Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-апрели № 324
Молдо Нияз акындын музей комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жана Молдо Нияз атындагы Мамлекеттик тарыхый-мемориалдык музей түзүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында, Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 67 токтомун жана Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 01-06/116 буйругун көңүлгө алып, «Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушуна макулдук берилсин жана Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Ак-Кыя айылында жайгашкан, идентификациялык коду 8-02-10-10012401, Молдо Нияз акынга арналган музей комплекси, ошондой эле ага жанаша курулмалар, жер тилкеси жана тиешелүү материалдык-техникалык базасы мамлекеттик менчикке кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу бардык зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик мүлктүн базасында Молдо Нияз атындагы Мамлекеттик тарыхый-мемориалдык музей түзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 6-пунктта «22» деген цифралар «21» деген цифраларга алмаштырылсын;
- 12-пунктта «18» деген цифралар «17» деген цифраларга алмаштырылсын;
- «Жыйынтыгы» позициясында «157» деген цифралар «155» деген цифраларга алмаштырылсын;
- 38-пунктта «11» деген цифралар «10» деген цифраларга алмаштырылсын;
- «Жыйынтыгы» позициясында «27» деген цифралар «26» деген цифраларга алмаштырылсын;
- 50-пунктта «36» деген цифралар «34» деген цифраларга алмаштырылсын;
- «Жыйынтыгы» позициясында «43» деген цифралар «41» деген цифраларга алмаштырылсын;
- «Бардыгы» позициясында «251» деген цифралар «246» деген цифраларга алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 83-пункт менен толукталсын:
«83. Молдо Нияз атындагы Мамлекеттик тарыхый-мемориалдык музейдин штаттык саны 5 штаттык бирдик (директор, башкы илимий кызматкер, зал кароочу, бөлмө тазалоочу жана кароолчу) чегинде белгиленет.».
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
6. Молдо Нияз атындагы Мамлекеттик тарыхый-мемориалдык музейди каржылоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин тиешелүү финансылык жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү ыкчам башкарууга кабыл алсын;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү максаттуу пайдаланууну жана талаптагыдай тейлөөнү камсыз кылсын;
3) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-майындага № 34 (3794) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу схемасы