Редакцияот 09.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин   II  чакырылышынын

кезектеги  XII  сессиясы

 

2025-жылдын  9-сентябрындагы  № 2

 

“Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдында жаңы ачылып жаткан “Чарбалык эсептеги Базар-Коргон автобекет” муниципалдык ишканасын ачуу максатында Уставын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын                               27,65-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин                           2025-жылдын 4-августундагы №666-т тескемесинин 2-пунктуна ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин 13.08.2025-жылкы №01-28/2289 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кенешинин «Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин                 II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

            1.  Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдында жаңы ачылып жаткан “Чарбалык эсептеги Базар-Коргон автобекет” муниципалдык ишканасын ачуу максатында Уставын алымча-кошумчасы менен бекитип берүүгө макулдук берилсин.

              2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевге жүктөлсүн.

              3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кенешинин ««Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Аскар кызы Жанаргүлгө милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

                 К.К.Анарбеков