Загрузка документа…
|
| КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 303 токтомуна 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредитациялоо
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бардык түрдөгү маалыматты эркин жана кеңири жайылтуунун, бул жаатта чет өлкөлөр менен кызматташууну колдоо кызыкчылыгында, журналисттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (мындан ары – ЖМК) башка кызматкерлерине укуктук коргоону жана алардын кесиптик ишин жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен, 1948-жылдагы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жана 1966-жылдагы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын, 1975-жылдагы Европа коопсуздук жана кызматташтык боюнча кеңешменин Корутунду актысынын жана ЕККУнун маалымат жаатындагы жана гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык боюнча кийинки документтеринин жоболорун сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк ЖМК кабарчыларынын кесиптик ишин жүзөгө ашыруусуна жол берилет.
2. Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет өлкөлүк ЖМК кабарчыларынын укуктук абалы жана кесиптик иши Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле ушул Тартип менен жөнгө салынат.
3. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк ЖМК кабарчылары катары жарандыгына карабастан журналисттер, мезгилдүү басма сөз басылмаларынын, радио-, теле-, видео- жана кинохроникалык программалардын, жалпыга маалыматтарды мезгилдүү жайылтуунун башка формаларынын өкүлдөрү аккредитацияланышы мүмкүн.
2-глава. Чет өлкөлүк ЖМК кабарчыларын аккредитациялоо
4. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк ЖМК кабарчыларын аккредитациялоо тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
5. Чет өлкөлүк ЖМК кабарчыларын убактылуу аккредитациялоо жөнүндө кайрылуу кызыкдар болгон ЖМК жетекчилиги тарабынан жазуу жүзүндө тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
Чет өлкөлүк ЖМК кабарчыларын аккредитациялоо маселелери боюнча тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуу ушул ЖМКнын бланкында жетекчисинин колу коюлган расмий катты же тиешелүү өлкөнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык нотасын, ЖМК тууралуу маалыматтарды, белгиленген үлгүдөгү толтурулган анкетаны, кабарчылардын биографиялык маалыматтарын, паспорттордун скан-көчүрмөлөрүн, колдонулуучу жабдуулардын тизмесин, ошондой эле 3×4 өлчөмүндөгү электрондук форматтагы сүрөттөрдү камтууга тийиш.
6. Чет өлкөлүк ЖМК кабарчыларын туруктуу аккредитациялоо жөнүндө чечим тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча кабыл алынат. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талаптары улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү жазуу жүзүндөгү кайрылуу алынган күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө каралат. Аккредитацияланган чет өлкөлүк ЖМК кабарчысы тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда 2 (эки) жылга чейинки колдонуу мөөнөтү менен туруктуу аккредитациялоо жөнүндө карта (мындан ары – аккредитациялык карта) алат.
7. Чет өлкөлүк ЖМК кабарчысын убактылуу аккредитациялоо жөнүндө чечим тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча кабыл алынат.
Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк ЖМК кабарчысын убактылуу аккредитациялоону макулдашуу жөнүндө суроо-талаптары улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү жазуу жүзүндөгү кайрылуу алынган күндөн тартып 14 (он төрт) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө каралат. Чет өлкөлүк ЖМК кабарчысына Кыргыз Республикасына келгенден кийин тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 3 (үч) айга чейинки колдонуу мөөнөтү менен убактылуу аккредитациялоо жөнүндө ырастоо менен расмий кат жөнөтүлөт. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда убактылуу аккредитациялангандар өзүнүн редакциясынын атайын тапшырмасы менен Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк кабарчылар, ошондой эле негизги туруктуу аккредитацияланган кабарчы өргүүдө болгон, ооруп калган, башка өлкөгө иш сапарга кеткен учурда анын ордуна келген журналисттер болушу мүмкүн.
8. Чет өлкөлүк ЖМК кабарчысынын аккредитациялык картасын берүү үчүн каттоо жыйымы алынбайт.
9. Аккредитациялык картанын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин чет өлкөлүк кабарчы аны тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырууга же аккредитациялык картанын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу жүзүндө өтүнүч менен аккредитациянын мөөнөтү аяктаганга чейин 15 (он беш) күндөн кечиктирбестен кайрылууга милдеттүү.
Аккредитацияланган чет өлкөлүк кабарчы ЖМК жетекчилигинин жаңы кайрылуусунун негизинде кайрадан аккредитацияланышы мүмкүн. Кайрадан аккредитациялоо жөнүндө чечим тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Тартиптин 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн тартипте улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча 1 (бир) айдын ичинде кабыл алынат.
10. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, ошондой эле Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 19 жана 20-беренелеринин негизинде алар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу болсо, чет өлкөлүк кабарчыны аккредитациялоону токтотууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын аймагында аккредитациясы жок чет өлкөлүк ЖМК кабарчыларынын мыйзамсыз кесиптик иш жүргүзүү фактылары аныкталган учурда, тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маселени маңызы боюнча чечүү үчүн бул тууралуу улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.
11. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча чет өлкөлүк ЖМК кабарчысын аккредитациялоодон баш тартууга укуктуу.
Чет өлкөлүк ЖМК журналистин туруктуу же убактылуу аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкү учурларда кабыл алынат:
– аккредитация алуу үчүн кайрылууда аккредитация алуу үчүн кайрылган жак тарабынан анык эмес маалыматтарды (документтерди) берүү фактысы аныкталса;
– чет өлкөлүк ЖМКнын журналисти тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо чөйрөсүндөгү жана (же) журналисттердин кесиптик ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары бузулса;
– Кыргыз Республикасынын сотунун чет өлкөлүк ЖМКнын чыгарылышын же чет өлкөлүк ЖМКнын продукциясын Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтууну токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирсе.
12. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 1 (бир) айдын ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирүү жиберет.
13. Баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 (алты) айдан эрте эмес убакытта чет өлкөлүк ЖМК кабарчысына аккредитация берүү жөнүндө кайрылууну кайталап берүүгө жол берилет.
Жаңы кайрылуу ушул Тартипте белгиленген жалпы тартипте каралат.
14. Кыргыз Республикасында эл аралык жана ички иш-чаралар (конгресстер, съезддер, форумдар, семинарлар ж.б.) аларды чагылдыруу үчүн чет өлкөлүк ЖМК кабарчыларын чакыруу менен өткөрүлгөн учурларда алар тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан визалык колдоо алуу менен чакыруу боюнча сапарды тариздешет. Чет өлкөлүк кабарчылар Кыргыз Республикасындагы кабыл алуучу ведомстволордо жана уюмдарда катталат, алар ушул Тартиптин мазмунун аларга билдиришет. Кыргыз Республикасында кабыл алуучу ведомстволордо жана уюмдарда катталгандан кийин чет өлкөлүк ЖМК кабарчыларынын бул категориясы тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү билдирүүсүнөн кийин жүргөн мөөнөтүнө убактылуу аккредитация алат.
15. Чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин, Кыргыз Республикасында катталган аскердик атташелердин аппараттарынын, чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, авиакомпаниялардын, банктардын, соода-өнөр жай жана ортомчу фирмалардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын ЖМК кызматкерлери болуп эсептелген адамдар, эл аралык террористтик, диний-экстремисттик, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, курал-жарак сатуу чөйрөсүндө аракеттенген уюмдар жана башка деструктивдүү күчтөр менен кызматташууга шектелген адамдар, ошондой эле алардын иши мурда Кыргыз Республикасынын аймагында коомдук-саясий абалга терс таасирин тийгизип, иштин жагдайын объективдүү чагылдырууга каршы келген адамдар чет өлкөлүк ЖМК кабарчылары катары аккредитациялана албайт жана кабарчылар пункттарынын техникалык кызматкерлери катары каттала албайт.
3-глава. Чет өлкөлүк ЖМК кабарчыларынын укуктары жана милдеттери
16. Чет өлкөлүк жарандыгы бар чет өлкөлүк кабарчылар «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 7-беренелеринде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган укуктарды жана милдеттерди колдонот.
17. Аккредитацияланган чет өлкөлүк кабарчылар Евразия экономикалык бирлигинин укугуна жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жабдууларды, басма, кол жазма, аудио-, видео- жана фотоматериалдарды, ошондой эле турмуш-тиричилик багытындагы буюмдарды ташып кирүүгө жана ташып чыгууга укуктуу.
18. Чет өлкөлүк кабарчылар өздрүнүн материалдарын, радио-, видео- жана телемаалыматтарын кандайдыр бир цензурасыз эркин жөнөтүүгө укуктуу.
19. Аккредитацияланган чет өлкөлүк кабарчыларга алардын автордук укуктарынын жана кесиптик сырга болгон укуктарынын сакталышы кепилденет.
20. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк кабарчылар Кыргыз Республикасынын саясий, социалдык-экономикалык жана маданий турмушу жөнүндө объективдүү маалыматты таратууга, журналисттик этиканын жалпыга таанылган ченемдерин сыйлоого милдеттүү.
21. Баруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын атайын уруксаты талап кылынган райондорду же объекттерди кошпогондо, чет өлкөлүк кабарчыларга Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүрүү укугу берилет.
22. Аккредитацияланган чет өлкөлүк кабарчылар Кыргыз Республикасында кесиптик ишин жүзөгө ашыруу үчүн берилген укуктарды пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясын урматтоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик актыларын сактоого милдеттүү.
23. Чет өлкөлүк ЖМК кабарчылары (техникалык кызматкерлери) катары аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөлүк ЖМК кабарчысынын (техникалык кызматкеринин) статусун өзүнүн кесиптик функцияларын аткарып жаткан учурда гана пайдаланат.
4-глава. Маалымат булактарына жеткиликтүүлүк
24. «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген тиешелүү эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлүк кабарчылар өздөрүнүн кесиптик милдеттерин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында жарыяланууга тийиш болбогон материалдарды кошпогондо, расмий, коомдук, жеке жана башка маалымат булактарына эркин жеткиликтүү боло алышат, маалыматтын жана анын булагынын купуялуулугунун камсыздалышына укуктуу.
25. Аккредитацияланган чет өлкөлүк кабарчыларга расмий пресс-конференцияларга, брифингдерге жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын ЖМК өкүлдөрү үчүн башка иш-чараларга жеткиликтүүлүк камсыз кылынат.
5-глава. Чет өлкөлүк ЖМК кабарчыларынын Кыргыз Республикасында жүрүүсүн легалдаштыруу жана визалык маселелер
26. Аккредитациялоого макулдук алган чет өлкөлүк кабарчыларга кирүү жана чыгуу визалары тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык берилет.
27. Туруктуу аккредитацияланган чет өлкөлүк кабарчы убактылуу алмаштырылган учурда (өргүү, оору, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш сапар мезгилинде ж.б.) алмаштырууга келген кабарчыларга кирүү жана чыгуу визалары Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө берилет.
28. Кыргыз Республикасы менен тиешелүү эки тараптуу келишимдери же макулдашуулары бар чет мамлекеттердин туруктуу же убактылуу аккредитацияланган ЖМК кабарчыларына, эгерде башка эки тараптуу макулдашуу болбосо, Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талап кылынган документтер берилген учурда көп жолку кирүү жана чыгуу визалары берилет.