Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин   II  чакырылышынын

кезектеги  XII  сессиясы

 

2025-жылдын  9-сентябрындагы  № 1

 

“Базар-Коргон шаарындагы автобекетти муниципалдык менчик реестрине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-,34-,45-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2025-жылдын 4-августундагы №35075 сандуу тапшырмасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-августундагы №666-т тескемесинин 2-пунктуна ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жетекчиси А.Юсупжановдун 09.08.2025-жылдын чыгыш №01-4/336 сандуу катына жана     Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

             1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын                     4-августундагы №666-т тескемесинин 2-пунктунун негизинде Базар-Коргон шаарындагы автобекетти муниципалдык менчик реестрине кабыл алууга макулдук берилсин.

              2.      Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевге жүктөлсүн.

              3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

                 К.К.Анарбеков