«– өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды ачууга;».
– 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«23. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орундары каралган.
Директордун орун басарлары мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басарлары Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, директордун жана директордун орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык аларга жүктөлгөн, бекитилген ыйгарым укуктардын алкагында Ишкананын ишин жетектейт.»;
– 24-пунктта:
– биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«24. Ишкананын директорунун орун басарлары төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн:»;
– бешинчи абзацтагы «орун басарын» деген сөздөр «орун басарларын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– расмий тилде 25-пункттагы «заместителя», «заместителей» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «заместителей», «заместителям» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 27-пунктта:
– сегизинчи, тогузунчу, онунчу, он экинчи, он бешинчи, он жетинчи, он сегизинчи, он тогузунчу, жыйырманчы, жыйырма үчүнчү абзацтардагы «Ишкананын» деген сөздөн кийин «жана филиалдын» деген сөздөр менен толукталсын;
– он үчүнчү абзацтагы «орун басарынын» деген сөздөр «директордун орун басарларынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– жыйырма сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– белгиленген тартипте Ишкананын кызматкерлерин, филиалдын жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык аларга карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;»;
– жыйырма тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– директордун орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө белгиленген тартипте мамлекеттик башкаруу органына сунуш киргизет;»;
– 28-пункттун экинчи абзацындагы «директордун орун басары» деген сөздөр «директордун орун басарларынын бири» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«29. Директордун орун басарлары өздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алат, көзөмөлдөгөн багыттар боюнча ишти уюштурат. Директордун буйругу менен аныкталган директордун орун басары Ишкананын ишинин айрым маселелери боюнча буйруктарга кол коёт жана чечимдерди кабыл алат.»;
– төмөнкү мазмундагы 291-пункт менен толукталсын:
«291. Ишкананын башкы бухгалтери директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Башкы бухгалтер Ишкананын финансылык каражаттарынын туура эсепке алынышы жана пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |