Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2025-жылдын 17-сентябры № 3395-VII
"2025-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы "Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун кошумча каржылоо "CASA-1000" долбоору боюнча финансылык контрактты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 31-июлундагы чыг. № 18-8155) "2025-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы "Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун кошумча каржылоо "CASA-1000" долбоору боюнча финансылык контрактты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
|
Н.Азыгалиев |