Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК
САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2026-жылдын 22-апрели № П-185
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү “Контролдук-кассалык машиналарды (программалык камсыздоо менен байланышкан иштер бөлүгүндө) эксплуатациялоого даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча техникалык тейлөө” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын бекитүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү “Контролдук-кассалык машиналарды (программалык камсыздоо менен байланышкан иштер бөлүгүндө) эксплуатациялоого даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча техникалык тейлөө” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Фискалдаштырууну ишке киргизүүнү контролдоо башкармалыгы:
1) ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитинде жарыяласын;
2) ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяланган булагын көрсөтүү менен ушул буйруктун эки нускадагы мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөсүн кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун эки нускадагы мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси:
1) мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча ишти мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бекитилген стандартына ылайык уюштурсун;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж.Маматбекова) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрүнө жана аймактык башкармалыктарына жеткирсин.
5. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А. О. Осмонов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.А. Алманбетовго жүктөлсүн.
7. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| А.Н. Шыкмаматов |