Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-февралы № 109
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалардын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалардын андан аркы ишин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июлундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалардын айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик-көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 33 жана 34-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
34. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директорунун орун басарлары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын Ишкананын директору тарабынан бекитилген милдеттерге ылайык жүзөгө ашырат.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-октябрындагы № 648 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта "Кыргызкоргоосервис" деген сөз "Аскер Сервис" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-пунктта "Кыргызкоргоосервис" деген сөз "Аскер Сервис" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 4-пунктта "Кыргызкоргоосервис" деген сөз "Аскер Сервис" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте белгиленген тартипте:
- кайра уюштурулуучу мамлекеттик ишканалардын өткөрүп берүү актыларын бекитсин;
- жаңы түзүлгөн мамлекеттик ишкананы мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскер Сервис" мамлекеттик ишканасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитсин;
3) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалардын кредитордук карыздарын төлөө үчүн акча каражаттарын бөлсүн.";
5) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Кыргызкоргоосервис" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- аталышында "Кыргызкоргоосервис" деген сөз "Аскер Сервис" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пунктта "Кыргызкоргоосервис" деген сөз "Аскер Сервис" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскер Сервис" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Аскер Сервис" при Министерстве обороны Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР КМ "АС" МИ";
- расмий тилде: "ГП "АС" при МО КР".";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Ишкана төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзөт:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана мамлекеттик башкаруу органынын кызматкерлерин пландуу соода-тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу, гарнизондорго, аскер шаарчаларына, аскердик контингент (бөлүкчө) жайгашкан башка жерлерге (анын ичинде талаа шарттарында) жайгаштырууда алардын товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен аскердик-техникалык кызматташуу системасын өркүндөтүү, аскердик, кош жана атайын арналыштагы продукцияларды экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо чөйрөсүндөгү аскердик-техникалык кызматташуу субъекттеринин ишин тартипке салуу, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык аскердик-техникалык кызматташуу маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын жана аскердик-техникалык кызматташуу субъекттеринин аракеттерин координациялоого көмөктөшүү.
Ишкана аскердик, кош жана атайын багыттагы продукцияларга карата экспорттук-импорттук жана реэкспорттук операцияларды ишке ашырууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүлүштөрүн камсыз кылуу үчүн курал-жарак, аскердик техника, ок атуучу курал, ок-дарылар, аскердик-техникалык мүлк жана жабдуулар жаатындагы мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик ички сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик ортомчу болуп саналат.";
- 14-пунктта:
7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) Кыргыз Республикасынын коргонуу-өнөр жай комплексинин ата мекендик ишканаларынын экспорттук жана өндүрүштүк потенциалын өнүктүрүү;";
төмөнкүдөй мазмундагы 8-10-пунктчалар менен толукталсын:
"8) коргонуу өнөр жайы, улуттук жана жамааттык коопсуздук жаатындагы эл аралык, мамлекеттер аралык жана региондук программаларды ишке ашырууга катышуу;
9) импортту алмаштыруу, өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоо программаларын ишке ашыруу жана коргонуу өнөр жайы жана курулуш чөйрөсүндө инновациялык технологияларды киргизүү;
10) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн материалдык-техникалык камсыздоонун заманбап логистикалык жана сервистик системасын түзүү.";
- 15-пунктта:
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Кыргыз Республикасынын коргонуу-өнөр жай комплексин өнүктүрүүгө багытталган аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык программаларына, ошондой эле илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерге катышуу;";
15-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15) аскердик, кош жана атайын багыттагы продукция боюнча тышкы экономикалык операцияларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик ортомчунун функцияларын аткаруу;";
- 16-пунктта:
14-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) эл аралык коргонуу, аскердик-техникалык жана илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга катышуу;";
27-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27) коргонуу өнөр жайы чөйрөсүндө инвестициялык, инновациялык жана инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;";
31 жана 32-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31) мамлекеттик органдарга жана ишканаларга аскердик-экономикалык жана тышкы экономикалык иштин маселелери боюнча маалыматтык-аналитикалык, консультативдик жана юридикалык колдоо көрсөтүү;
32) мамлекеттик сырларды, кызматтык маалыматтарды жана жеке маалыматтарды мыйзамда белгиленген тартипте коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу.";
33-35-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пунктта:
12-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) мамлекеттик жана эл аралык конкурстарга жана тендерлерге, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программаларына катышууга;";
төмөнкүдөй мазмундагы 13-15-пунктчалар менен толукталсын:
"13) Уюштуруучу жана мамлекеттик башкаруу орган менен макулдашуу боюнча тышкы экономикалык ишти, анын ичинде продукцияны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону, импорттоону жана реэкспорттоону жүзөгө ашырууга;
14) өндүрүштүк жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гранттарды, инвестицияларды, кредиттерди жана башка каржылык ресурстарды тартууга;
15) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.\
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |