Редакцияот 18.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРГОЧОР  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН                                 

 

I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  №18 - КЕЗЕКТЕГИ  СЕССИЯСЫ

 

 

ТОКТОМ

 

 

2026-жылдын  08-апрель №131

 

 

Жерди которуу (тарнсформациялоо) жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдары” Мызамынын 27-беренесинин 1-болугунун 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү убактылуу Жобосун” жетечиликке алып, “Энерджи ГЭС” ЖЧКнын ишеним катынын негизиндеги өкүлү М.Берикбаевдин кайрылуусунун негизинде Оргочор жергиликтүү  кеңеши токтом кылат:

 

  1. Чоӊ-Кызыл-Суу суусуна чакан ГЭС курула тургандыгы эске алынсын.

 

  1. Чакан ГЭСтин курулуш шаарчасына объектилерин жайгаштыруу жана транспорт токтото турчу жай  үчүн Чоӊ-Кызыл-Суу айылынын  №1677 контурундагы жайыт (таштак) жолдун жээгинен  2 га жерди трансформациялоого макулдук берилсин.

 

  1. Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына жерди которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү документтерди даярдоого жөнөтүлсүн жана жүргүзулгөн иштерге  көзөмөл кылып иш алып баруу жагы Оргочор  айыл өкмөтүнүн башчысы  Н.Жусуповго милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жана экология маселелери боюнча, финансы пландо, бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жана сырттан келген инвестицияларды көзөмөлдөө маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

        Төрага                                   А.Тыныбеков