Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын
2026-жылдын 22-апрелиндеги №П-185 буйругуна тиркеме
“Контролдук-кассалык машиналарды (программалык камсыздоо менен байланышкан иштер бөлүгүндө) эксплуатациялоого даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча техникалык тейлөө” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | “Контролдук-кассалык машиналарды (программалык камсыздоо менен байланышкан иштер бөлүгүндө) эксплуатациялоого даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча техникалык тейлөө” – Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринин 10-главасынын 12-пункту. |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | – Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №193 токтому менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №134 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси жөнүндө” токтому; – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 9-апрелиндеги №104 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесин контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борбору катары аныктоо жөнүндө” буйругу |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Контролдук-кассалык машиналарды (программалык камсыздоо менен байланышкан иштер бөлүгүндө) эксплуатациялоого даярдоо, каттоо жана тейлөө боюнча техникалык тейлөө |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: – белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда; – имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканалар, жуунуучу бөлмөлөр) бардык жарандардын тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары – ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен камсыз кылуу; – кезек күтүү принциби боюнча; – күтүү үчүн орундар, дааратканалар, жылытуу, суу түтүктөрү, телефон менен камсыз кылуу; – жеңилдик берилген категориядагы жарандарды кезексиз тейлөө (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар жактар). Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде зарыл болгон документтердин тизмесин жана арыздардын үлгүлөрүн жайгаштыруу |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 1 ай (кызматтын төлөмүнүн түшүшүнө жараша); – арызды кабыл алуунун чектелген убактысы – 30 мүнөткө чейин; – мамлекеттик кызмат көрсөтүү органынын аткаргандыгын ырастоочу документти берүүгө чектелген убакыт – 30 мүнөткө чейин |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан (мындан ары – МСК) жана МСКнын алдындагы “Салык Сервис” ММ алууга болот. Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн: – жазуу жүзүндө; – оозеки түрдө (телефон аркылуу, жеке байланышта); – МСКнын https://sti.gov.kg/ жана “Салык Сервис” ММдин http://it.salyk.kg/ сайтында электрондук формада. Маалымат менен МСКнын https://sti.gov.kg/ жана “Салык Сервис” ММдин http://it.salyk.kg/ сайтынан мамлекеттик жана расмий тилдердеги маалыматтык стенддерден таанышууга болот. |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же тизмелөө) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты таратуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн: – радио, телекөрсөтүү, МСКнын https://sti.gov.kg/ жана “Салык Сервис” ММдин http://it.salyk.kg/ сайттары; – МСКнын жана “Салык-Сервис” ММдеги стенддер, буклеттер жана брошюралар; – телефон аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими өлкөнүн бардык райондорундагы МСКнын сайттарында, такталарында жайгаштырылат. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет. |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу телефон байланышы, электрондук почтасы, салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталары коюлат. Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, жарандарга карата этиканы, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышуусун жокко чыгарган кызматтык нускамалар (функционалдык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон жактар (көрүүсү жана угуусу боюнча жана таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алууда жарандардын жеке маалыматтары ачыкка чыгарылбайт жана кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринен тышкары жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандар төмөнкүлөрдү көрсөтүшү керек: – үлгүгө ылайык кызмат көрсөтүү жөнүндө арыз; – өздүгүн тастыктоочу документ (паспорт, өздүк күбөлүк, санариптик документ); – ишеним кат (юридикалык жактар үчүн); – төлөгөндүгү жөнүндө квитанция; |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал МСКнын маалыматтык стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылган. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын буйругу менен бекитилет. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: – колдонуучу үчүн актуалдуулук; – көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүк жана өз убагында болуу; – жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этноско таандыктыгы, туткан дини, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; – жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; – кызмат көрсөтүү шарттарынын шайкештиги: ДМЧА үчүн имаратка, жайга кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); – мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы, зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү, электрондук форматта кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө, ошондой эле ККМдин ишине мониторинг жүргүзүүнүн алкагында көрсөтүлөт. |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: – керектөөчү, ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди толук бербесе; – кызмат көрсөтүүгө кайрылган жактын аны алууга укугу же болбосо башка жактын атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугу жок болсо; – документтер белгиленген талаптарга ылайык келбесе (зарыл документтердин толук эмес тизмеси берилген жана/же туура эмес толтурулган учурда); – берилген документтерде чындыкка дал келбеген маалыматтар болсо; – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жана аларды сактабаган учурда; – мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдин шарттары бузулганда. |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү түздөн-түз же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу “Салык Сервис” ММдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда алуучу белгиленген тартипте жогору турган ыйгарым укуктуу салык органына (МСК) кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, доонун маңызы, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн же анын өкүлүнүн колу жана датасы камтылууга тийиш. Даттанууларды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жооп алуу мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси чечимдерине сот тартибинде даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен үзгүлтүксүз кайра каралып турушу керек. |