Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) конкурсту уюштурууга бирдиктүү, системалуу мамилени камсыз кылуу жана конкурстук жол-жоболордун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн заманбап санариптик технологияларды киргизүү максатында билим берүүнүн тиешелүү деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) "Мугалим" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "Мугалим" АМС) - педагогикалык кызматкерлер жана мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги кызматкерлер жөнүндө маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу, талдоо жана жалпылоо үчүн колдонулган маалыматтык система;
2) сыноо мөөнөтү - эмгек мамилелерин андан ары улантуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн иш берүүчү билим берүү уюмунун жетекчисинин кесиптик сапаттарын жана ээлеген кызмат ордуна шайкештигин баалаган белгиленген убакыт аралыгы;
3) квалификациялык талаптар - кесиптик билим деңгээлине, даярдык багытына (адистигине), педагогикалык жана (же) башкаруучулук иш стажына, ошондой эле билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмунун жетекчисинин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билимдерге жана көндүмдөргө карата белгиленген талаптар;
4) квалификациялык тестирлөө - талапкердин кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин аныктоо жана анын квалификациялык талаптарга шайкештигин белгилөө максатында жүргүзүлүүчү баалоо жол-жобосу;
5) конкурс - билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөө үчүн белгиленген талаптарга талапкерлердин компетенцияларын жана алар тарабынан берилген документтерди баалоого багытталган, ушул Жобого ылайык жүргүзүлүүчү жол-жобо;
6) талапкер - билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышууну каалаган жеке жак;
7) "Мугалим" АМС пайдалануучулары - ыйгарым укуктуу органдын, билим берүүнү башкаруу органдарынын, билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, билим алуучулар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү), педагогикалык кызматкерлер, ошондой эле системага кирүүгө уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
8) талапкердин компетенциясы - билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмунун жетекчисинин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон жеке сапаттардын, кесиптик билимдердин, көндүмдөрдүн жана жөндөмдөрдүн жыйындысы;
9) билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордуна кадрлар резерви - тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн жана билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөө үчүн тизмеге киргизилген талапкерлердин белгиленген тартипте түзүлгөн маалыматтар базасы;
10) босолук балл - тесттик сыноолордун жыйынтыгынын минималдуу мааниси, ага жетүү талапкерди жеңүүчү деп таануу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат жана анын кесиптик компетенттүүлүгү ырасталгандыгын күбөлөндүрөт;
11) электрондук сертификат - "Мугалим" АМС тарабынан түзүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун алкагында талапкердин тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндүгүн ырастоочу электрондук түрдөгү документ.
3. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) тарабынан жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун уюштурулушун жана өткөрүлүшүн контролдойт.
5. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча ишти координациялоо конкурстук комиссияга (мындан ары - Комиссия) жүктөлөт, анын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) билим берүүнүн тиешелүү деңгээлин тейлеген ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басары (Комиссиянын төрагасы);
2) билим берүүнүн тиешелүү деңгээлин тейлеген ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси (Комиссиянын төрагасынын орун басары);
3) Департаменттин өкүлү (Комиссиянын катчысы);
4) билим берүү чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү;
5) билим берүү чөйрөсүндөгү коомдук бирикмелердин өкүлдөрү;
6) педагогикалык же ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
7) билим берүү чөйрөсүндөгү көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча).
7. Комиссиянын функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө квалификациялык тестирлөөлөрдү өткөрүүнүн ар жылдык графигин бекитүү;
- ушул Жободо белгиленген тартипте Департамент берген отчеттун негизинде конкурстун жеңүүчүсүн бекитүү.
2-глава. Конкурсту өткөрүүнүн этаптары, талапкерлерге коюлуучу талаптар жана конкурска катышуу үчүн документтерди тапшыруунун тартиби
8. Билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын бардык бош кызмат орундары үчүн өткөрүлөт.
9. Билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордуна кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурстун жол-жобосу төмөнкү этаптардан турат:
1) өтүнмө берүүчүнүн профилинде билим берүү деңгээлин тандоо жана "Өтүнмө берүү" функциясын активдештирүү жолу менен тестирлөөгө катышуу үчүн зарыл болгон документтердин жана маалыматтардын тизмеги бар болгон учурда автоматтык түрдө түзүлүүчү "Мугалим" АМС аркылуу электрондук түрдө өтүнмө берүү;
2) тестирлөөнү өткөрүү жана бош кызмат орундарына кадрлар резервине киргизилген талапкерлердин тизмесин аныктоо;
3) бош кызмат орундарды жарыялоо;
4) билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына кадрлар резервинен бош кызмат ордуна өтүнмө берген талапкерлерди аныктоо;
5) билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмунун жетекчисин дайындоо.
10. Конкурска төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келген Кыргыз Республикасынын жарандарына уруксат берилет:
1) билим берүү чөйрөсүндө иштеген педагогикалык жана (же) башка адистик боюнча тиешелүү жогорку кесиптик билими барлар;
2) төмөнкү иш стажы барлар:
- билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмунда жалпысынан 5 (беш) жылдан кем эмес педагогикалык жана (же) башкаруучулук иш стажы; же
- билим берүүнү башкаруу органдарында башкы кызматта 2 (эки) жылдан кем эмес иш стажы; же
- билим берүүнү башкаруу органдарында улук кызматта 3 (үч) жылдан кем эмес иш стажы; же
- аймактык билим берүү органдарынын алдындагы методикалык кабинеттин жетекчисинин кызматында 3 (үч) жылдан кем эмес иш стажы; же
- билим берүү уюмунун тиешелүү деңгээлиндеги административдик-башкаруу персоналынын курамында 3 (үч) жылдан кем эмес иш стажы;
3) билим берүү чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын конституциялык жана тармактык мыйзамдары, анын ичинде уюштуруу, пландоо жана контролдоо, каржылоо, административдик, эмгектик жана жарандык укук, документ жүгүртүү, ички тартип, иштин натыйжалуулугун баалоо жана персоналды башкаруу маселелери боюнча билимге ээ болгондор;
4) төмөнкүлөргө ээ болгондор:
- билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча билимге;
- билим берүү уюмдарын башкаруунун, билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун теориясына жана ыкмаларына;
- башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттерин болжолдоо көндүмдөрүнө;
- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, эл алдында чыгып сүйлөөгө, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) жана коомчулук менен иштөөнү билүүгө;
- пайдалануучу деңгээлинде маалыматтык технологияларды билүүгө;
- коммуникативдик жана уюштуруучулук жөндөмдөргө;
5) аракетке жөндөмдүү (аларды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечимдери жок);
6) соттуулугу жоктор;
7) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн медициналык каршы көрсөтмөлөрү жоктор;
8) эмгек мыйзамдарына ылайык терс негиздер боюнча иштен бошотуу фактысы жоктор;
9) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен аныкталган мөөнөттүн ичинде педагогикалык иш менен алектенүүгө чектөөлөрү жоктор.
11. Билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлер маалыматтык технологиялар аркылуу кайрылганда талапкер Департамент тарабынан белгиленген, конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин жана маалыматтардын тизмегин камтыган электрондук форманы толтуруу жолу менен "Мугалим" АМСке электрондук өтүнмө берет.
12. Электрондук өтүнмөнү берүү талапкер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 173 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы (мындан ары - БИС) аркылуу "Мугалим" АМСте авторизациялоо жана идентификациялоо жол-жобосунан өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
13. БИС аркылуу авторизациялоодон өткөндөн кийин "Мугалим" АМСтеги талапкердин профилинде талапкер тууралуу маалыматтар, анын ичинде жеке маалыматтары жана Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө маалыматтар түзүлөт. Маалыматтарды түзүү талапкердин жеке идентификациялык номерин киргизүүдө мамлекеттик маалымат системаларынан алынган маалыматтардын негизинде автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
14. Билими тууралуу маалыматтар жана эмгек стажын ырастаган документтер мамлекеттик маалымат системаларында болгон учурда алар автоматтык түрдө "Мугалим" АМСте түзүлөт. Көрсөтүлгөн маалыматтар жок болгон же алар санариптештирилбеген учурда талапкер ырастоочу документтердин электрондук көчүрмөлөрүн "Мугалим" АМСке өз алдынча жүктөйт.
15. Талапкердин кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылганы, соттуулугунун бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтар, ошондой эле наркологиялык жана психоневрологиялык диспансерлерде эсепке коюу жөнүндө маалыматтар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жана жеке маалыматтарды коргоо маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралат жана текшерилет.
16. Ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда "Мугалим" АМСте "Тестирлөөгө өтүнмө" функциясы активдештирилет.
17. Департамент "Мугалим" АМС аркылуу документтер келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күнгө чейинки мөөнөттө ушул Жобого ылайык алардын белгиленген талаптарга ылайык келишин текшерет. Конкурска өтүнмөлөрдү берүү тестирлөө датасына чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен аяктайт.
18. Департамент талапкер тарабынан берилген документтердин ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келишин ырастайт. Ылайык келиши ырасталгандан кийин талапкердин "Мугалим" АМСтеги жеке кабинетине тестирлөөнү өткөрүү датасы жана убактысы автоматтык түрдө көрсөтүлгөн кабарлоо жөнөтүлөт. Тестирлөөнүн датасы жана убактысы Комиссия тарабынан жыл сайын бекитилүүчү тестирлөөнү өткөрүү графигине ылайык "Мугалим" АМС тарабынан аныкталат. Тестирлөө календардык жылда эки жолудан ашык эмес жүргүзүлөт.
19. Талапкерге билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө тестирлөөгө катышууга уруксат берүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылат:
1) ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген, билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык келбегенде;
2) толук эмес, анык эмес же ушул Жобонун талаптарын бузуу менен таризделген документтерди бергенде.
20. Тестирлөөгө катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлоо себептерин көрсөтүү менен талапкерлерге өтүнмө берилгенден кийин 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбестен "Мугалим" АМС аркылуу пайдалануучунун жеке кабинетине жиберилет. Талапкер көрсөтүлгөн сын пикирлерди четтетүүгө жана документтерди кайрадан тапшырууга укуктуу.
21. Бир эле билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна жалпысынан 10 (он) жылдан ашык иш жүргүзгөн талапкер ошол эле билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордун ээлөөгө конкурска катыша албайт.
3-глава. Тестирлөөнү өткөрүү тартиби
22. Тестирлөө Департамент тарабынан кесиптик даярдык деңгээлин, Кыргыз Республикасынын билим берүү, педагогика, билим берүүдөгү психология, менеджмент чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын билүүсүн, ошондой эле маалыматтык технологияларды колдоно билүүсүн баалоо үчүн электрондук форматта уюштурулат.
23. Департамент төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- тестирлөөнүн формасын жана кадрлар резервине өтүүнүн босоголук баллын белгилейт;
- талапкерлердин кайрылууларын же даттанууларын карайт;
- тесттик тапшырмалардын базасын түзөт, жаңылайт жана бекитет;
- тестирлөөгө киргизилген талапкерлерди каттайт;
- компьютердик тестирлөөнү өткөрөт;
- тестирлөөнүн жыйынтыктарын иштеп чыгат жана тиешелүү протоколдорду түзөт;
- талапкерге тестирлөөнүн жыйынтыгын берет;
- конкурстун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органдын, Департаменттин сайттарына жана "Мугалим" АМСке жарыялайт.
24. Департамент "Мугалим" АМСте документтери ушул Жобонун 2-главасында белгиленген талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен тестирлөөдөн өтүү үчүн талапкерлердин тизмесин түзөт.
25. Тестирлөөнүн жыйынтыктары компьютердин экранында ал аяктагандан кийин дароо көрсөтүлөт.
26. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Департамент тарабынан тестирлөөдөн өткөн талапкердин жеке кабинетине алган баллды көрсөтүү менен төмөнкү белгилер менен электрондук протокол жүктөлөт:
- тапшырмалардын жалпы саны: ______;
- туура жооптордун саны: ______;
- жалпы жыйынтык (пайыз менен): ____%;
- босоголук баллдан "өттү"/"өткөн жок".
27. Тестирлөө аяктагандан кийин Департамент ушул Жобонун 26-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыган жыйынтыктар менен протоколдорду тариздейт. Протоколдор Комиссия тарабынан бекитилет жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
28. Тестирлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат Департамент тарабынан ар бир пландык тестирлөөдөн кийин алган баллдарды көрсөтүү менен "Мугалим" АМСке автоматтык түрдө киргизилет.
29. Босоголук баллды алган талапкерлер билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына кадрлар резервине киргизилүүгө тийиш. Департамент киргизилген талапкерлерге төрт түрдөгү электрондук сертификаттарды берет (тиешелүү билим деңгээлине жараша).
30. Билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына кадрлар резерви тестирлөөнүн жыйынтыктарынын негизинде "Мугалим" АМСте автоматтык түрдө түзүлөт жана талапкерлердин билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерге эки жылдын ичинде документтерди тапшырууга укук берген сертификаттары болгон учурда колдонулат.
4-глава. Бош орундарды жарыялоо жана билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстан өткөн адамдарды аныктоо тартиби
31. Билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундары ай сайын, айдын биринчи дүйшөмбүсүндө саат 9.00дө "Мугалим" АМС расмий сайтынын "Бош орундар" бөлүмүндө төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен жарыяланат:
- билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын аталыштарын;
- билим берүү уюмдарынын аталыштарын жана жайгашкан жерлерин;
- өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтүн.
32. Бир талапкер бош орундар жөнүндө бир жарыянын алкагында бир бош кызмат ордун ээлөөгө гана өтүнмө берүүгө укуктуу.
33. Билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына кадрлар резервинде турган талапкерлер билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын бар экендиги жөнүндө "Мугалим" АМСтеги пайдалануучунун жеке кабинетинен автоматтык түрдө кабарлоо алат.
34. Билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордуна талапкерлердин ичинен эң көп балл алган талапкер дайындалат.
35. Баллдар тең болгон учурда артыкчылык башкаруучулук иш стажы көп болгон талапкерге, ал эми көрсөтүлгөн стажы бирдей болгондо - педагогикалык стажы көп болгон талапкерге берилет.
36. Конкурстан өтпөй калган учурда талапкер кийинки айда билим берүү уюмундагы бош кызмат ордуна конкурска катышууга өтүнмө берүүгө укуктуу.
37. Талапкер конкурстан өткөн жана аны кызмат ордуна дайындоо жөнүндө буйрук чыккан учурда конкурска катышуу сертификаты жокко чыгарылат. Конкурска андан ары катышуу үчүн талапкер билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн кайра тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү.
38. Эгерде билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат орду ээленбесе, тиешелүү бош орун тууралуу маалымат ачык жеткиликтүүлүктө сакталат жана кийинки айда "Мугалим" АМСтин "Бош орундар" бөлүмүндө кайра жайгаштырылууга тийиш.
39. Конкурсту өткөрүүнүн тартибин бузуулар аныкталган учурда же конкурс өткөрүлгөндөн кийин жана анын жеңүүчүсү жарыялангандан кийин ыйгарым укуктуу орган жана (же) Департамент Комиссиянын чечиминин негизинде төмөнкүдөй чараларды көрөт:
- кызматтык териштирүү жүргүзүүнү демилгелейт;
- талапкердин жыйынтыктарын жокко чыгарат.
5-глава. Билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмунун жетекчисин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу тартиби
40. Конкурстун жеңүүчүсүнүн маалыматтары дайындоо жөнүндө буйруктун долбоорун даярдоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), башталгыч кесиптик жана кошумча билим берүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жооптуу кызматкеринин жеке кабинетине, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жооптуу кызматкеринин жеке кабинетине автоматтык түрдө түшөт.
41. Конкурстун жеңүүчүсү "Мугалим" АМСке кабарланган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө келүүгө жана ишке кабыл алуу жөнүндө аймактык бөлүмдүн жетекчисинин атына жазуу жүзүндө арыз берүүгө милдеттүү. Ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык бөлүмү билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо жөнүндө буйрук чыгарат жана аны дайындоо мөөнөтүн көрсөтүү менен "Мугалим" АМСке жүктөйт.
42. Эгерде конкурстун жеңүүчүcү өтүнмө берүү үчүн ушул Жобонун 41-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө келбесе жана келбей калуунун жүйөлүү себебин (убактылуу эмгекке жарамсыздык же ден соолугунун башка абалы, жакын тууганынын өлүмү же катуу оорусу, аны багуу зарылдыгы, өзгөчө кырдаалдар (форс-мажор), транспорттун иштебей калышы же көз карандысыз себептер боюнча келүүгө мүмкүн эместик, милдеттүү мамлекеттик милдеттерди аткаруу, ошондой эле анын эркине көз каранды болбогон жана документ түрүндө ырасталган ушул сыяктуу жагдайлар) ырастаган документтерди бербесе, билим берүү уюмундагы кызмат орду "Мугалим" АМСте бош катары кайра катталат.
43. Билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмунун жетекчиси 6 айлык сыноо мөөнөтү менен 5 жылга дайындалат.
44. Сыноо мөөнөтүнөн өтпөгөн билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмдарынын жетекчилери 1 жылдан кийин конкурска кайра катышууга укуктуу.
45. Билим берүү уюмунун жетекчисинин ыйгарым укуктары ушул Жобонун 43-пунктунда көрсөтүлгөн белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин же төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулганда токтотулат:
- сыноо мөөнөтүнүн канааттандырарлык эмес жыйынтыктары;
- мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө жеке арыз берүү;
- өзү тарап болуп саналган кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо жана (же) жөнгө салуу боюнча өз убагында иш-аракеттерди жасабоо;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер;
- соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмү;
- соттун чечими боюнча билим берүү уюмунун жетекчисин аракетке жөндөмсүз деп таануу;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоочу жерге чыгып кетүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу;
- каза болуу;
- соттун чечими боюнча билим берүү уюмунун жетекчисин дайынсыз жок деп таануу.
46. Сыноо мөөнөтү аяктаганга чейин эмгек келишимин бузуу, билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордунан которуу же бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
47. Билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат орду боюнча милдеттерди аткаруу ошол билим берүү уюмунун жетекчисинин орун басарларынын бирине (мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн - билим берүү уюмунун кызматкерлеринин бирине) жаңы жетекчи дайындалганга чейин үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөлөт.
6-глава. Конкурска катышкан талапкерлердин жана аны уюштуруучулардын жоопкерчилиги
48. Конкурска катышкан талапкерлер, Комиссиянын мүчөлөрү, Департаменттин жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери объективдүүлүк, калыстык, конкурсту өткөрүүнүн белгиленген тартибин сактоо, конкурсту өткөрүүдө колдонулуучу маалыматтык системаларга кийлигишүүгө аракет кылуу, маалыматтарды бурмалоо, тесттик тапшырмаларга, тестирлөөнүн жыйынтыктарына санкцияланбаган жетүү же конкурстун жыйынтыктарын бурмалоого багытталган башка аракеттер, талапкерлер жана конкурстун жыйынтыктары жөнүндө жеке мүнөздөгү маалыматтардын купуялуулугун расмий жарыяланганга чейин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартат.