Редакцияот 14.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2026-жылдын 14-майы № 486-VIII

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү

киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы

пикирлери жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2026-жылдын 19-мартында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук берилсин жана Мыйзам четке кагылсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 19-майында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7726 расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

М.А. Маматалиев