Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын «___» ________ № ____ тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 22-сентябрында Швейцария Конфедерациясынын
Женева шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинети менен СПИД, кургак учукка жана
безгекке каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонддун
ортосундагы Алкактык макулдашууга Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин
корутундусу
Алкактык макулдашуунун (мындан ары – Макулдашуу) негизги максаты Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын ВИЧ-инфекцияга жана кургак учукка каршы аракеттенүү бөлүгүндө бекемдөө болуп саналат.
Бул Макулдашуунун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- калктын диагностика жана дарылоо кызмат көрсөтүүлөрүнө туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- эпидемиологиялык көзөмөлдү, мониторинг жүргүзүүнү жана программалардын ишке ашырылышын баалоону жакшыртуу;
- тобокелдик топторунун арасында алдын алуу иш-чараларын кеңейтүү;
- медикаменттерди, диагностикалык тесттерди, лабораториялык жабдууларды жана керектелүүчү материалдарды сатып алуу;
- медициналык кызматкерлердин жана саламаттык сактоо программаларынын адистеринин квалификациясын жогорулатуу;
- ВИЧ-инфекцияга жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияларды ишке ашырууну колдоо;
- медициналык жана лабораториялык мекемелердин материалдык-техникалык базасын бекемдөө.
Макулдашууну ратификациялоо ВИЧ-инфекция жана кургак учук жүгүн азайтууга, ошондой эле жалпысынан саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө багытталган гранттык каражаттарды алуу үчүн зарыл болгон укуктук шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Гранттын алуучусу болуп Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги саналат. Ишке ашыруу боюнча аткаруу агенттиги болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, ошондой эле Глобалдык фонддун жол-жоболоруна ылайык аныкталган башка уюмдар саналат.
Макулдашуу Глобалдык фонддун финансылык жардамды берүү шарттарын, жол-жоболорун жана механизмдерин, анын ичинде мониторинг жүргүзүү, отчеттуулук, каражаттарды пайдалануу, сатып алуу жол-жоболору жана натыйжалуулукту баалоо боюнча талаптарды чагылдырат.
Социалдык маанилүү оорулардын жайылышын алдын алуунун жана саламаттык сактоо системасынын потенциалын бекемдөөнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен Макулдашууну ратификациялоо өз убагындагы жана негизделген чара болуп саналат.
Макулдашуунун тексти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашылган.
Аталган Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Глобалдык фонддун гранттык колдоосу ВИЧ-инфекциянын жана кургак учуктун алдын алуу, диагностикалоо, дарылоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууга багытталган. Берилүүчү каражаттар кайтарымсыз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууну ратификациялоо социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык, ошондой эле финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.