Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 28-апрели № 152
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 244 "Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелерин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 244 "Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруунун, сактоонун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жободо:
- 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 31, 32-пункттар менен толукталсын:
"31. Атайын класстык чени жок мамлекеттик жарандык кызматчыга биринчи атайын класстык чен, ушул Жобонун 13-пунктунда каралган учурду кошпогондо, административдик кызмат орундарынын тиешелүү тобу үчүн биринчи атайын класстык чендер болуп саналган кенже юрист, 2-класстагы юрист, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси атайын класстык чендерине карата -административдик кызмат орунга дайындалгандан кийин бир жылдан эрте эмес ыйгарылат.
Эгерде кызматчы бир мамлекеттик органдын чегинде башка кызмат орунга дайындалса, анда ушул пунктта каралган атайын класстык чендерди ыйгаруу үчүн мөөнөт бул мамлекеттик органдын бардык кызмат орундарында үзгүлтүксүз кызмат кылган бардык убакыттын жыйындысы боюнча эсептелет.
32. Юстициянын 3 жана 2-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чени, ушул Жобонун 13-пунктунда каралган учурду кошпогондо, ээлеген кызмат ордунда эки жылдан кем эмес иштегенден кийин гана ыйгарылышы мүмкүн.
Жогорку административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлеген адамдарга кезектеги атайын класстык чен ээлеген кызмат ордунда мурдагы атайын класстык ченде 3 жылдан кем эмес болгон шартта ыйгарылышы мүмкүн.
Өзгөчө учурларда өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ушул пункттун биринчи жана экинчи абзацтарында белгиленген талаптарды эске албастан юстициянын 3 жана 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси атайын класстык чени ыйгарылышы мүмкүн.";
- 4-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Конституциялык соттун аппарат жетекчисине, анын орун басарына, Конституциялык соттун төрагасынын кеңешчисине -Конституциялык соттун төрагасынын сунушу боюнча;
- Жогорку соттун аппарат жетекчисине жана анын орун басарларына, Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчисине, Жогорку соттун ведомстволук органдарынын жетекчилерине - Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |