Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026--жылдын 13-марты № 163
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматынын «Атайын байланыш кызматы» Мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдеринин сүрөттөлүшүн жана айырмалоо белгилерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 «Атайын жана ведомстволук форма кийимдерин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдегердик кызматынын «Атайын байланыш кызматы» Мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийүүнү жана айырмалоочу белгилерин тартипке келтирүү максатында буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматынын «Атайын байланыш кызматы» Мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматынын «Атайын байланыш кызматы» Мамлекеттик ишканасы:
а) ушул буйруктун расмий жарыяланган күндөн тартып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөлөрүн, аны кабыл алган тилде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө булагын көрсөтүү менен эки нускада жиберилсин;
б) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып:
- буйруктун көчүрмөсү эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлсүн.
- бул буйрук Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына расмий жарыяланышы камсыз кылынсын.
3. Бул буйруктун талаптарынын жеткиликтүү аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматынын «Атайын байланыш кызматы» Мамлекеттик ишканасынын директоруна (С.Т. Асаналиев) жүктөлсүн.
4. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору С.Н. Ниязбековго жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.
Министр милициянын генерал-лейтенанты |
|
У.О. Ниязбеков |
Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлигинин
2026-жылдын 13-мартындагы
№ 163 буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматынын «Атайын байланыш кызматы» Мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин (аялдар менен эркектердин) ведомстволук форма кийиминин айырмалоо белгилеринин жана фурнитурасынын сүрөттөлүшү
1. «Бейсболка» кепкасы
«Бейсболка» кепкасы 5 клинчектүү, кепканын түсү кочкул көк. Кепканын маңдай жагынын ортосунда Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана диаметри 30 – 35 мм болгон саймаланган кокарда жайгашкан (1-сүрөт).
Курткасынын ылдый жагы кең бел боо менен жасалган, көкүрөк бөлүгүндө жашыруун топчулар менен жабылуучу клапандары бар эки жапшырма чөнтөк, жеңдеринде эки чөнтөк жана документтер үчүн ным өткөрбөс бир ички чөнтөк бар. Курткасынын кайрылма жакасы болуп, аны «стойка» түрүндө чейин топчулоого болот. Жеңдеринде чыканак бөлүгү бекемделген, билек жагында үч топчу менен жабылуучу жөнгө салуучу паттары бар. Куртканы флис менен жылуулоого болот.
Шымы кенен тигилген, тизе бөлүгү бекемделген.
Чөнтөктөрү: арткы жагында эки чөнтөк, алды жагында эки сан чөнтөк, капталдарында жапшырма чөнтөктөр бар. Бардык чөнтөктөрү жашыруун топчу менен жабылуучу клапандар менен камсыздалган. Куртканы флис менен жылуулоого болот. Аял кызматкерлер үчүн юбка кийүүгө уруксат берилет.
Ошондой эле даярдоо процессинде бул формалык кийимдин техникалык сүрөттөмөсүнө өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн (2-сүрөт).
3. Поло көйнөк
Трикотаждан тигилген ачык көк түстөгү футболка, кайрылма жакасы бар жана үч топчу менен жабылат. Кыска жеңдүү, түз классикалык үлгүдөгү модель. Сыртка чыгуу үчүн кийилет (3-сүрөт).
4. Футболка
Трикотаждан тигилген футболка, түз классикалык үлгүдөгү, узун же кыска жеңдүү. Түстөрү: кочкул көк, коргоочу жана камуфляж өңдөрүндө даярдалат (4-сүрөт).
5. Жарым жүндөн токулган свитер
Жарым жүндөн токулган, кочкул көк түстөгү, бекемдөөчү жапшырмалары бар свитер. Жакасы классикалык — моюнга жабышкан (моюнга жабышкан жака) же V-түрүндөгү оюк менен болушу мүмкүн. Ийин жана чыканак бөлүктөрүндө бекемдөөчү жапшырмалар, ошондой эле көкүрөк жагында чөнтөк (же чөнтөктөр) бар (5-сүрөт).
6. Кышкы жылууланган куртка
Жылууланган куртка кочкул көк түстөгү кездемеден тигилет, төмөнкү жагына чейин астары бар, түз силуэттүү. Алдыңкы бөлүгүндө борбордук жашыруун борттук илгичи бар, үстүндө бир ачык топчу каралган. Алынуучу капюшону жана кочкул көк түстөгү табигый (же жасалма) жүндөн тигилген алынуучу жакасы бар. Жогорку жана төмөнкү бөлүктөрүндө клапандары бар жапсырма чөнтөктөрү жайгашкан. Жакасы кайрылма.
Жеңдери кыстарма, бир тигиштүү. Жеңдин ылдый жагы жабык кесим менен бүктөлүп тигилген. Куртканы флис менен кошумча жылуулоого болот.
Ошондой эле даярдоо учурунда бул формалык кийимдин техникалык сүрөттөмөсүнө өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн (6-сүрөт).
7. Бут кийим
Тактикалык жайкы жана кышкы бут кийимдер жана алардын аналогдору. Кочкул түстөгү функционалдык бут кийим, максималдуу ыңгайлуулук үчүн конструкциясы, материалдары жана дизайны менен айырмаланат, ошондой эле алардын аналогдору каралат (7-сүрөт).
8. Жарык кайтаруучу элементтери менен атайын сигналдык жилет (фельдъегерлер жана фельдъегер-айдоочулар үчүн, эл аралык аэропорттордун перрон аймагына учактардын траптарына кирүүдө колдонулат)
Лимон түстөгү материалдан тигилген жилет жана анын аналогдору. Алдыңкы бөлүктөрүнө туурасынан жайгашкан тилкелер тигилген, арткы бөлүгүндө — эки туурасынан тилке бар, ал эми арткысынын ортоңку бөлүгүндө «АТАЙЫН БАЙЛАНЫШ» деген кыскартылган жазуу жайгашкан. Жилеттин моюн оюгу, колтук оюктары, каптал жана этек четтери кант менен көмкөрүлгөн (8-сүрөт).
2. Айырмачылык белгилери
1. Жең белгиси (Шеврон)
Жең белгиси (шеврон) бир түрдө жасалат жана поло көйнөк талаа курткасы жана кышкы курткалардын сол жеңине тигилет.
Жең белгиси ар кандай ведомстволук форманын сол жеңинин сырт жагына, жогорку чекесинен 80 мм төмөндө тигилет(8-сүрөт).
«Атайын байланыш кызматы» деген жең белгиси кара түстөгү сукнадан жасалып, 80 × 65 × 90 мм өлчөмүндөгү калкан формасында болот. Жогорку бөлүгүндө «Кыргыз Республикасы» деген жазуу бар.
Ортоңку бөлүгүндө бүркүттүн эмблемасы, бүркүттүн алдында кара түстөгү калкан – ачык сары-кызгылт сары четтери менен, калкандын алдында тик жайгашкан кылыч – үстү жагында кара түстөгү сабы менен, калкандын эки тарабында тең бирден чагылган – учтарында жебелери бар. Төмөнкү бөлүгүндө — «Атайын байланыш кызматы» деген жазуу.
Четтери, сүрөттөрү жана жазуулары поливинилхлорид пленкасы жана жибек жиптер менен жасалган. Сол жеңге тигилет (9-сүрөт).
2. Бастырылып тигилген
Бастырылып тигилген «АТАЙЫН БАЙЛАНЫШ» белгиси: – белгинин өлчөмү 110 мм * 30 мм, талаа курткаларынын жана атайын кийимдердин сол жагында көкүрөккө жайгаштырылат (10-сүрөт).
«Атайын байланыш кызматы» МИнин борбордук аппаратынын жетекчилиги жана административдик кызматкерлери ишкердик стилге, жалпы кабыл алынган ченемдерге жана эрежелерге ылайык келүүгө тийиш. Административдик кызматкерлердин тизмесин «Атайын байланыш кызматы» МИнин жетекчиси аныктайт.
Түшүндүрмөгө тиркеме
1-сүрөт. «Бейсболка» кепи
2-сүрөт. Талаа формасындагы костюм
3-сүрөт. Поло көйнөк
4-сүрөт. Футболка
5- сүрөт. Жарымы жүндөн токулган свитер
6-сүрөт. Кышкы жылууланган куртка
7-сүрөт. Бут кийим
8 -сүрөт. Жарык кайтаруучу элементтери менен атайын сигналдык жилет
9 -сүрөт. Жең белгиси (Шеврон)
10-сүрөт. Бастырылып тигилген белги (нашивка)