Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 25-февралы № 111-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Оман Султанатынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, атайын жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 111-т тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Оман Султанатынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, атайын жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2025-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Оман Султанатынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, атайын жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашууда жарандар - Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери жана Оман Султанатынын дипломаттык, кызматтык жана атайын паспортторунун ээлери Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагына кирүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан 180 күндүк мезгилдин ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө бошотула тургандыгы каралган.
Макулдашууну ратификациялоо иштиктүү мобилдүүлүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жарандардын - дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлеринин Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жеңилдетет.
Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
2025-жылдын 17-июнунда Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 637-т тескемеси менен жактырылган.