Редакцияот 14.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2026-жылдын 14-апрели № 49

2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу)" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу)" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия өнүктүрүү банкына кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 29 (3789) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 19-мартында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган