ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №18 - КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-апрель №133
Ысык-Көл колхозунун 1991-1994-жылдардагы архивдик кагаздар боюнча №729- контурундагы 0,20 га кашар орду жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, мурдакы Ысык-Көл колхозунун 1991-1994-жылдардагы архивдик кагаздар боюнча №729- контурундагы 0,20 га кашар ордуна документ алып, айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча Оргочор айыл өкмөтүнүн орун басары К.Искаковдун билдирүүсү угулуп жана талкууланып, Оргочор жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Мурдакы Ысык-Көл колхозунун 1991-1994-жылдардагы архивдик кагаздар боюнча №729- контурундагы 0,20 га кашар ордуна документ алып, айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин.
- Жерге тиешелүү документтерди мыйзам чегинде бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчысы Н.Жусуповго тапшырылсын.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага А.Тыныбеков