Загрузка документа…
|
| КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 303 токтомуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүн ачуу тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлчүлүктөрүн (мындан ары – кабарчылар пункттары) ачуу жана ишин токтотуу тартибин аныктайт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) кайрылуу – ушул Жобонун 4-пунктуна ылайык жөнөтүлүүчү чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражатынын (мындан ары – ЖМК) расмий суроо-талабы;
2) тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана тышкы саясат чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашырган мамлекеттик орган;
3) маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – ЖМК чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган мамлекеттик орган;
4) юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – мамлекеттин ишин ченемдик-укуктук камсыздоону жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде каттоону камсыз кылган мамлекеттик орган.
2-глава. Кабарчылар пунктун ачуу үчүн
чет өлкөлүк ЖМКнын кайрылуу тартиби
3. Кабарчылар пунктун ачуу маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашуудан кийин чет өлкөлүк ЖМКга жөнөтүлүүчү тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кат жүзүндөгү кабарлоосунун негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Кабарчылар пунктун ачуу үчүн чет өлкөлүк ЖМК тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга расмий бланктагы кайрылууну жөнөтөт.
5. Кайрылууда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) чет өлкөлүк ЖМКнын толук жана кыскартылган (бар болсо) аталышы, ал уюштурулган өлкө;
2) кабарчылар пунктун ачуу максаты (максаттары);
3) чет өлкөлүк ЖМКнын редакциясынын жайгашкан жери (юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги);
4) чет өлкөлүк ЖМК келип чыккан өлкөсүндө мамлекеттик каттоосу жөнүндө маалыматтар (каттоочу органдын аталышы, катталган датасы жана номери, каттоо номери);
5) тематикасы, чыгуу мезгилдүүлүгү (мезгилдүү басылмалар үчүн – тиражы) жана маалыматтарды жайылтуунун тили;
6) Кыргыз Республикасынын аймагында кабарчылар пунктунун болжолдуу жайгашкан жери (толук дареги);
7) ачылып жаткан кабарчылар пунктунун жетекчиси жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү, атасынын аты (бар болсо), жарандыгы, ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жөнүндө маалыматтар).
6. Кайрылууга төмөнкү документтер тиркелет:
1) чет өлкөлүк ЖМКнын жетекчилиги тарабынан бекитилген кабарчылар пункту жөнүндө жобо;
2) чет өлкөлүк ЖМКнын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
3) чет өлкөлүк ЖМКнын келип чыккан өлкөдө мамлекеттик каттоосун ырастаган документтин көчүрмөсү.
7. Кайрылуу жана ага тиркелген документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилинде берилет. Документтер башка тилде берилген учурда аларга нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине котормосу тиркелет.
8. Кайрылууну кароо үчүн жыйым алынбайт.
9. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайрылуу келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде кабарчылар пунктун ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жүйөлүү корутунду алуу үчүн маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга суроо-талап жөнөтөт.
10. Маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайрылууну жана берилген документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештиги боюнча карайт жана суроо-талап алынган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбеген мөөнөттө тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарчылар пунктун ачууга макулдук берүү же ачуудан баш тартуу жөнүндө жүйөлүү корутунду жөнөтөт.
11. Маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган кабарчылар пунктун ачууга макулдук берүү жөнүндө же ачуудан баш тартуу жөнүндө корутундунун негизинде тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган корутунду келип түшкөн күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) кабарчылар пунктун ачууга макулдук берүү жөнүндө;
2) кабарчылар пунктун ачуудан баш тартуу жөнүндө.
3-глава. Кабарчылар пунктун ачууга макулдук берүүнүн тартиби
12. Кабарчылар пунктун ачууга макулдук берүү жөнүндө чечим тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү жазуу жүзүндөгү кабарлоосу менен таризделет.
Ачууга макулдук берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоо төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
– кабарчылар пунктунун аталышын;
– Кыргыз Республикасынын аймагындагы кабарчылар пунктунун дарегин (жайгашкан жерин);
– кабарчылар пунктун ачууга макулдук берилгендигин ырастоону;
– кат түзүлгөн датаны;
– ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасын.
13. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабарчылар пунктун ачууга макулдук берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоо берилгенден кийин чет өлкөлүк ЖМК анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ЖМК ишин жөнгө салган мыйзамдарында белгиленген тартипте кабарчылар пунктун андан ары мамлекеттик каттоо үчүн юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
14. Кабарчылар пункту юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып ачылган деп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүргүзүүгө укуктуу.
15. Катталган кабарчылар пункту жөнүндө маалыматтар юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
16. Ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөрүлгөн учурда чет өлкөлүк ЖМК каттоонун маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн бул тууралуу тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
4-глава. Кабарчылар пунктун ачуудан баш тартуунун
негиздери жана тартиби
17. Төмөнкү учурларда кабарчылар пунктун ачуудан баш тартылышы мүмкүн:
1) ушул Жобонун 5 жана 6-пункттарында каралган документтердин толук эмес пакети берилгенде;
2) атайылап жалган же анык эмес маалыматтарды камтыган документтер берилгенде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген маалыматтар болсо;
3) маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жүйөлүү корутундусунда чет өлкөлүк ЖМК иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбейт деген тыянак болсо;
4) эгерде ушул чет өлкөлүк ЖМКнын мурда ачылган кабарчылар пункту мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде жабылган болсо.
18. Кабарчылар пунктун ачуудан баш тартуу жөнүндө чечим маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жүйөлүү корутундусунун негизинде тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
19. Кабарчылар пунктун ачуудан баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоо тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баш тартуунун жүйөлүү себептерин көрсөтүү менен чет өлкөлүк ЖМКга жиберилет.
20. Кабарчылар пунктун ачуудан баш тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
21. Баш тартуу үчүн негиз болгон себептерди жоюу чет өлкөлүк ЖМКга ушул Жободо белгиленген тартипте кабарчылар пунктун ачуу жөнүндө кайрылуу менен кайрадан кайрылууга укук берет.
5-глава. Кабарчылар пунктунун ишин токтотуу
22. Кабарчылар пунктунун иши төмөнкүлөрдүн негизинде токтотулат:
1) чет өлкөлүк ЖМК чечими боюнча (ыктыярдуу). Бул учурда чет өлкөлүк ЖМК тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга иши токтотулган датага чейин 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде;
3) тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуусунун негизинде – ушул Жободо каралган учурларда.
23. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЖМК жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кабарчылар пункту же анын кызматкерлери системалуу түрдө (бир календардык жылдын ичинде эки жана андан көп жолу) бузган учурда маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жүйөлүү жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде кабарчылар пунктун ачууга макулдук берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону кайра чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алат.
24. Кабарчылар пунктун ачууга макулдук берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону кайра чакыртып алуу тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарчылар пунктунун ишин токтотуу жана ал жөнүндө маалыматтарды Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестринен чыгаруу жөнүндө кайрылууну жиберүү үчүн негиз болуп саналат.
25. Юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн кайрылуунун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестринен кабарчылар пункту жөнүндө маалыматтарды алып салуу тууралуу жазууну киргизет.
26. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарчылар пунктун ачууга макулдук берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону чакыртып алуу тууралуу чечими чет өлкөлүк ЖМК тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотто даттанылышы мүмкүн.
6-глава. Корутунду жобо
27. Кабарчылар пункттарынын ишин контролдоо тышкы саясат чөйрөсүндөгү жана маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.