Редакцияот 12.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин   II  чакырылышынын

кезектеги  ХI сессиясы

 

2025-жылдын 12-августундагы № 1

 

“Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылга карата бекитилген бюджетинин аткарылышы боюнча 6 айлык отчётун бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-, 117-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алуу менен, Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XI-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

           1. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы бюджетинин аткаруусу боюнча 6 айлык отчёту канааттандырарлык деп табылсын.

 

2.   Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

           К.К.Анарбеков