Редакцияот 30.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКCИЗ XIХ СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 30-апрели № 14

 

Ак-Жар айылындагы спорт комплексинин

пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Ак-Жар айылындагы спорт комплексинин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу, санитардык абалын жакшыртуу, коммуналдык жана тейлөө чыгымдарын жабуу, ошондой эле жаштарга жана тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Ак-Жар айылындагы спорт комплексин пайдалануу боюнча төмөнкү төлөмдөр бекитилсин:

·         командалар үчүн спорт залды пайдалануу акысы  саатына 1000 (бир миң) сом;

·         турнир өткөрүлгөн күндөрү күнүмдүк төлөм 10000 (он миң) сом;

·         жеке машыгуулар үчүн төлөм киши башына айына 1500 (бир миң беш жүз) сом.

  1. Спорт комплексин пайдаланган жарандар жана командалар колдонулган спорттук инвентарлардын бузулушуна же жараксыз абалга келүүсүнө жол берген учурда келтирилген чыгымды толук көлөмдө төлөп берүүгө милдеттендирилсин.
  2. Спорт комплексине кирүүдө бардык катышуучулар үчүн бахила же атайын спорттук бут кийим кийүү милдеттүү деп белгиленсин.
  3. Спорт комплексинен түшкөн каражаттар анын күнүмдүк муктаждыктарына, тазалык иштерине, майда оңдоо иштерине жана коммуналдык чыгымдарды жабууга жумшалсын.
  4. Мектеп окуучуларынын спорттук ийримдерге катышуусу үчүн акысыз шарт түзүү жагы каралсын.
  5. Ат-Башы айыл өкмөтүнө Ак-Жар спорт комплексинин ишмердүүлүгүн уюштуруу, тазалыгын камсыз кылуу, ички тартип эрежелерин, ижара төлөмдөрүн алуу тартибин, түшкөн каражаттарды пайдалануу механизмин камтыган ички жобону иштеп чыгып, бекитүү сунушталсын.
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин билим берүү, саламаттык сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  7. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

Мелис уулу У.