Редакцияот 12.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин   II  чакырылышынын

кезектеги  ХI сессиясы

 

2025-жылдын 12-августундагы № 3

 

“Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылдын II-жарым жылдыгына карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын №59 Бюджеттик кодексинин 78-беренесине,               115-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Базар-Коргон шаардык кеңешинин                       бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Базар-Коргон шаарынын депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XI-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

          1. Базар-Коргон шаар мэриясынын ФЭБнүн башчысынын берген билдирүүсүнүн негизинде 2025-жылдын II-жарым жылдыгына карата жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй отургузулсун.

 

а) 70629 -разделдин 3111-статьясына -1800,0 миң сомго

б) 70629 -разделдин 2511-статьясына -2188,0 миң сомго

 

 

Жалпысы болуп 3988,0миң сом акча каражаты жогоруда көрсөтүлгөн разделдин элементтеринен кыскартылсын.

 

а) 70111-разделдин 2215-статьясына +1906,0 миң сомго

б) 70629-разделдин 3111-статьясына +800,0 миң сомго

в) 70629-разделдин 3112-статьясына +1282,0миң сомго

 

 

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

                 К.К.Анарбеков